Рулдагы жылдыз
Машинаны карап, анын ээси тууралуу бир топ маалымат алууга болот. Кыргызстандагы мыкты продюсерлердин бири Канат КУЛТАЕВ өзүнүн машинасы туурасында сөз кылып берди.
– Менин эң жакын досум – машинам. Үлгүсү Aуди allroad 2.5 TDI quattro. Өңү чымкый кара, 2000-жылкы. Базарга машина алуу үчүн барып калдым. Негизи, Ауди С4 алмакмын. Бирок көңүлүмө жакканын таппай, чыгып баратып ушул машинаны көзүм чалды. Бир көргөндө эле жактырып, текшерип көрбөстөн, эч ойлонбостон сатып алгам. Базар шаанисин кылып соодалашкан да жокмун. Сатуучу сураган 16 миң долларды колуна карматтым да, айдап кеттим. Ошондон бери бир жыл өттү. Баса, бир эле жолу машина алмаштырдым. Алгач Мерседес үлгүсүндөгү машина айдагам.
– Машинаны таза кармаганга аракет кылам. Рулун жана салондун ичин дайыма лимон жыттуу жуугуч каражаттар менен тазалап турам. Үч күндө бир унаа жуучу жайга барып тазалатам.
– Машинага мезгил-мезгили менен “кийим” алып берип туруу керек. Мисалы, салонго кышкысын иттин терисинен тигилген жапкычты пайдалансам, жайкысын массаждык жапкычты колдоном. Кыскасы, машинанын ичи заман талабына ылайык болуусуна көңүл бурам.
– Бир жолу “балдарым” мени тамашалашып, машинамдын үстүнө таксинин шашкасын коюп коюшуптур. Мен келип эле машинамды таппай калдым. Жиним келип Мирбектерге чалсам, “ой, ордунда эле турбайбы” дешет. Көрсө, мен өз машинамдын жанында туруп, эшегин минип алып, аны издеген апенди боло бериптирмин.
– Рулда жүргөндө көбүнчө энергия берүүчү суусундуктарды ичем. Себеби жумушум чачтан көп. Чарчап туруп машина айдоонун өзү кооптуу эмеспи. Рулда баратканда такыр телефон менен сүйлөшпөйм. Атайын телефон койгучту башында эле орнотуп алгам.
– Машинамды чет элде да, бизде да “жалгыз карышкыр” деп атап коюшат экен. Негедир менин тагдырлашым болуп калгандай сезилет. Себеби мен да өзүмдү “жалгыз карышкырмын” деп эсептейм.
– Машина айдоодо бир жылдык эле тажрыйбам бар. Жумуш менен шашып баратканда жол эрежелерин көп бузам. Эки жолу МАИ кызматкерлерине айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып жиберип, ири суммада айып төлөдүм.
– Дөңгөлөктөрү универсалдуу. Жылгаякта атайын кышкы дөңгөлөк салам деп убараланбайм. Ушунусу аябай жакты. Дисктери титан болгондуктан, күн тийип турганда жаркырап көрүнөт. Дөңгөлөк алмаштырганды азырынча эптештире албай жатам.
– Баарынан да машинамдын номери өзүмө абдан жагат. 8 деген санды бала кезде эле жакшы көрчүмүн. 8 – чексиздиктин символу. Бул санды ийгиликтүү деп да коюшат. Анын үстүнө жан дүйнөмдө дагы эле 18демин.
– Капотту ачып карамыш эткеним менен, чындап оңдогонду билбейм.
– Машинама аптасына 500 сомдун тегерегинде дизель күйүүчү майын куям. Көп май сарптадым дегенде күнүнө 10 литрдей май кетет.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg