Алмазбек Атамбаев: “АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМ ЭЧ КАЧАН ТҮПТӨЛБӨГӨНДӨЙ КЫЛАБЫЗ”

Оппозиция лидерлери парламенттин таратылгандыгын жана мамлекеттик функциялардын баарын жаңы түзүлгөн Убактылуу өкмөт аркалай тургандыгын жарыялашты. Мамлекетте болуп жаткан кырдаал жана жаңы бийликтин алдыга койгон пландары тууралуу Убактылуу өкмөттүн вице-премьери Алмазбек Атамбаев “Эркиндик” радиосуна төмөнкүчө маалымдайт.

– Учурда Бишкек шаарындагы кырдаалды ким көзөмөлгө алып жатат?
– Мамлекеттеги кырдаалды толугу менен жаңы түзүлгөн өкмөт колуна алды.
– Сиз кырдаалды өкмөт көзөмөлгө алгандыгын ишенимдүү айтып жатасызбы? Көчөлөрдө талап-тоноочулар тынчтаныштыбы?
– Учурда шаар ичи тынч, бирок кооптонуулар бар. Бакиевдин бандиттери провокация кылышы мүмкүн деп күтүп жатабыз. Себеби шаарга куралданган адамдарын коё беришиптир.
– Алар ким аркылуу шаарга коё берилишкен?
– Митингге чыккан эл Ак үйдүн жанында тынч митингге чогулуп, “Бакиев кетсин!” деген ураандарды айтып жатышкан. Анан элге каршы ок атылды. Снайперлер тарабынан 70тен ашуун адам өлтүрүлдү. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү, куралсыз адамдарга ок атууга буйрук берген, ал буйрукту ишке ашырган адамдардын колунан азыр оңдуу иш келеби?
– “Бул өлүмдөрдүн артында Курманбек Бакиев өзү турат” деп айтууга сизде ишенимдүү далил барбы?
– Бизде Курманбек Бакиев отурган Ак үйдүн чатырынан снайперлер ок аткандыгы тууралуу далилдер бар. Силер кандай ойлойсуңар, аткыла деп аларга ким буйрук бериши мүмкүн?
– Расмий түрдө азырынча Кыргызстандын президенти же эми экс-президент дейбизби, Курманбек Бакиев “Москва жаңырыгы” радиосуна берген маегинде өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп бербесин билдириптир. Чын эле ушундай болсо, оппозициянын иш-аракети кандай болот?
– Андан эч ким “бийликти расмий түрдө өткөзүп бер” деп суранбайт. Кыргыз эли аны канкор деп эсептеп, сот алдында тиешелүү жазасын алсын деп талап кылып жатат. Бүгүн каза тапкандардын миңдеген туугандары келишти. Алар Бакиевдин соттолушун талап кылышууда.
Сиздин оюңузча, кан төгүү менен бийликтин башка колдорго өтүшүн легитимдүү процесс деп айтууга болобу?
– Албетте, мындан ары деле чыдап, унчукпай жашай берүүгө болот болчу. Анда учурдагы режимдин чыныгы жүзүн жашырбай ачык айткандарды өлтүрүп, жоготууну уланта беришмек. Мына, мисалы, журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болду. Ондогон адамдар абакка камалды.
Ар бир эл өз тагдырын өзү тандап алат. Бирок кыргыздар илгертеден эркиндикти сүйгөн, өзүн сыйлаган эл. Эгер бул режим кулатылбай, бийлигин жүргүзө берсе, учурдагыдан да көп адам өлтүрүлмөк деп ойлойм.
– Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли мындан беш жыл мурун дал бүгүнкүдөй эле жол менен бийликке Курманбек Бакиевди алып келген эле. Эл жаңылдыбы?
– Элди каратып туруп алдап коюшту. Жеңишти элден уурдап алышты деп айтар элем. Эгерде Курманбек Бакиевдин беш жыл мурун эл алдында берген убадасын эске салсак, үй-бүлөлүк башкарууну жоймок. Бирок баарын теңирден тескери кылды. Ал басма сөзгө, телеге эркиндик алып келмек. Ал сөзүнүн да өтөсүнөн чыкпады. Коррупцияны жоём деген. Бирок коррупцияга белчесинен баткан режим түздү. Биз эми Кыргызстанда авторитардык режимди түзүүгө мүмкүнчүлүк болбой тургандай кылабыз.
– Убактылуу өкмөт буга кепилдик бере алабы?
– Баш мыйзамды өзгөртмөйүнчө парламенттик же президенттик шайлоо өткөрбөйбүз. Биз парламенттик республика түзүү чечимине келдик. Мындай өлкөдө бир адам бардык бийликти өз колуна топтоп, каалаганын жасай албайт. Бүткүл өлкө бир үй-бүлө үчүн иштеп да калбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
Chippolino
2010-04-17 02:44:26
nurhan, TY absolyutno PRAV !!!
