КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ИЧКИ РЕСУРСТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ

Азыркы учурда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесине көбүрөөк көңүл бурулууда. Бул бардык курактагы адамдарга керек. Себеби сабаттуулук кардарлардын эртеңки кирешеси менен чыгымдарынын эсебин жүргүзүүдө негизги багыт болуп жергиликтүү карапайым калкты каражатты орундуу, туура пайдаланууга даярдап, акча ресурстарын башкара билүү, келечекти пландаштыруу, акчаны үнөмдөө жөндөмдүүлүгүнө ээ кылат. Гезитибиздин бул санында Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы акча бирдигинин калыптанышы жана аларды айландыруу жолдору тууралуу маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Чалбаев Сейтек Азатович менен байланышып, аталган темада баарлаштык.

– Сейтек Азатович, коммерциялык банктарда ички ресурстар кантип тартылат, анын инструменттери жана механизмдери тууралуу маалымат берүүдөн маегибизди баштасак.
– Ресурстарды тартуу коммерциялык банктардын артыкчылык багыты жана ишмердигинин негизи болуп саналат. Банк тутумунун башкы функциясы чарба жүргүзүүчү субъекттердин каражаттарын мобилизациялоого көмөк көрсөтүү, аларды натыйжалуу пайдалануу багытында кайра бөлүштүрүү менен бирге кыйыр түрдө жалпы инвестициялардын массасы жана экономикалык потенциалынын өсүшүн арттырууга мүмкүндүк берет. Банктын депозиттерди жана банктар аралык насыяларды тартууга болгон жөндөмдүүлүгү рыноктун башка эки катышуучусу тарабынан банктын башкы критерийи катары саналат.
Бардык эле чарба жүргүзүүчү субъект катары коммерциялык банктар өз ишмердигин камсыз кылуу үчүн белгилүү бир суммада акча каражаттары жана материалдык активдер менен камсыз болушу керек, муну биз банктын ресурстары деп билебиз.
Коммерциялык банктын ресурстары – бул алардын өздүк капиталы жана фонддор, ошондой эле активдүү операцияларын өткөрүү үчүн пайдаланылуучу банктардын пассивдүү операцияларынын (депозиттерди тартуу боюнча операциялары) натыйжасында тартылган каражаттар. Пассивдүү операцияларга токтолсок, бул калктын жана юридикалык жактардын банктардан тартылган аманаттарды жана депозиттерди, башкача айтканда, ресурстарды тартуу менен байланышкан операциялар. Бул операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында коммерциялык банктар кредиттөө, баалуу кагаздарды сатып алуу жана башка активдүү операцияларды каржылоо үчүн керектүү каражаттарды алышат.

– Коммерциялык банктардын ресурстары кайсы каражаттардан келип куралат?
– Коммерциялык банктардын ресурстары өздүк жана тартылып келинген каражаттардан турат.
Банктын өздүк каражаттарынын курамына уставдык (акционердик) капитал, таза пайданын эсебинен куралган банктын фонддору (резервдик, камсыздандырылган жана башка), коммерциялык банктын жыл аралыгында бөлүштүрүлө элек таза пайданын бөлүгү кирет.
Коммерциялык банктардын тартылган каражаттары – бул депозиттер жана аманаттар, башкача айтканда, кардарлардын, жеке адамдар жана юридикалык жактардын банкка тапшырган акча каражаттары.
Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар депозиттердин ар кандай түрлөрүн сунушташат.
Айта кетсек, депозиттердин төмөнкүдөй түрлөрү бар: сактык, толукталуучу жана эсептик.

  • Сактык депозиттер – жарандар өз каражаттарын банктарда, башка кредиттик мекемелерде сактоо жана бара-бара чогултуу максатында жайгаштырышат.
  • Толукталуучу депозиттер – каражаттарын көбөйтүүнү каалаган кардарлар үчүн каралган.
  • Кардарлардын эсептериндеги каражаттардын калдыктары банктарды кем эмес кызыктырган пассив болуп саналат, анткени банк бул каражаттарды дээрлик акысыз колдоно алат.

Депозиттик эмес тартылган каражаттар – банктык кредит түрүндө же акча рыногунда өз карыздык баалуу кагаздарын сатуу аркылуу алынган каражаттар кирет (банктар аралык кредит рыногунда карыздарды алуу, баалуу кагаздарды сатып алуу жана кайта сатуу келишими аркылуу алуу, векселдерди эсепке алуу, Улуттук банктан кредиттерди алуу, облигацияларды чыгаруу жана башка).

– Калктын банк системасына болгон ишеними жогорулагандыгын далилдеген банк системасынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп кетсеңиз.
– 2017-жылдын 1-мартына карата банк системасынын депозиттик базасы 105,9 миллиард сомду түздү, анын ичинде жеке адамдардын депозиттери
53,2 миллиард сомду же жалпы депозиттик базасынын 53,2 пайызын түзөт, юридикалык жактардын депозиттери 46,5 миллиард сомду же 43,9 пайызды, ал эми резидент эместердин депозиттери 6,2 миллиард сомду же жалпы депозиттик базасынын 5,9 пайызын түзөт (1-сүрөттө берилген).
Белгилей кетчү нерсе, 2017-жылдын 1-мартына карата банк секторунун депозиттик базасы 2012-жылга салыштырганда 55,2 миллиард сомго көбөйүп, 2 эсеге өстү (1-таблицада көрсөтүлгөн).
Банк секторунун депозиттик базасынын ИДПга карата катышы 2017-жылдын 1-мартына 21,9 пайызды түздү. 2012-жылы ушул эле көрсөткүчтүн мааниси 16,3 пайызды түзгөн.
Жеке адамдардын депозиттеринин юридикалык жактардын депозиттерине салыштырмалуу жыл сайын алдыга озуп өсүшүнүн туруктуу динамикасы калктын банктык системага болгон ишениминин жогорулап жаткандыгынан кабар берет.
Келечекте актуалдуу багыт катары коммерциялык банктардын элдин ички аманаттарын банктык системага тартуу ишмердигин улантуу аркасында кирешелүү активдерге жайгаштыруу булактарын колдонуп, тартылган аманаттарды кредиттөөдө, ошондой эле накталай эмес жана чекене төлөмдөрдү, жаңы банктык продуктуларды өнүктүрүү үчүн колдонулат деген ишеничтебиз.

– Банк тутумунун уставдык капиталынын жалпы көлөмү канча жана ал каражат банк системасынын туруктуулугун камсыздай алабы?
– 2017-жылдын 1-мартына карата абал боюнча, банк системасынын төлөнгөн уставдык капиталы 19,1 миллиард сомду түзүп, 2012-жылга салыштырганда дээрлик 2 эсеге өскөн.
2016-жылы банк системасынын таза суммардык капиталы 2015-жылга салыштырганда
2,2 миллиард сомго же 8,0 пайызга көбөйдү, ал эми тобокелдикти камтыган активдери 3,0 миллиард сомго же 2,5 пайызга азайды.
Банк сектору боюнча таза суммардык капиталынын жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчү белгиленген 12 пайыз ченемдик маанисинде 24,8 пайызды түзүп (2015-жылдын акырына – 22,4 пайыз), ченемдик деңгээлин олуттуу ашып түшкөн. Бул көрүнүш банк системасынын сунушталып жаткан финансылык кызматтарын кеңейтүү үчүн потенциал бар экендигинен кабар берет.
2017-жылдын 22-июнунда күчүнө кире турган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, иштеп жаткан банктар үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленген:
2017-жылдын 1-июлуна чейин – 500 миллион сом;
2018-жылдын 1-июлуна чейин – 600 миллион сом.
2017-жылдын 1-июлуна карата уставдык капиталынын деңгээли 500 миллион сомдон төмөн болгон банктардын капиталынын көлөмүнүн көбөйүшүнүн жыйынтыгы менен банк системасынын уставдык капиталынын өлчөмү 19,9 миллиард сом деңгээлине чейин же 4,4 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

– Коммерциялык банктардын ресурстук базасын түзүүнүн кандай принциптери бар?
– Ресурстук базаны түзүүнүн негизги принциптери болуп банктын ишмердигин жүргүзүү үчүн өздүк капиталынын жетиштүүлүгү принциби жана банктын мобилизацияланган ресурстарынын өзгөчөлүгүнө банктык активдеринин мүнөздүү шайкештик принциби кирет. Дал ушундай принциптер коммерциялык банктын ресурстук базасынын өзгөчөлүгүн жана аны түзүү өзгөчөлүктөрүн кыйла толук чагылдырат. Бул принциптердин негизинде түзүлгөн ресурстук база банктын ликвиддүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылат.
Коммерциялык банктын ресурстук базасынын абалы, биринчиден, банктын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө анын кардарларынын, башка банктардын жана аманатчылардын баасын чагылдырат. Экинчиден, банк тарабынан кардарларды тейлөө сапатынын индикатору болуп эсептелинет. Үчүнчүдөн, банктын баа саясатын мүнөздөйт, башкача айтканда, банктын жетекчилигинин банктык кызмат көрсөтүүлөргө болгон рыноктук баалардын өзгөрүсүнө татыктуу жооп кайтара билгендигин далилдейт.

Коммерциялык банктардын депозиттик базасынын структурасы

2017-жылдын 1-январына карата депозиттик базасынын структурасы

  • Резидент эместердин депозиттери; 5,5%
  • Жеке адамдардын депозиттери; 49,2%
  • Юридикалык жактардын депозиттери; 45,3%

2017-жылдын 1-мартына карата депозиттик базасынын структурасы

  • Резидент эместердин депозиттери; 5,9%
  • Жеке адамдардын депозиттери; 50,2%
  • Юридикалык жактардын депозиттери; 43,9%

Коммерциялык банктардын депозиттеринин көлөмү (мезгил акырына карата, миллион сом)


Банк тутумунун уставдык капиталынын, депозиттик базасынын жана кредиттик портфелинин динамикасы (миллион сом)

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 755, 21-27-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан