Темир Назаров жаңы чыгарып жаткан балмуздактары тууралуу:
- Сиздер жакшы билесиздер, рынок шартында бир гана ырчылык менен жан багуу абдан кыйын. Ошондуктан мен дагы ишкерлик менен алектенүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөм. Буюрса, мына ошол башымда, анан кагазда жүргөн пландар ишке ашып отурат. Жалпы элге белгилүү болгондой, мен негизи элибизге патриоттук чыгармалардын аткаруучусу катары таанымал болгондуктан, ишкерлигим да ошол багытта болгону туура го деген чечимге келдим. Бекеринен балмуздактын атын «Кыргызстан» жана «Кыргызский пломбир» деп атаган жокмун. Базарда «Кыргызстан» деген бренд менен шарап, момпосуй, печенье, суусундук жана башкалар бар. Ал эми балмуздак жок болчу. Бул да болсо элибиздин рухун, духун көтөрүүгө өбөлгө болуу менен бирге кичинекей балдар үчүн тарбиялык мааниси терең. Андан сырткары продукция «адал» стандарттарына жооп берет. Башкача айтканда, адалдык сөз менен эмес, реалдуу иште. Мындан сырткары быйыл президент тарабынан «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланбадыбы. Биздин продукция да «Ыйман үчүн! Элим үчүн! Жерим үчүн!» жана «Кыргыз элим, бириккиле!» деген ураандын алдында иш алып барат.
Ал эми ишкананы 20 жылга чукул ушул тармакта иштеп, иштин көзүн билген Нурлан мырза экөөбүз биргеликте ачтык. Жасалуу жолуна токтолсом, курамы 100 пайыз накта азыктардан турат. Цех Кант шаарында жайгашып, 30га жакын адам иш менен камсыз болду. Күнүнө 30 миңге чукул балмуздак чыгып жатат. Сезон учурунда мындан эки эсеге көбөйтүлөт. Мен болсо учурда продукцияны элге жеткирүү менен алек болуудамын.
Айта кетчү нерсе, бул балмуздактын даамын бир таткан адам кайра ушуну эңсеп калат. Себеби Кыргызстанда биринчи жолу Совет учурундагы технология менен жасалууда. Учурдан пайдаланып бардык чыгармачылыктагы кесиптештериме ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар жарнама жагына өтө чоң жардам берип жатышат.