3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Дайыма жарашыктуу кийине билген Аида бүгүн да өзгөчө сулуу экен. Узун чачы жел болгон сайын туш тарапка серпилип жатканы ого бетер көрк берип турду. Эки студент сейилдеп жөнөштү. Аида Шерзат менен ар кыл темада сүйлөшүп, тамашага да салып жатты. Анын жөнөкөйлүгүнөн тарта окуудагы жаңылыктарын да билип алды. Шерзат Аида өзүнөн бир эле жаш улуу экенин билгенден кийин өзүн оңтойлуу сезип баштады. Бир жаш – тең жаш. Чырайлуу кыз менен сейилдегенде убакыт кантип өтүп кеткенин баамдабай калды. Күүгүм кирип калганда гана Аиданын үйүнө карай бет алышты. Ал шаардагы кичи райондордун биринде турат экен.
– Мени узатып койгонуңа ыраазымын. Рахмат сага.
– Сени менен убакыт кантип өткөнүн билбей калыптырмын.
Экөө бири-бирин тиктеп, бир нече убакытка унчугушкан жок.
– Жакшы эс ал. Мен анда бара берейин.
– Болдубу?
– Эмне болдубу?- Аиданын бул суроосуна Шерзат чындап түшүнбөй калды.
– Менин телефон номеримди сурабайсыңбы?
Шерзат эмне дээрин билбей, бир чети уялып кетти. Айылдык балада кайдагы телефон? Анысын эртеден бери билдирбей келе жаткан болчу. Телефону болсо номерин сурайбы?..
Шерзат Аиданын номерин колуна жазып алды. Жатаканасына келе жатып, бүгүн бокс залына бара турган болбоду беле, эми гана эстеди. Аида менен бардыгын унутуп койсо болчудай экенин ойлоп, өзүнчө жылмайып алды. Бүгүн болбосо эртең барам деп койду ичинен.

ххх

Бир күндөн кийин гана Шерзат спорт залга барууга камданды. Рюкзагына керектүү кийимдерин алып, кеч кирип калганда жатаканасынан чыкты. Эшикте Нурдин күтүп турган. Экөө чогуу залга киришти. Бул күнү балдар азыраак көрүндү. Көпчүлүк жаңы эле келип, чечинүүчү жайда экен.
– Азат Эркинбаевич, бул бала да машыгат.
– Эми экөөңөр болдуңар. Силерге ыңгайлуу болот. Салмак категорияңар да бир окшойт. Атың ким?
– Шерзат, агай.
– Анда бүгүнтөн баштап машыгууга үзбөй келип турсаңар болду. Азыр университетти айланып чуркайсыңар. Бир сыйра денеңерди жибиткиле.
Шерзат бул агайды бир жерден көргөндөй болду. Ооба, Азат Эркинбаевич университетте дене тарбиядан сабак берет эмеспи. Арыгыраак келген агайды эч ким бокс боюнча машыктыруучу деп ойлобосо керек.
Күшүлдөп чуркап келген Нурдин менен Шерзатка агай бүгүн өзү көңүл буруп жатты. Эми аларга мушкердин башкы турушунан тарта соккулар кандай туура узатыларын көрсөтүп берди. Экөө көрсөтүп бергенди кызыгуу менен аткарып, бири-биринен кем калышпай жасап жатышты. Бара-бара залдагы адамдар көбөйдү. Азат Эркинбаевич рингдеги Эрмек менен иштеп баштады. 4-курстун студентин Универсиадага даярдап баштаган. Улуттук университеттин атынан жок дегенде бир мушкерди чыгарып, Дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери менен тең тайлаша атаандаш кылып даярдоо керек. Өлкөнүн бардык ЖОЖдору арасындагы мелдеште татыктуу мушкерлер өнөр тартуулайт. Андыктан уят болуп калбоо керек эле. Эрмектин машыгуусу кызуу болуп жаткан учуру эле. Ал Нурдинди көрөр замат сууга жумшады. Ал суусун даярдап, рингге чуркады. Эрмек Нурдинге кайрылып:
– Машыгууга келип жатканыңа канча болду?
– Бир айдай болуп калды.
– Кел анда, спаррингге чык. Мени бир жумага жеткирбей эле спаррингге чыгарып жиберишкен.
Эрмекке жок десең деле баары бир. Анын айтканын кылуу керек. Нурдинге мээлейди байлап берип, башына шлемди өзү кийгизди. Бул даярдык үчүн деп, алаканы менен баштан ары чаап койду. Өзү да бат эле даяр болуп, рингге чыгышты. Шерзат аралашкан жок, эмне кыларын билбей жөн гана карап турду. Калган балдар Эрмек менен Нурдиндин беттешине кызыгып калышты. Азыр Нурдин бирди көргөнү калды деп күбүрөнүп калышты. Арасынан бири беттешти жарыялап жибергенге жетишти: “Баарыңар көрүп калгыла! Көк бурчта 1-курстун мыкты мушкери болууга аракет кылып жаткан Нур-р-рдин! Кызыл бурчта Улуттук университеттин мыкты мушкери, учурдагы чемпиону Эр-р-рмек!”
Азат Эркинбаевич буга азырынча аралашпай коё турууну чечти. 1-курстун балдарынын кыялын, намысын текшерүүгө жакшы жагдай болду. Эмнеге жарайт экен деп рингден алысыраак карап турду.
Эрмектин бою Нурдинден узун деле эмес. Бирок анын кыймыл-аракети 3 жылдык тажрыйбасы бар экендигин көргөзөт...

(Уландысы кийинки санда)

 

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
legion-arbat
2017-04-24 09:09:12
Биринчи
-1
mambet25
2017-04-24 09:50:18
Шерзат рингке качан чыгат,ошону бир кызыгып окуйт элем да
0
Dilbaranurdinova
2017-04-24 10:48:27
Анан нурдин утулуп Шерзат чыкты да шерзат Эрррмектин башын айланта бир соктуууу ......элдин баарынынт оозу ачылып бир саамга токтоп калышты...
+8
Eliza.nurjanovna
2017-04-24 12:06:44
Dilbaranurdinova,аны байкаган агайы бул балада талант бар экен деп ичинен ойлонуп калды. Эми универсадага Шерзатты даярдайын деп чечти деп коеюн
+7
originalkgz96
2017-04-24 17:10:26
шерзат универсиадага чыгат ко менин оюмча эрмектин ордуна
0
vip.aidan96
2017-04-26 00:24:04
Шерзат чыгып анан 3чу раунда нокаут болот
0
Patriot312
2017-04-26 08:36:06
Бул чыгарма китеп түрүндө барбы? Автору ким?
0
Dante
2017-04-27 22:18:49
Эртеси кайра шерзат шарапатка жоноду
0
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан