Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун уролог-андрологу, сексологу Мирлан Айбашов жооп берет.
"КҮНҮНӨ 5-6 ЖОЛУ КОШУЛУУ ЗЫЯНБЫ?"
– Турмушка чыкканыма 1 ай болду. Жолдошум аябай темпераменттүү окшойт, жанымды койбой "сурай" берет. Эсебим боюнча, күнүнө эбин таап 5-6 жолу кумарга батабыз. Көп кумарга батуунун зыяны жокпу?
Шарипа, Ош шаары
– Күнүнө 5-6 жолу кошулуу зыян. Анткени уруктук топтолууга жетишпей калат, кошулган учурда жолдошуңуздун жыныстык мүчөсүнөн жөнөкөй эле суу сыяктуу суюктук агат. Бул нерсе тукумсуздукка, жыныстык жактан шал болууга алып келет. Жубайлар регулярдуу түрдө кошулууга көнүүлөрү шарт. 25 жашка чейинки эркектер жумасына 5-8 жолу, ал эми 25 жаштан улуулар 3-5 ирет кошулушса нормалдуу болуп саналат.
"ЖЫНЫС МҮЧӨМӨ ЧЫККАН КАРА БҮДҮРЧӨЛӨР КӨБӨЙҮП ЖАТАТ"
– Жыныс мүчөмдүн башына чекиттей болгон кара нерсе чыкканына 6 айдан ашты. Оорутпайт, бирок күн сайын көбөйүп жатат. Меңби дейин десем ага окшобойт. Кимге кайрылсам болот?
Адыл, Сокулук району
– Сүрөттөөңүзгө караганда, жыныс мүчөңүзгө чыккан нерсе папиллома же кондилома (сөөл сымал өсүндү) окшойт. Бул папиллома вирусун жаратчу жугуштуу оору. Ал башка кишиге буюмдар аркылуу, өбүшкөндө, жыныстык катнашка барган учурда жугат. Аны чыкканда эле жок кылуу керек, болбосо өсүп, жан жагына жана вирус түшкөн башка дене бөлүгүнө чыгып көбөйө берет. Папилломаны лазер менен күйгүзүүгө жана хирургиялык жол менен алып салууга болот. Өтүшүп кеткен учурда, 5-10 жыл аралыгында ракка айланат, андыктан дарыланууну сунуштайм.
"КЫЗДЫККА ТИЙИШПЕЙ КАНТИП ЫРАХАТ АЛУУГА БОЛОТ?"
– Сүйлөшкөн кызымды абдан жакшы көрөм. Экөөбүз кучакташып, өбүшкөн учурда делебем козголуп, өзүмдү араң кармайм. Анткени болочок келинчегимди көшөгөгө аруу боюнча киргизгим келет. Сурайын дегеним, кыздыкка тийишпей кантип кумар алууга болот?
Амантур, Талас шаары
– Албетте, кыздыкка тийишпей кумарга батууга болот. Илимде мындай ыкманы пейтинг деп коюшат. Тактап айтканда, бул ыкма эки сандын ортосунда ишке ашырылат. Эске алчу жагдай, пейтингде ар кандай вирустар, бактериялар жыныс органдарына жугушу мүмкүн. Андыктан баш кошкончо мындай нерсе менен алектенбөөгө чакырам. Андан көрө үйлөнүп алганыңыз оң.
"40 ЖАШТАН КИЙИН ЭРКЕКТЕР ТӨШӨКТӨ АЛСЫЗ БОЛУШАБЫ?"
– Мен 26 жаштамын. Жакында турмушка чыкканы жатам. Болочок жолдошум 38 жашта. "40 жаштан кийин эркектер төшөктө алсыз болуп калышат" дегенди угуп, "турмушка чыксам төшөк жаатында маселе жаралабы?" деп кабатырланып жүргөн чагым. Мунун канчалык чындыгы бар?
Перизат, Бишкек шаары
– Бул нерсе адамдын организминен көз каранды. Дени сак эркектер 70-80 жашка чейин жыныстык катнашка жарамдуу болушат. Эч кооптонбой чыга бериңиз. Турмушка чыккан соң жолдошуңузду жылына бир жолу дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп турууга үндөңүз. Ошондо жолдошуңуздун сизди дагы 40 жыл кумарга батырууга мүмкүнчүлүгү жетет.
"УМАМ ТҮЛӨП ЖАТАТ"
– Урук безим жайгашкан жер – умам күнгө күйгөн теридей болуп түлөп жатат. Жайкысын күнгө күйгүдөй деле болгон эмес. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Азамат, Базар-Коргон району
– Айтууңузга караганда, сиз тери оорусу менен жабыркап жаткан окшойсуз. Сөзсүз дерматологго кайрылыңыз.
"ТӨШӨК ОЮНУНАН КУМАР АЛБАЙМ"
– Жолдошумдун жыныстык мүчөсү кичине болгондуктанбы, төшөк оюнунан такыр кумар ала албайм. Ал мени "муздаксың" деп жемелейт. Эмне кылсак болот?
Гүлайым, Аксы району
– Төшөк оюнунан кумар албай жатышыңызга жолдошуңуздун жыныстык мүчөсүнүн кичинелиги себеп эмес. Болгону ал сиздин эрогендик чекитиңиз кайсы жерде экенин билбей жатат. Андыктан эрогендик чекитиңиз кайсы жерде экенин айтып койсоңуз, маселе оң жагына чечилет. Мындан сырткары сексуалдык каалоону арттыруу үчүн ортодогу мамилени бекемдеңиздер, позитивдүү маанайда жүрүңүздөр.
"СҮЙГӨНҮМДҮН АЛДЫНДА "АЛИГИМ" УЯТ КЫЛДЫ"
– Жашым 32де. Ичимдик ичпейм, тамеки тартпайм. Менде мындай кызык окуя болду. Бала кезден сүйүп жүргөн таанышымды мейманканага чакырган элем. Жакшынакай эле сүйлөшүп отурганбыз. Бирок төшөк оюнуна келгенде "алигим" турбай мени уят кылды. Ар кандай ыкма колдондук, бирок болбоду. Ал келинди жакшы көргөндүктөн аябай сүйүндүм эле. Үйгө келип, аялым менен 2 жолу кумарга баттым. Ушундай да болобу?
Уларбек, Бишкек шаары
– Сиз бул учурда аябай толкунданып, кырдаалдык неврозго кабылгансыз. Балким, "ала жипти аттап жатам" деп корккондурсуз. Буга көп маани берүүнүн кажети жок. Улам аны ойлоно берсеңиз стресске кабыласыз. Бул окуядан кийин аялыңыз менен жыныстык катнашта болуптурсуз. Демек, ден соолугуңуз жакшы.
Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз же erotika@super.kg электрондук дарегине кайрылыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.
Венера Камалова
erotika@super.kg