0
almasbek
2010-04-17 03:27:23
nurhan
эми 14 + тууууууууугандары!!!!!!!!!
0
Tokmok
2010-04-17 03:54:41
nurhan: oruscha jakshy bilet ekensin makul korduk.Men English,German,Trk,French tilderinde suilosomda,bul jerge jazganym jok,suranych kyrgyzcha jazgyla! bul bir. Ekinchsi:Demonstrazia bizdele bolgon jok,akyikat uchun kuroshkon jerdin baardygynda ele otup jatat.El kunoolu emes,myndai bash alamdyka, biyilik kunoolu. Unchukbai otura berishse dagy aitasynar,koidoi bolup juro beresiner dep,chyndyka kuroshup chyksada tartibi jok deisiner.Aa tartiptuu mamleket kandai bolot, kaisyl jerde bar eken?Jada
0
Kyjal
2010-04-17 12:32:17
Kantip???
0
Садыр
2010-04-17 15:52:49
Nam teper mojno afrike pozavidovat...Ves mir razvivaetsya, a nashi idyt nazad...skoro na derevo zalezyt...beskyltyrnie, lenivie, bezgramotnie...i poka takoi narod, nichego ne bydet v Kyrgyzstane.
0
Debi
2010-04-17 17:09:08
Кыргызстандын онугооруно ишенем. Жакшыдан жаманды эмес, жамандан жакшыны таба билсек. Жакшы жагын шыктандырып, жаман жагын жарлык кылбай эле жойо билсек.(жаман жарасын корсотот болбой)ар бир адамга оз эли кыйын. менин да КЫРГЫЗ ЭЛИМ КЫЙЫН ЭЛ! Кочуп конуп жургон убактан отурукташкан убакка келгенибизге башкаларга салыштырганда кечээ эле келбедикпи. Бизде руханий байлыктар коооп! Али жаны ойгонуп келе жаткан мумкунчулуктор кооооп!
0
Debi
2010-04-17 17:14:05
Ай ушу "козу ачыктарды"... иш баштаганына 10 кун эми толду, баяле жиликтеп коюшту. бутту, олду, комду... кичине сабыр кылгылачы, бай болгурлар, "тонкоруш" кылганга жетишесинер, анча эле болуп баратса. Анын бетин ары кылсын дейличи. Жакшы тилек жарым ырыс.
0
Debi
2010-04-17 17:16:26
"Men English,German,Trk,French tilderinde suilosomda,bul jerge jazganym jok,suranych kyrgyzcha jazgyla! bul bir. Ekinchsi:Demonstrazia bizdele bolgon jok,akyikat uchun kuroshkon jerdin baardygynda ele otup jatat.El kunoolu emes,myndai bash alamdyka, biyilik kunoolu. Unchukbai otura berishse dagy aitasynar,koidoi bolup juro beresiner dep,chyndyka kuroshup chyksada tartibi jok deisiner.Aa tartiptuu mamleket kandai bolot, kaisyl jerde bar eken?Jada"
Сага кол чапкыладым, азаматсын, ушундай ада
0
Debi
2010-04-17 17:16:57
мдар коп болсо эле оңолобуз
0
nurhan
2010-04-17 22:56:53
Debi,Tokmok:
Ой,сен Азамат турбайсынбы!? ошончо кооп тил билесинби?!! Койго окшоткону учун ак уйдун мандайына айдап барышты го баарыны...
0
italia
2010-04-18 01:45:30
Эми ушу жактан да айтышып жатканыгыр уят баары бутуп эми силер еле калдынар еле. Азыркы маалда биз бирге болушубуз керек,анан бияка келип алып ким канча тилде суйлорун териштербей.
0
italia
2010-04-18 01:51:05
Мени кечиргиле бирок биз озубуздун билимсиздигибизди дагы бир жолу ушу жерден билдирип жатабыз кичине уялсанар боло я? Биримдикте бололучу Кыргыздар!
0
diya
2010-04-18 19:17:09
Эми эмне кыл дейсинер туугандар, болор иш болду боёсу канды дегендей, келечекти ойлонолу, биринчиден жердешчилик, тууганчылыкты туп тамырынан жоготсок ошондо онолобуз деп турам АМАН ЬОЛ КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
0
ЫРЫСКЕЛДИ
2010-05-11 09:25:04
Кудай кааласа,тундук туштук дебеген ортодон бир чон партия тузулот.Булардын жашы 25жаштан 40жашка чейинки жаш жигиттер жана кыздар.Булар С.Саюзунун нанын жеген эмес Акаев менен Бакиевдин нанын жеп чонойгондор.Кыргыз эли ушул партияны колдой алса,ошондо Кыргыз элинин жошоосу алдыга жылат.
0
ЫРЫСКЕЛДИ
2010-05-11 09:31:37
diya cенин тууган уругун жокпу?Тууганчылыкты кантип жоготобуз?
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан