"Элдик парламенттин" мүчөлөрүн 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу сот өкүмү чыкты. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарды. Ага ылайык, Дастан Сарыгулов 4 жылга, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров 12 жылдан эркинен ажыратылды. Мындан сырткары Эрнест Карыбековдун мүлкү конфискацияланып, бир нече берене боюнча 20 жылга кесилди. Алар "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу", "өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча айыпталып, күчөтүлгөн тартипте жазаларын өтөшөт. 70 жаштагы Дастан Сарыгуловдун жазасы үч жылга шарттуу түрдө деп эсептелди. Оппозициялык саясатчылардын адвокаттарынын айтымында, алар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышат.
Маалымат үчүн: Сарыгулов, Асанов, Кадыров жана Карыбеков 2016-жылдын жаз айларында кармалган. УКМК аудио жана видео сүйлөшүүлөрдү негиз катары көрсөткөн.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg