Ак кайыңдын ширеси табылгыс дары экенин билгендер жаз келери менен желим бөтөлкөлөрдү көтөрүп, кайыңдардын түбүн акмалап калышат. "Бала кезибизден бери эле жыл сайын кайыңдын ширесин ичебиз",- деген Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын 71 жаштагы тургуну Алмазбү Медерова токойдогу кайыңдын ширесин кантип алууну жана кандай дарылык касиети бар экенин айтып өттү.
– Алмазбү апа, ак кайыңдын дарылык касиети менен бала кезиңизден бери тааныш экенсиз. Ширесин кайсы мезгилде алуу керек?
– Талас токоюндагы ак кайыңдар 1960-1970-жылдары колхоз башчысы Рысбек Айдаралиевдин демилгеси менен тигилген. Негизи ак кайың турган турушу менен эле көп ооруга даба. Мисалы, жаз келери менен эл ширесин ичип, бүчүрүн, жалбырагын, бүрүн (почка) чогултушат, шагынан мончого деп шыпыргы даярдашат. Жөн эле астында отуруп эс алгандын да пайдасы зор. Угушума караганда, кайың дарагы жайында, күзүндө жер кыртышынан керектүү өлчөмдө ным, пайдалуу заттарды соруп, жазында ошол азык-заттар жалбырак пайда болушу үчүн өйдө көздөй жылат экен. Ошондуктан жаз келери менен анын ширесин чогултуп иче баштайбыз. Аба ырайына карата ширени марттын ортосунан баштап апрелдин аягына чейин чогултууга болот. Шире өзү таттуу, ичкенге аябай жагымдуу. Учурда кайыңдын дарылык касиетинен пайдаланып калалы деп чай, суунун ордуна өзүбүз да, балдарга да ичирип жатабыз. Чогултуп туугандарга да салып жиберебиз.
– Ширени чогултуунун өз эрежелери болсо керек?
– Албетте, өз эрежелери бар жана аны сөзсүз сактоо керек. Алгач дарактын кабыгын баш бармактын эниндей кылып акырын бычак менен тилип көрөбүз. Эгер ошол жерден суюктук ага баштаса, демек, ширесин ала турган маал келип калган болот. Анан ошол жерге желим бөтөлкөнү байлап, чогултуп алабыз. Айрымдар көп шире алуу үчүн бир эле дарактын бир нече жерин тилип салышат. Бул туура эмес. Дарак бат куурап калышы мүмкүн. Ширени алып бүткөндөн кийин сөзсүз тилген жерге чайырдан сүйкөп бекитүү зарыл.
– Кайыңдарды четинен эле тиле бербесеңиздер керек?
– Негизинен экологиялык жактан таза жерде өскөн кайыңдын ширесин гана алуу сунушталат. Себеби кайың абадагы зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү. Анан дарактын жашын, көлөмүн эске алуу керек. Жаш кайыңдын ширеси жарабайт.
– Башка жактардан да келип ичишеби?
– Союз маалында Өзбекстандан, Орусиядан бери келип ичип кетишчү. Азыр да чет өлкөдөн туристтер келип турушат. Негизи элдик медицинада кайыңдын ширеси өпкө ооруларын, артрит, бронхит, тери ооруларын, безеткини айыктырууда колдонулат.
Абдубакир Ибраимов, КММАнын терапия кафедрасынын доценти: "АК КАЙЫҢДЫН ШИРЕСИ ПАЙДАЛУУ ЗАТТАРГА БАЙ"
– Ак кайыңдын ширесинин, бүрүнүн, жалбырагынын пайдасы медицинада кеңири изилденген. Ширеси бөтөлкөлөргө куюлуп дүкөндөрдө сатылса, косметика өндүрүшүндө бүрүнөн, жалбырагынан лосьон, крем, майлар алынат. Ширенин курамында фруктоза, органикалык кычкылдар, А, С витаминдери, микроэлементтер жана башка пайдалуу заттар көп болгондуктан, көп ооруларга даба.
ШИРЕНИН ПАЙДАСЫ
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg