ЭЛ БИЙЛИГИ ОРНОДУ

ӨКМӨТ БАШЫНДА РОЗА АЙЫМДЫН КОМАНДАСЫ
8-апрелде Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү, белгилүү саясатчылар Убактылуу өкмөттү түзүштү. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалды. Бир эле учурда бул өкмөт президенттин да, парламенттин да милдетин аткармакчы. Р.Отунбаеванын орун басарлары болуп Алмазбек Атамбаев (жалпы экономика тармагына жооптуу), Темир Сариев (каржы жана насыя тармагын колго алат), Өмүрбек Текебаев (конституциялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырат), Исмаил Исаков (күч органдарын тейлейт), Азимбек Бекназаров (сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөйт) шайланышты.
Убактылуу өкмөттүн негизги милдети – учурда мамлекеттеги кооптуу абалды жөнгө салуу. Элге кайрылуусунда Роза айым убактылуу өкмөт жарым жыл ичинде алдыга коюлган негизги максаттарды, алсак, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, жаңы парламентти шайлоого шарт түзүү, тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү, сатылган стратегиялык ишканаларды мамлекетке кайтаруу жана башка иштерди аркалай тургандыгын билдирди.


ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ -
Убактылуу өкмөттүн башчысынын мыйзам иштери боюнча орун басары.

Акаевдик режимде да, бакиевдик режимде да оппозиция лидерлеринин сап башында келген саясатчы Өмүрбек Текебаев буга чейин облустук губернатордун орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, ЖКнын төрагасы кызматтарын аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын эң кубаттуу саясий партиясы “Ата Мекендин” негиздөөчүсү жана төрагасы.


ТЕМИР САРИЕВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын каржы жана насыя маселелери боюнча орун басары.

“Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси, белгилүү саясатчы. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2009-жылы Бирдиктүү оппозициядан чыккандыгын жарыялап, президенттикке өз талапкерлигин коюп, ат салышты.


АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын экономика тармагы боюнча орун басары.

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын негиздөөчүсү жана лидери. 2005-жылдагы төңкөрүштү ишке ашыргандардын бири. 2005-жылы Кыргызстандын Соода, өнөр жай жана туризм боюнча министри болуп дайындалып, 2006-жылы өз арызы менен кызматтан кеткен. 2007-жылы премьер-министрлик кызматка келип, ушул эле жылдын аягында кызматтан кеткен.


АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын сот жана прокуратура иштерин көзөмөлдөө боюнча орун басары.

ЖКнын экс-депутаты, 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Башкы прокурор кызматын аркалаган. Акаев бийлиги учурунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына тикелей каршы болуп, элди баштап чыккан. Акаев бийлиги камакка алганда Азимбек мырзаны абактан бошотуу үчүн уюшулган окуяда Аксынын 6 азаматы окко учкан.


ИСМАИЛ ИСАКОВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын күч органдарын көзөмөлдөө боюнча орун басары.

Экс-депутат, мурдагы Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы. Коопсуздук кеңешинде 6 ай иштеген соң Бакиев бийлиги менен иштей албасын айтып, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Оппозициянын катарына кошулган генерал И.Исаковго бийлик жалаа жаап, 8 жылга эркинен ажыраткан. 7-апрелдеги элдик ыңкылапта эл тарабынан абактан бошотулду.


КЫЗМАТ ОРДУН БОШОТКОНДОР:
Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызматынан кетти. Анын ордуна буга чейин Ислам институтун жетектеп келген Абдышүкүр ажы Нарматов кызматка келди.
Нурланбек Шакиев ЭлТР коомдук телеканалынын башкы директору кызматынан өз арызы менен кетти. Шакиев алгач өз чечимин билдиргенде жалпы эмгек жамааты кызматтан кетпөөнү суранышкан. Бирок Шакиев өз чечиминен кайткан жок. Тактала элек маалыматтар боюнча ЭлТРге жетекчиликке журналист Шайырбек Абдрахманов келиши мүмкүн.


ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР:

Болот Шерниязов - Ички иштер министринин милдетин аркалайт.

Дүйшөн Чотонов - Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат.

Кеңешбек Дүйшөбаев - Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткарат.

Дамира Ниязалиева - Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарат.

Иса Өмүркулов - Бишкек шаар башчысынын милдетин аткарат.

Эдил Байсалов - Убактылуу өкмөттүн башчысынын Борбордук аткаруу комитетинин аппарат башчысы.

Эмил Каптагаев - Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы.

Адыл Эсенбеков - Нарын облусунун губернатору.

Карамат Орозова - Баткен облусунун губернатору.

Кушбак Тезекбаев - Ош облусунун губернатору.

Камчыбек Ташиев - Жалал-Абад облусунда митингге чогулгандар элдик губенаторлукка К.Ташиевди көрсөтүштү. Бирок убактылуу өкмөт беките элек.

Шералы Абдылдаев - Талас облусунун губернатору.

Кубат Оторбаев - УТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат.

P.S. Өкмөттүн курамы жакынкы күндөрү толукталмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Debi
2010-04-16 15:35:13
Сен элге жакшылыгынды башкага асылбай эле кыла берсен болбойбу, чындап куйгон киши болсон. Алардын туура эмес ишин коруп жатасынбы, далилдеп чык. Далилдеп чыкпай туруп айтылган создор сени жон эле жалган жалаачы кылып койот да.
0
umaya
2010-04-16 19:47:12
ushulardyn arasynda Kyrgyzstandy orkundoto ala turgan 2 ele adam bar(Ismail Isakov,Roza eje),kalgany baary ele kayra ketkichekti chontoktorun tolrura alayin dep jantalashyp kelgender!!!korosunor ekoonu ten kalgan 'gienalar'kiyinirek kisip chigarip jiberishet,"bezge koburok jetsin" dep.
0
kyrgyzka
2010-04-16 23:22:51
Jalan ACH KARYSHKYRLAR keldi builikke kydai ozyn ele sakta kichinekei mekenibizdi.
0
nurhan
2010-04-16 23:25:00
"Ак ийилет,бирок сынбайт" Бакиевке жалган жалааларды жаап,бийликтен айдагандарды Кудай жазалайт,кимдин айыбы бар?кимдин айыбы жок?баарына Тенирим кубоо,бийликке жаны келгендер "беш кундук" дуйнонорду ойлобой,акыретти да кичине ойлосонор!
0
nurhan
2010-04-16 23:37:47
Ай,ушулардын баары биригип,бир бычакка сап болоорго жарабайт!!Кор болбогула кыргыздар,Бакиевдин кылган иштерин корбой кайсы козунор менен азыркы бийликтин жакшы жагын,келечегин коруп жатасынар?!!Кыйрата турган болуп баары эле купулдойт,максаты бироо гана баарынын"кресло","Келме кезек ,терме тезек" деген экен бир акылман!
0
almasbek
2010-04-17 02:58:09
президент болуп россиядан Алиев келет
дейт.
0
Садыр
2010-04-17 16:24:53
ошол Алиев президент болгону жакшы Кыргызстанга, кантсе да Путиндин учениги, антпесе онолбойт Кыргызстан!!!
0
Debi
2010-04-17 17:38:05
Озубуздон эле болсун, бизди билген. Озубуздун деле уучубуз куру эмес, Кудайга шугур. Бакиевге окшоп напсинин кулу болуп, шерменде болушпаса экен деп эле тилеп туралы.
0
nurhan
2010-04-17 22:40:37
Ой мобу Болотбек Шерниязов,ИИМдин министири болуп туруп, милициялардан келтек жептир го бугун Жалалабадда,кызыык...Калгандарын эмне кутоор экен?...
0
almasbek
2010-04-18 01:27:59
менда уктум сабаганын.
жанылыктарды кузотсом эчтеке айтпады
ЭРКЕК милиционерлер экен
0
italia
2010-04-18 01:55:17
минура сен бакиев деп жазгандан тажабайсынбы е?
0
nurhan
2010-04-18 13:13:26
Алмазбек,сен да кызык экенсин ай,булар КТРди Кыргызстандагы бут каналдарды басып алса кайдан корсотмок эле?байкуш Болотбек аран министирликке жетип жетелек ушундай болуп отурат да...Милиционерлерден келтек жеп отурса бул эми кантип КР МВДга башчы болот?
0
Debi
2010-04-18 13:13:54
Алмазбек, Нурхан
силерге ошол керек болуп жаткан да ээ, пейлинерден таап атканынар аз болуп жатса дагы табасынар, койо тургула
0
chingiz
2010-04-18 21:18:00
Urdum UWULARDYN BAARYN, baary ten kalpele eldin atynan 4ygyp oz kyzyk4ylyktaryn kozdogondor! Adam baary bir a4koz bolot!
0
info
2010-04-19 09:07:22
Урматтуу окурмандар, бул жерде макалага гана пикирлеринизди билдирсениздер. Ал эми талкууну форумдун тиешелуу болумдорунон кылсаныздар болот.
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан