"АЛИГИ" ДА КАТЫП КАЛАБЫ?

"АЛИГИ" ДА КАТЫП КАЛАБЫ?

– 14-16-жаштагы балдар катуу дүүлүксө, алигиси жыгачтай катып, жатпай калат деп угуп корком. Анткени, кээде эротикалык фильмди, же жылаңач кыздардын сүрөтүн көрүп калсам, "алигим" козголуп кетет. Ошондуктан, кокус меники да катып калса эмне болот жана кандай чара көрүү керек деп сурайын дегем. Алик, Жалалабат.
– Аял болобу, эркек болобу, дүүлүккөндө жыныстык органдарына кан толуп, чыңалып чыгат. Эркектер өтө катуу дүүлүккөндө "алигиси" туруп, катуу болуп калат. Кокус ошондой кезде жыныстык катнаш болбой калса, анда жыныстык органдарда чогулган кан тарабай, уюп калат. Мындай көрүнүштүн көп кайталанышы ооруга алып келет. Андыктан, мастурбация жолу менен болсо да белсууну түшүрүүгө аракет кылуу зарыл. Кокус, ошентип чыңалып 2-3 күн жатпай калса, анда өмүргө коркунуч туулат. Тезинен дарыгер урологго же дарыгер сексопатологго кайрылуу кажет.


КИЧИРЕЙТҮҮНҮН АМАЛЫ БАРБЫ?

– Мен эки бала төрөгөнгөбү, айтор, жыныс кыным кеңейип калды. Ошондуктан, күйөөм айтпаса да, мурункудай ырахат албай калды го деп шекшийм. Канткенде жыныс кынымды кичирейте алам? Эң оңой жолу барбы? Малика, Майлуусуу.
– Аял жыныстык катнаш болоордон 12-20 мүнөт мурун кадимки чалкандан жасалган майдан (дарыканада сатылат) 6 же 8 тамчыны жыныс кынынын ичине куюшу керек. Чалкан майы жыныс кынынын ичиндеги нерв тамырларын дүүлүктүрүп, булчуңдарын жыйрылтып, жыныс кынын кичирейтип салат.


ЭРЕНДИК ТҮГӨНҮШҮ МҮМКҮНБҮ?

– Эгер эркек жашында көп ойноп койсо, эрендиги түгөнүп калабы? Эка, Кочкор.
– Жок, түгөнбөйт. Эгер эркек ач көздүк кылып, жыныстык катнашка көп барып ийсе, анда эркектин эки эн бези эрендикти иштеп чыгарбай убактылуу токтотуп коёт. "Эмне үчүн кээ бир эркектер бир же бир жарым саат тердеп-тепчип эле ишин бүтүрө албай кыйнала беришет?" дегенге ушул жооп болот.
Эркек 90 же 100 жашка чыкса деле урук клеткалары бала болууга жарай берет. Мындайча айтканда, эркектин жыныстык ал-күчү бирде басаңдап, бирде күчөп, өзүнөн-өзү иретке салынып турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан