Дастан Шаршеев, мушкер: "БЕТТЕШТИН КАЛЫСТАРЫ АЧЫК ЭЛЕ ТАРТЫП КОЮШТУ. АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛСАМ КАЛЫС ПОЛИЦИЯ ЧАКЫРЫП, ДЕПОРТАЦИЯ КЫЛЫП ЖИБЕРЕМ ДЕДИ"

КЫЖЫРГА ТИЙГЕН КАЛЫСТЫН СӨЗҮ

22-апрелде кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Орусиянын Казань шаарында өткөн TNA (Total Nonstop Action Wrestling) мелдешинде орусиялык мушкер Антон Калинин менен рингге чыккан. Беттеш дээрлик кыргыз спортчусунун үстөмдүгүндө өткөнү менен, калыстар жеңишти орус спортчусуна ыйгарышкан. Калыстардын мындай чечимине макул болбогон Дастан рингден көпкө чейин кетпей койгон. Аны күзөтчүлөр, калыс өзү баш болуп рингден түшүрө алышкан жок. Ал тургай беттештин калысы "Орусиядан депортация кылып, мелдештен биротоло четтетип салабыз" деп коркутканга чейин барган. Жеңишти колдон тарттырып жибергени аз келгенсип, калыстын бул сөзүнө арданган кыргыз спортчусу алпаруучунун колунан микрофонду алып, "баарыңар көрдүңөр, мен жеңдим. TNA – бул дүйнөдө белгилүү калыс өткөн мелдеш. Бүгүн адилеттүү болдубу? Өзүңөргө суроо бергилечи, калыстык кайда? Же менин теримдин өңү маанилүү болуп жатабы?" деп айтты. Бул учурда залдагы көрүүчүлөр Шаршеевдин сөзүн ырастап, спортчуну колдоп жиберишти.

"АКЫЙКАТТЫ АЙТУУДАН КОРККОН ЖОКМУН"

– Салам, Дастан. Бул мелдешке кандайча катышып калдың?
– Бул мелдешке Антон Калининдин атаандашы жаракат алып калгандыктан аны алмаштырып мен чыккам. Беттештин 3-раундунда орус мушкерин нокдаунга учуратканга жетиштим. Калыстар жеңишти мага ыйгарышкан жок. Беттешти экстра-раундга узартышты. Алардын тартып койгону даана эле байкалды.

– Мурда-кийин мелдештерде ушундай сыяктуу окуяга туш болуп көрдүң беле?
– Беттештен кийин өз талабымды айтып, рингден кеткен жокмун. Калыстар машыктыруучума да кайрылышты, ал да кетпейбиз деп турду. Ошондо калыстар "күзөтчү чакырабыз, полиция чакырып депортация кылып жиберебиз" деп үстөмдүк кылышты. Уюштуруучулар мени көрүүчүлөрдүн алдында уят кылышты. Ири мелдештерде буга чейин мындай окуяларга кабылып көргөн эмесмин.

– Кантип батынып рингде ошондой сөздөрдү айта алдың?
– Негизи бул спортто көптөн бери жүрөм, мындай уруштун көбүн өткөргөм. Бул ирет чынында улутчулдук болуп, экиге бөлүнүп кеттик. Андыктан акыйкаттыкты айтуудан корккон жокмун. Себеби кыргыздар күчтүү калкпыз. Эгерде ошол учурда рингде туруп чындыкты айтпасам, таламымды талашпасам, анда кийин мени басынтышы мүмкүн болчу. Ошон үчүн болгон күчүмдү топтоп, өз оюмду айтууну туура көрдүм.

– Адатта калыстардын чечимине нааразы болгондо атаандаш менен реваншка чыгат...
– Машыктыруучум дагы беттештин жыйынтыгына нааразы. Бул окуя массалык маалымат каражаттары аркылуу катуу тарап кетти. Башка өлкөдө жүргөндөн кийин спорттук карьерама чекит коюлуп калабы деген чочулоо болду. Кээ бир ММКларда айтылып жаткандай, "депортацияга туш болосуң" деген калыс же мелдештин уюштуруучулары бизден эч кандай кечирим сураган жок. Эми биз да жөн эле моюн сунуп калбайбыз. Мени утуп алган атаандашым Антон Калинин менен реваншка чыгам.

Орусиянын спорт калыстар агенттигинин башчысы Игорь Демидов кыргыз мушкери Дастан Шаршеев маселени юридикалык жактан чечиши керек деп айтты:
– Бул беттештин чечими боюнча социалдык тармактарда катуу талкуу жаралып, калыстардын чечими адилетсиз болгонун жазышууда. Тил албаганы үчүн депортация болору тууралуу айтканына байланыштуу TNA лигасы калыстар тобун талдап, ким иштээрин аныкташы керек. Калыс спортчуну коркутканы боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага чара колдонулушу керек. Ошондой эле кыргыз мушкери эмоционалдуулукка алдырбай, маселени юридикалык жактан чечиши кажет.

"КОНОКТО ӨТКӨРГӨН СПОРТЧУ НОКАУТ МЕНЕН ЖЕҢИШИ КЕРЕК"

Бул окуя тууралуу мелдештин башкы калысы Василий Аптукаев орус басылмаларына буларды билдирген:

– Мушкерлер бул мелдеште урушуп гана тим болбостон, үлгүлүү жүрүм-турумдарын да көргөзүшү керек. Атаандашына, күйөрмандарга жана калыстарга... Ар бир спортчу эмоциясын башкара билүүсү шарт. Антпесе мелдеш чыр-чатакка айланып кетет. Аталган кыргыз мушкери менен келечекте иштешебизби-жокпу чечиле элек.

Ал эми уруштун түрлөрү боюнча Орусия лигасынын президентинин орун басары Дмитрий Штейн төмөндөгүдөй оюн айткан:
– Бул окуяда мушкердин жүрүм-туруму менен катар калыстардын чечими суроо жаратат. Менин оюмча, уруш спортундагы калыстардын чечими нокаут же нокдаун болгон учурларды эсепке албаганда, көпчүлүк учурда талаш туудуруп жаткандыктан, мелдештердин башкы суроосуна айланып жатат. Өзгөчө конокто өткөргөн беттештерде мушкерлер нокаут же нокдаун менен утууну башкы максат кылуусу керек. Антпесе упайлар тең болуп калганда көпчүлүк учурда үй ээсине тартып коюшат.

"Антон Калинин менен реваншка чыгам".


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Izdeim_seni.
2017-05-01 17:25:43
Жакшы ийгилик
+2
sabyr86
2017-05-01 17:49:21
Дастан ийгилик,бирок кичине өзүңдү басып жүрчү дердеңдебей.инстада түз эфирде кыргыздар андай,кыргыздар мындай деп оозүңду чойбой.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-02 08:57:05
sabyr86, болгонун айтыш керекпи качанкыга чейин эркелейсинер ушундай болуш керек
-1
naida81
2017-05-02 15:38:30
sabyr86,Дастан деле кыргыздардын уят болбосо, чет жерлерде оздорун жакшы алып журсо деп жатат да, айтылган сынды туура кабыл алып коюнуз сиз дагы дердендебей, Дастан деген Кыргызды дуйного таанытып жатат, кенеш берсе орундуу, Сиз экообуз эмне кылып жатабыз, биринчи озубуздон баштайлы, эч нерсе колубуздан келбесе элди угуп, тындайлы. Дастан ийгилик, Кыргыз эли, Кун-Чыгыш айыл окмоту сени менен!!!!
+5
sabyr86
2017-05-02 18:53:56
naida81,кеңешти ошентип береби э? Кыргыздар бирин бири көрө албайт,кыргыздар качан эле ынтымактуу элек,кыргыздар колдогону үчүн Дастан,Дастан болуп атат да.
-3
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан