Атактуу жылдыздар тагынган зер жасалгаларды көргөн аялзатынын көзү жайнап кетери анык. Анан "муну ким жасаган, баасы канча?" деген сыяктуу суроолор келип чыгат. Эмесе 2009-жылы “Оскар” тапшыруу аземине барган жылдыздардын зер жасалгаларына көз салалы.
КЫСТЫРМА...
Мырзалар машинаны жубайынан да артык көрсө, айымдар зер жасалгаларды жолдошунан да жакын көрөт десек жаңылыштык болбос. “Кыздардын эң жакын курбусу – бриллианттар...” деп атактуу Мэрилин Монро айткандай, аялзатын алсыз кылган эң жакыны – зер жасалгалар.
Көпчүлүк кыздар ойлосо керек, мисалы, “балерина Анастасия Волочкованын зер жасалгалары эмнеге мынча көп? Ал сахнага чыккан сайын улам бир түркүн асыл жасалгаларды тагынат” деп. А чындыгында ал буюмдун баары балеринага тиешелүү эмес. Себеби Волочкованын "Longines" жана "Chоpard" фирмалары менен келишими бар. Ири суммада акча алган соң Настя айым аталган фирмалардын зер жасалгаларын жарнамалайт. Ошондуктан алардын гана асыл жасалгаларын тагынышы керек. Эгер Анастасия, алсак, “Tiffany & Co” үлгүсүнүн жасалгаларын тагынса, келишимди бузган болуп саналат. Мындай мисалдар жылдыздар арасында көп. Синди Кроуфорд, Пирс Броснан, Мартина Хингис жана Анна Курникова сыяктуу белгилүүлөр дүйнөгө таанымал “Omega” фирмасынын жүзү болуп саналышат.
Кейт Уинслетт бул жылы мурункуга салыштырмалуу аябай “женственно” кийинип келген. Ал эми тагынган зер жасалгалары “Chopard” фирмасыныкы экенин эч ким адашпай айтат. Себеби Кейт аталган компаниянын жасалгаларын жактырып, башкаларга алмаштырбай келет.
Бардык жактан өзүнө камчы салдырбаган жылдыз Анжелина Жоли бул жылы суйкайган сулуулугуна төп келишкен “Lorraine Schwarz” фирмасына таандык изумруд таштуу сөйкө менен шакек тагынып келген. Изумруддун жашыл өңү Жолинин жашыл көздөрүнө куп жарашып, табити жогору экенин дагы бир ирет далилдеген.
Музейдеги түн-2" тасмасынан таанылган актриса Эми Адамс башкалардай болуп кулагынан баштап манжаларына чейин зер жасалгаларды тизип алган эмес. Моюнундагы бриллиант, изумруд, сапфир жана рубинден жасалган “Fred Leighton” фирмасынын асыл буюмун көргөн адам Эминин кулагын же манжаларын карабай көзү токтоп калат.
ЭҢ АТАКТУУ ЗЕРГЕРЛЕР
Дүйнө жүзүндө зер жасалгалардын баасы анын металлына же ташына, же өзгөчө дизайнына карата коюлбайт. Көбүнчө зер буюмдун баасы аны жасаган кайсы атактуу зергердин кол ишине таандык экенине карап, анан коюлат. Төмөндө "алтын колдуу" 4 зергердин тизмеси:
Луи Картье – легендарлуу зергерлердин бири. Анын дизайны менен жасалган асыл жасалгаларды олигархтар менен жылдыздар тагынып келишет. Бүгүнкү күндө анын жасалгалары “Cartier” үлгүсүндө чыгат. Ал Тринин деп аталган шакек менен таанылган. Шакектин өзгөчөлүгү – бир оромосу ак, экинчиси сары алтындан болгон.
«Tiffany & Co» – Аталган фирма Чарльз Льюис Тиффаниге таандык. Ал ишкерликти кадимки эле кагаз сатуудан баштап, акырындап бүгүнкү ишине өткөн. Учурда Тиффанини “алмаздын падышасы” деп атап келишет. Албетте, "падышанын" баасы да атына жарашкан. «Tiffany & Co» үлгүсүнүн эң кымбат бриллианты учурда Нью-Йорктогу башкы дүкөндө сатыкта турат. Ал 128, 54 караттык бриллиант «Тиффанинин сары алмазы» деп аталат.
Карл Фаберженин (“Karl Faberge” үлгүсүндө зер буюмдар) атынан чыккан зер буюмдар тууралуу уксаңыз керек. Ага орус падышасы Александр III кайрылып, жубайына оригиналдуу белек ойлоп табуусун өтүнгөн. Ошондо Карл Пасха жумурткасына окшогон зер буюмду жасап берген. Бул белек ханышага жагып, жыл сайын ар түрдүү мааракелерге карата заказ кылып отуруп, 50 жумуртка жасаткан. Фаберженин аты ошондон улам белгилүү болуп кеткен.
Швейцариянын “Chopard” компаниясы 1860-жылдан бери иштеп келет. Анын негиздөөчүсү Луи-Улисс Шопард деген инсан болгон. “Chopard” компаниясы алгач чөнтөк саатты сатыкка чыгарган. 1912-жылы Орусиянын падышасы Николай IIнин колуна Шопарддын сааты тиет. Падыша сааттын жасалгасын, оригиналдуулугун баалайт. Ошондон тарта аталган компаниянын аты чыккан.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg