Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "КЛАРА АЛИБЕКОВА ЭКӨӨБҮЗ ОКШОШПУЗ"

"АЙЫЛЫМ"

- Менин айылым – Талас районунун Арал айылы. Азыр айылда эмнегедир мурункудай шаң жоктой сезилет. Мен бала кезде айылым кооз, жыты аңкыган, адамдары таза, балдары да өзгөчө шаңдуу болгонсуйт. Же балалыкта башкача көз менен карачу белек, билбейм. Кошуна жашаган Өңдөй апамдын менден кичүү Элмира деген кызы бар эле, аны жакшы көрүп багып калган жайым бар. Мени Өңдөй апам "апакай" дечү. Азыр да ал киши "апакайым" десе кулагыма жылуу угулат. Өкүнүчтүүсү, мени эркелетип, маңдайымдан сылап, жылуу сөздөрүн арнаган апаларымдын арты акырындан суюлуп баратат. Өзүмдүн ата-энемдин да көзү өтүп кеткен. Мындан бир нече жыл мурун айылга барган сайын апаларымдын ар бирине таттууларды, жоолугумду көтөрүп барчумун. Алардын үйүнөн чай ичип, каймагын жеп, сүйлөшүп отуруу ушунчалык бир жан дүйнө тынчтыгы, табылгыс дары экенин билем. Азыр көр тириликтин айынан айылдагы бир туугандарыма да жете албай жүрөм.

"АТА-ЭНЕМ"

- Апам менен атам барда "апамдын көлөч-маасысы жыртылып калды, атама момозуй көйнөк алып берейин" деп, аларга белек издөө укмуштуудай шаан-шөкөт эле. Алардын көзү өткөндөн кийин байкем менен жеңеме деле баргым келет, бирок алар ата-энеңдей алдыңдан тосуп чыгып, башыңдан суу тегеретпейт да. Баары бир ортодо алыстык бар, бул жаратылыштын кандайдыр бир мыйзам ченемдүү көрүнүшү окшойт. Мен барганда апам дайыма ыйлап алчу. "Эмне ыйлап жатасың?" десем "бутум ооруп жатпайбы" деп билдирбегенге аракет кылганы көз алдымда. Мен аябай атактуу болуп турганда атам "болду, балам, эми иште, оокат кыл" дей берчү. "Ата, мен иштеп, Жетигенова Алина Абдылдаевна деп сенин атыңды чыгарып жатпаймынбы" деп күлчүмүн. Ошентип, атам мени "мугалим бол" деген боюнча өтүп кетти.

"ҮЙДӨ"

- Үйдөн чыкканда ырчы, үйгө киргенде үй кызматчымын. Кичинемде уй, кой кайтарып, уй саабасам да апама жардамдашып, ала кийиз жасап, шырдак шырып, үй иштерин мыкты кылчумун. Апам ыраматылык эмнегедир уй сааганды үйрөткөн эмес. Бир жолу уй кезүүдөн келгенде апамдын жоктугунан пайдаланып музоосун салып, ийитип алып сааган сүтүм чаканын түбүнөн эле болуп калды. Анымды эшек ичип салып, апама айта албай көпкө коркуп жүргөм. Азыр "коркпой эле койсом болмок экен" деп калам, анткени апам мени эч качан сабамак түгүл урушчу эмес. Мен да балдарыма ошондой тарбия бердим. Келиним биздин үйгө көнсүн, бизди өз ата-энесиндей көрсүн деп ойлоп, катуу да айтпай, жумшабай да келем. Келгенине 2 жыл болду, чындап келсе, кызымдан да эрке. Кээде кызым "апа, эгер тетигинче идишти мен жуубай койсом эчак таарынып калмаксыз, ээ, өзүңүз эле кылып жатасыз го. Мен кайын журтта мындай кылбайм" деп калат. Келиним таптакыр эле орусча чоңойгон. Бирок мага кылган мамилеси, жан дүйнөсү таза. Экөөбүз эне-кыздайбыз.

"АКЧА КОРОТКОНДОН ЫРАХАТ АЛАМ"

- Кызыктуу китеп окуп же кино көрсөм, аны көпкө чейин унута албайм. Кино экенин билсем да ишенип алып, каармандардын тагдырына кейий берем. Негизи эле ишенчээк адаммын. Мурун маңдайымда көкүлүм бар эмес беле, тамашалап "чекемде "ишенчээк, алдап кете бергиле" деп жазылып турат окшойт, чачым менен жаап алайынчы" деп калчумун. Кайра эле "чекемди жаап койсом деле окуп алышат" деген боюнча алданып кала берчүмүн. Учурунда аябай кайгыра тургандай да алдашты.
Кээде кыялдарыма деле ишенип кетем. "Бир чемодан акча таап алсам, карыларга, жетим балдарга алып барып берсем" деп кыялданып калам. Колума тийген акчаны такыр чогулта албайм. Мисалы, бүгүн кечинде 300 доллар тапсам, эртең менен 3 сом да калбай калган болот. "Азиз экөөбүздүн колубуз жыртык" деп күлүп калам. Ишенсеңер, акча короткондон ушунчалык ырахат алам.

"ӨМҮР БОЮ ТААРЫНЫП КАЛМАЙЫМ БАР"

- Бирөөгө катуу таарынсам ошол боюнча аны жашоомдон чийип салмайым бар. Андайлар менде үчөө. Аларга балдарыма жасаган жоруктарынан улам таарынгам. Алар мени менен абдан ынак, жакын адамдар эле, канчалык аракет кылсам да жазыла албай койдум. Эне балдары үчүн баарына даяр эмеспи. Мен балдарымды ушундай жол менен коргойт окшойм.
Балдарым тартиптүү болуп чоңоюшту. Кызымды "убагың өтүп кетет, курбуларың менен дискотекага бар" деп кубаласам да үйдөн чыкчу эмес. Кыздардай болуп "кийим алып бер" деп да кыйнаган жок. Атасынын кийимдерин кийип жүрүп эле чоңойду, анткени мага караганда атасына жакын.

"ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕГЕ, АНАН КЛАРАГА ОКШОШУП КЕТЕМ"

- Гүлшайыр эжеге окшош болсом бардык жагынан тыкан болмокмун. Ал кишиден бир канча жаш кичүү экениме карабай телефондун, компьютердин функцияларын өздөштүрө албай ар кимден суранып басып жүрөм. Бул жагынан Гүлшайыр эжеме окшошмун деп коём. Клара да мага окшоп чоюлуп сүйлөйт эмеспи, бирок өзү таза, жулунбаган кыз. Ага окшоп кээде оюмду толук айта албай калам го дейм. Мектептен кыздар менен урушуп кеткенде, каяша айта албай, ак болсом да күнөөлүү болуп кала берчүмүн.

"КҮЙӨРМАНДАРЫМДЫ САГЫНДЫМ"

- Учурда жүрөгүм да ырга толуп калды. Концерт бере элегиме 6-7 жыл болуптур, 1-майда күйөрмандарыма ыр сунганы турам. Чынында, көрүүчүлөрдү, алардын кол чабууларын сагындым. Ушул эле программа менен гастролго чыгайын деп жатам. Ар бир ырчынын атактуулугунун туу чокусу болот экен. 1990-жылдардын ортосу менин чыгармачылыгымдын гүлдөгөн мезгили болду окшойт. Ошол кезимди сагынам.

"Азыр мен өзүмдү үй-бүлөмө, неберелериме арнап койгом".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

 Кыстарылган видео 
Алина Жетигенова: "Чыккан ар бир ырым хит болгон учурду сагынам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Snejana
2017-05-02 00:51:06
Жаз суранамын эч кетпечи....ушул ырлар студенттик кундорду эске салат. Аман болунуз! Жакшы кором.
+2
Narynbek
2017-05-02 04:41:12
Тоо булагым арманым деп убагында аябай популярдуу болгон.Келини деле аттуу баштуу уй-булонун кызы.Аэчка эже окуса кызын тарбиялап коер.
+1
Baku88
2017-05-02 05:30:24
Аябай сонун маек болуптур эжеге ийгилик каалайм. Аябай жүрөгү таза адам экен
+1
meili
2017-05-02 11:51:50
кимдин кызы келини
0
malika_88
2017-05-02 14:34:14
Саламатсызбы Алина эже!!! Сиз концерт койсонуз өзүнүз үчүн коюнузчу мамлекеттик жогорку кызмата иштегендерге билетинизди саттырбай кыйнап элдин баарын кыйналып жатат.ачык айтсак ичибиз ооруп эле бердик ошол акчаны чыныгы куйоормандарынызга бериниз да концерти
-2
bond02
2017-05-03 02:59:35
Тообо де, олигархтын.....эмеспи? 300$ эмес 3000сом десе болмок.
-3
Aselina87
2017-05-04 11:15:15
bond02,тойдон табат да 300$ тез эле жок кылып коротуп коём деп атат андай адамдар шопоголик
+1
sumaya
2017-05-04 23:42:20
Соонун маек болуптур.Жылмаю менен кордум.Чын эле бой которбогон,элпек жонокой экен.Эсимде 2000-жылы биздин мектепке концерт коюп келишкен,концерттен сон автограф алабыз деп издесек,мугалимдерибиз сыйлап атышкан экен,ага болбойле жашпыз да,суранганбыз,ошондо Алина эже тамак жеп аткан жеринен келип кол тамгасын берген,завуч агайыбыз бизди урушканына конбостон.))Эжеке уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийигилик каалайм!
+3
Birimdik5555
2017-05-05 01:20:34
Кыздын сыры деген ыры аябай жагат да уну да озгочо,уй-булолук бакыт каалайм
+1
Bagdayim
2017-05-05 03:23:35
Айылды айтса озумчо эле бир толкунданып алдым,айылда жашаганга эмне жетсин.
+1
Gul1402
2017-05-07 15:18:57
Ушундай айыл жонундо айтса окуп отургун келе берет
0
Altyn1111
2017-05-07 22:13:13
Ушул эжени жакшы кором. Башка ырчылардай болуп, эч ким менен урушканын ажылдаганын уккан эмесмин. Сулуусуз. Дагы да ырдай бериниз.
+1
Azatbek83
2017-05-08 03:02:19
Алина.Жетигенова.Ырлары жагат музыкалык билими бар.Сыйлайм менин кумирим.Молодец респект.Омуру узуун болсун дагыда эл алдына чыгып ырдасын.Чыгармачылыгына чын журогумдон ийгилик каалаймын.
+1
DNurgiza
2017-05-08 13:30:56
Жакшы чыныгы ырчы да....мага да жагат.
+1
balzak
2017-05-11 14:47:03
видеосу соонун экен, эженин чын эле клара алибекова менен окшоштугу бар турбайбы, экоо тен ички дуйносу таза,бала кыял,аруу адамдар экен, класс койдум:-))))ар дайым аман болунуздар!!
+1
ZHaziko
2017-05-11 19:19:17
Алина Эже близ сизди жакшы коробуз.
+1
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан