ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-майдан 7-майга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат...



КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде үй-бүлө, балдарыңыз жана ден соолук маселесине көбүрөөк көңүл бурасыз. Ишемби, жекшемби күндөрү спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз. Ооруп калышыңыз ыктымал. Жуманын орто ченинде туугандар, кошуналар, жол жүрүүгө байланыштуу суроолорду чечүүдө сак болуңуз. Курч айтышуулардын болуп кетиши күтүлөт. Жолго чыксаңыз абайлаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сиз бул жумада убактыңыздын негизги бөлүгүн үй-бүлөңүз, балдарыңыз менен өткөрөсүз. Ишемби, жекшембиде атайын эс алуулар орун алат. Аптанын орто ченинде акча көйгөйлөрү алдыңкы орунга чыгат. Токтоо болуңуз, акчага байланыштуу пикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн. Көптөн бери көксөп келген айрым ой-максаттарыңыз, үмүттөрүңүз ишке ашат. Андыктан азыртадан баштап аракеттерди баштаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бир туугандар жана кошуналар менен көп алака кыласыз. Телефондук сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Үй тиричилигине да үлгүрөсүз. Шаршембиден жума күнгө чейин айрым өнөктөштөр же түгөйүңүз менен мамиле кылууда токтоо болуңуз. Катуу тирешүүлөр келип чыгышы мүмкүн. Аларга психологиялык жактан алдын ала даяр болуңуз. Жумуш жана жеке маселелериңизди жакшы чечүүгө мүмкүн болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бул аптада каражат жана туугандар маселесине көп көңүл бурасыз. Жыйынтык кандай болору өзүңүздөн көз каранды. Аптанын орто чендеринде жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Жумушуңузга көбүрөөк көңүл бөлөсүз. Досторуңуз же өнөктөштөрдүн сый-урматына ээ болосуз. Бул күндөрү спирт ичимдиктеринен такыр баш тартып койсоңуз жакшы болот.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичи жеке иштериңизди жана каржы маселесин чечүү менен алек болосуз. Бул жаатта азыркы кезде сиз үчүн өзгөрмө мүнөзгө ээ. Ошондуктан ой жүгүртүүнү туруктуу кармоо сунушталат. Жуманын орто чендеринде балдарыңызга, ден соолугуңузга көңүл бурганыңыз оң. Чогуу эс алуу сунуштары түшүшү мүмкүн. Ага барууну же барбоону өзүңүз чечесиз. Отурушта сак болуңуз. Чыр чыгып кетиши мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул жумада сырдуу, купуя аракеттердин астында көп жеке жумуштарыңызды бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Шаршембиден жума күнгө чейин үй-бүлө мүчөлөрү, ата-энеңиз, кесиптештер менен мамиле кылууда, жер тилкелерин тактоодо токтоо болуңуз. Айрым көйгөйлөрдүн келип чыгышы күтүлөт. Эгер көйгөйлөр орчундуу болсо, анда тиешелүү органдардан кеңеш сураганыңыз оң. Азыркы кезде булардын сизди колдоосу жакшы натыйжаларды берет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Досторуңуз менен жума бою эркиндикке чыктыңыз. Тагыраак айтканда, жуманын алгачкы эки күнүндө эс алуулар күтүлөт. Спирт ичимдиктеринен алыс болуу сунушталат. Сак болуңуз. Аптанын орто чендеринде туугандар, кошуналар, бөтөн шаардагы өнөктөштөр менен алака кылууда токтоо болуңуз. Курч мүнөздөгү пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Ушул эле күндөрү ден соолук, акча маселелери жакшы чечилет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада көңүлүңүздүн негизги бөлүгүн жеке маселелериңизди чечүүгө бурсаңыз туура болот. Курбулар, кесиптештер менен чогуу эс алуулар болот. Айрым максаттар ишке ашат. Шаршембиден жума күнгө чейин акча көйгөйлөрү алдыңкы орунга чыгат. Буга байланыштуу таарынычтар орун алышы мүмкүн. Бул күндөрдүн жакшы жактарына түгөйүңүз жана балдарыңыз менен чогуу эс алуу кирет. Үй-бүлөлүк бюджетти жакшы талкуулайсыздар.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын соңку күндөрү сапарга чыгуу күтүлөт. Башка шаардагы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Биргеликте чечилүүчү маселелер өзгөрмө мүнөздө өтөт. Аптанын орто чендеринде кесиптештер, жубайыңыз менен мамиле кылууда шашмалыкка алдырбаңыз. Орчундуу түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Ошого карабастан үй чарба иштерин эң мыкты аткарасыз. Жумушуңузда жана ден соолугуңузда жакшы жылышуулар болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жума ичи акча маселеси жана үй-бүлөңүзгө көп көңүл бурасыз. Буга байланыштуу көйгөйлөрдү карап чыгууда ой жүгүртүүнүн туруктуулугу талап кылынат. Антпесеңиз, натыйжасы сизди кубандырбай калат. Шаршембиден жума күнгө чейин ден соолукту абайлаңыз. Айрым жашыруун дарттардын калкып чыгышы күтүлөт. Балдарыңыз, туугандарыңыздын конокко келиши күтүлөт. Сиз да куру калбай конокто болосуз. Чогуу эс алуулар орун алат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сизди бул жумада эки ача жол күтөт: «Оңго кетсең үй-бүлөң менен эс аласың, солго кетсең достор менен эс аласың»,- деген. Оңго кетсеңиз акчаны балдарыңызга, үй эмеректерин алууга жумшайсыз, солго кетсеңиз акчаны сүйүүлөргө, досторго жумшайсыз. Албетте, тандоо сиз тарапта. Эскертүүчү нерсе, достор менен баарлашууда түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Маңдай тер менен тапкан акчаңыздын колуңузга тийиши күтүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичи ден соолук, карыз акчаларды таратуу жана балдар маселеси менен алагды болосуз. Жуманын орто ченинде үй-бүлө мүчөлөрү, кесиптештер менен орчундуу маселелерди талкуулайсыз. Бул көйгөйлөрдү оң жагына чечүүдө өзүңүздүн чеберчилигиңиз же бир туугандарыңыздын колдоосу чечүүчү ролду ойнойт. Андыктан тартынбаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан