Кыргыздын таланттуу кыздарынын бири НурЧолпон Азербайжанда өткөн "Youthvision-2017" эл аралык музыкалык сынагында 19 өлкөнүн ичинен 2-орунду багынтты. Сынак тууралуу жаш ырчы: "Бул музыкалык сынак быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, Кыргыз мамлекети биринчи жолу катышып жатыптыр. Мага атайын чакыруу келген. Апам менен акылдашып, катышууга макулдугумду бердим. Сынактын эрежелери боюнча үч баскыч болмок. Бирок кандайдыр бир себептерден улам бир эле баскыч болду. 20дай өлкөнүн өкүлдөрү катышып, ар бир мамлекеттен бирден калыстар отурушту. Сынакта өзүмдүн "Эркиндик" ырымды аткарып, 2-орунду камсыздадым",- дейт.