Бойдокчулуктан үй-бүлөлүү статуска өткөнүнө аз эле болгон ырчы Дайыр Исмадияров келинчеги менен ажырашып кетти деген маалыматтар айтылууда. Ырчы Инстаграмдагы баракчасынан жубайынын бардык сүрөттөрүн өчүрүп салганы да бул кептердин жайылышына түрткү болду. Эсиңиздерде болсо, жаш жубайлар өткөн жылдын 25-сентябрында Ош шаарындагы ресторандардын биринде ага-тууган, дос, жакшы санаалаштардын курчоосунда үлпөт той берип, баш кошушкан болчу. Ырчы жеке турмушу тууралуу: "Үй-бүлө куруу, аны алып кетүү чоң жоопкерчилик экенин азыр жон терим менен сезип жатам. Улуулардан ушул сыяктуу сөздөрдү укканда "эмнеси оор?" дечү элем. Көрсө, чын эле ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат окшойт. Биз да азыр таарынышып жүргөн учурубуз. Эркек болгондон кийин үй-бүлө багуу менин моюнумда дегендей, учурда Жанарадан алыс гастролдо жүрөм. Бул алыстык канчалык бири-бирибизге керек экенибизди түшүнүүгө жардам берет деп ойлойм, мамилебиз алыс аралык менен сыналып жаткан маалы",- дейт.