«Кырсык каш-кабактын ортосунда экен», «Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч», «Өлгөндүн артынан көмгөн кылбайлы»... Мындай сөздөрдү укпаган кыргыз болбосо керек. Акыркы күндөрү жол кырсыгын жашообуздун айныгыс бир бөлүгүндөй кабыл алып, Совет мезгилинде ар бир жигит аскерди сөзсүз бир көрүп келгендей эле, учурда башынан аварияны өткөрө элек кыргызды табуу кыйын болуп калды.
«Айдоочулук күбөлүктү сатып алдыңбы же окуп алдыңбы?» деген собол төл суроого айланганына көп болду. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөнүн жараны муну укса, кыйлага чейин акылына сыйдыра албай кыйналмак. Сиз жок дегенде бир жолу болсо да «Айдоочулук күбөлүктү алуучу сынактан кулап калдым, эми кантем?» деген кыргызды көрдүңүз беле? Жок. Анткени бизде ал сынактан баары 100 пайыз өтөт, өтпөсө да өтө турган жолу табылат, эң оңой жана эң эле арзан баага. Анан кызылдай пулга келген айдоочулук күбөлүктүн ээси аң-дөңдү карабай, жол эрежесин уруп ойнобой, кандуу даңгыр жолго аттанат. Көп өтпөй, каш-кабактын ортосунда турган кырсыкка кабылып, ал көбүнесе адам өмүрүн алуу же соо адамды майып кылуу менен аяктайт. Күнөө эгер айдоочуда болсо, анын жакындары жабырлануучуларды жабыла издеп жөнөйт. «Мына, алдыңарга келдик, балабыз түрмөдө чиримек беле, кечиргиле...» Акчасы да белен, малы да. «Өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылбайлы» дешип, ымалага заматта келишет. «Жол кырсыкка күнөөлүү болуп, ал түрмөгө отуруп калды» дегенди уктуңуз беле? Ооба, бирок чанда. Көбүнчөсү «тил табышыптыр, кечиришиптир» дегенди угасыз. Жабырлануучулардын эбин табуу кыйын болсо, укук коргоо органдарынын жолун табууга мүмкүн, ал да окшошпосо, демек, соттун айласын, ал да болбосо, анда абактын башчысынын... Айланкөчөк. Биз туюк туңгуюкту өз колубуз менен жаратып, эмне үчүн эми гана эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочуну каргап-шилеп жатабыз? Күйүп-бышып жаткан демибиз күнөөлүүнү бир канча жылга эркиндигинен ажыратууга жетеби? Эл өзү түп көтөрүлүп, ар бир сот процессине активдүү катышып, орто жолдон айыптуунун буйтап качуусуна тоскоол боло алабы? Эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочу буга чейин да жол кырсыгын жаратып, анда катталган адам өлүмүнө кимдер көз жумуп коюшкан? Алар азыр, эки окуучу оор абалда ооруканада жатканда өздөрүнүн күнөөсүн сезип жатышабы?
Өткөн жылы жол кырсыктарынан 850 киши кайтыш болгон. Анын 128и балдар. Ушул жылдын алгачкы 3 айында эле 148 адам авариялардын айынан көз жумду. Анын 8и балдар. Бул жөн гана цифра эмес. Ар бир сандын артында жапжаш көчөт кезинде кыйылган өмүр, ыйлап-сыктаган үй-бүлө, дос-тууган турат. Капилеттен набыт болгон маркум жашоосун улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, жашабай жатып дөңгөлөк астында калган балдар кыялдары менен кошо кара жерди кучактап жатышат.
Ар бир кылмыш жазасын алышы керек. Бул миңдеген «керек» дегендин арасында калып калбай, аткарылышы милдеттүү. Күнөөсүн сезбеген, анын жазасын албаган адам кутулбай эле, кайра тутулат. Акчасына алданып, таанышына моюн сунуп, кечиримди сатууну улантуу бумерангдын капасынан чыгарбайт.
Мамлекет башында тургандар шайлоодон шайлоого чейин жашабай, жарандарынын амандыгы үчүн бүт ресурсун жумшашы зарыл. «Коопсуз шаар» дегени кагаз жүзүндө кооз калбай, тез арада ишке кирбесе, анда бийлик элинин ишениминен таят.
Эльвира Караева
koom@super.kg