26 ЖАШТАГЫ КЫЗ АЙЫЛДАШЫН БЫЧАКТАП САЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

2017-жылдын 9-апрель күнү Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 16:45тер чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган Жети-Өгүз РИИБинин ыкчам тобу маркум киши колдуу болуп каза тапканын аныкташкан. Маркум ал үйдүн ээси, 1961-жылы туулган Мелис Дардиев аттуу жаран болуп чыккан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, үйдүн ичиндеги кан болгон буюмдар, бычак далил буюм катары алынган жана ичимдик ичилгендиги байкалган.

"ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА"

Бул окуя боюнча Ысык-Көл РИИБинин башчысынын орун басары Талант Ашыралиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Окуя болгон күнү эле кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган аталган айылдын тургуну Б.А. аттуу кыз кармалган. Азыркы учурда анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Маркум Мелис Дардиев үй-бүлөсү менен ажырашып, үйүндө жалгыз жашап жүргөнү белгилүү болду. Айылдаштарынын айтымында, кээде спирт ичимдиктерин ичип коюп жүрчү экен. Ал эми шектүүнүн ата-эне, бир туугандары жок, өзү балдар үйүндө чоңойгон. Кызыл-Суу айылында жашап, туруктуу иштеген жери болгон эмес.

"БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП, ҮЙДӨН КАЧЫП КЕТТИМ"

Кылмышка шектүү Б.А. тергөө учурунда көрсөтмө берип, бул кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүдөй түшүндүргөн:
– 8-апрель күнү түнкү саат 12лерде Мелис байке экөөбүз спирт ичимдигин ичип отурганбыз. Бир убакта ал мени зордуктоого аракет жасады. Каршылык көрсөтүү үчүн столдун үстүндө турган бычак менен сайып, үйдөн качып чыгып кеттим.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
aman0296
2017-04-24 11:58:44
Озу прекрасно билген тундо эмне болорун.
+7
anarabakytova
2017-04-24 12:20:23
Ал Мелис байке менин тайкем болот! Эч кимге зыяны жок жакшы адам болчу! Жакшынакай 4 баланын атасы! Кыздар озубуз куноолу болобуз! Чон эркек киши менен арак ичкени баратканад ал кыз эч нерсени ойлобоптурбу?! Жаткан жери жайлуу болсун!
+6
Nora
2017-05-01 06:14:22
anarabakytova,

kandaicha taiaken bolot, tuugan urugu jok dep atyshat goo.
0
Nora
2017-05-01 06:17:10
anarabakytova,

aa ok shektuunun tuugan urugu jok turbaiby, kechiresin.
-1
pero123
2017-04-24 13:15:50
эми ким ичет экенсиң аракты түн жарымда
+1
Bermet_Kasymova
2017-04-25 09:23:53
кечинде озунун атасындай киши м.н арак ичип олтуруштун озу болбосо керек
+2
ziko_kt
2017-04-25 20:07:55
Кыз кызындай неме экен кантсе да. Олгон озунун шору, азыр 90-жж. аракка малынган кыргыз жок, акылы жеткени эбак эле намаз окуп, бала чака деп калды, копчулук. Ал эми кызга, эми не дейбиз, озу балдар уйунон болсо, соз деле жок, кээ бир балдар уйунон чыккандар тетирисинче, ото тын, максатты чон коюп, бекем уй було кутуп, баркына жетип жашашат. Ар бир адамдын озунон эле го дейм, айтор.
+1
nurai8894
2017-04-26 13:30:53
Кайда баратабыз???
0
Bad-boy
2017-04-26 13:50:18
Эми ким менен ичет экенсиң аракты... Түнү чоң киши менен арак ичкени барган ичкенден кийин секс болоорун билген бул кыз соо эмес... Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
+1
azimova90
2017-04-26 19:39:49
Спирт ичсен карап отурмак беле атандай болгон киши менен.
+1
Aizakub
2017-04-27 14:32:00
Ар бир пенденин журогуно терен ыйман берсин Жаратканым!
0
ilyaz.
2017-04-27 17:25:44
Бутуна же колуна сайсан ошол адам олбой калмак анан сен камалбайт болчун! Ошондо дагы терпиланын ишин кылбаса.
+1
attokur91
2017-04-27 22:55:49
Көк мээлер
0
Best.bakyt
2017-04-29 08:37:07
Зордуктаганга аракет кылды деген жон гана озун актаган созу. Тунку 12ге чейин чогуу арак ичип журсо,чогуу жатып туруп эле жургон неме да. Бул жерде тек гана арактын чыры болгон.
+1
langar
2017-04-29 15:56:24
сен озун баратбайсынбы ал жерге емне болорун билип туруп
+1
temirov.2013
2017-04-30 11:42:43
менин оюнча балдар уйунон чыккандан кийин буларды ар тарапка жайып ийбей колдоо корсотуп туура багыт беруу керек. ошондо кичине болсо да буга окшогон кылмыштар азайып жаштар оз ордун табаар беле
+1
baltabai
2017-04-30 19:25:53
Meesi jok
0
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан