БЕЛЬГИЯ ВАФЛИСИ - МЫКТЫ ДЕСЕРТ

Бельгия вафлиси 1958-жылы Брюсселде өткөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдөн кийин таанымал болгон. Анын 2 түрү бар: брюссель жана льеж (Бельгиядагы шаарлардын атынан коюлган). Льеж вафлилери тегерек, сүйрүрөөк формада болуп, катуураак келет жана ичинде карамелдешкен кант бөлүкчөлөрү бар. Брюссель вафлилери жумшак жана көпшөк, төрт бурчтуу формада болуп, үстүнө көбүнчө кант упасы себилет. Балмуздак, шоколад, жемиш, крем менен жасалчу түрлөрү да бар. Бельгия вафлисин айрымдар Вена вафлиси деп да аташат.
Учурда вафли бышыруучу электр мештердин ар кандай түрлөрүн таба аласыз.

ЖЕР-ЖЕМИШТЕР МЕНЕН



40 мүнөт 12 даана

Керектелүүчү азыктар:

Кумшекер
– 100 грамм
Ун – 300 грамм
Сүт – 200 грамм
Каймак май – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Көбүрткүч (разрыхлитель) – 2 чай кашык
Кулпунай – 200 грамм
Черника же карагат – 1 кочуш
Малина сиробу – 6 аш кашык
Балмуздак – 200 грамм
Кооздоо үчүн жалбыз

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлмө температурасындагы каймак майды кумшекерге кошуп чаласыз. Үстүнө сүт менен жумуртканы кошуп, дагы аралаштыруу керек. Эми унду, көбүрткүчтү, лимон ширесин салып, баарын жакшылап чалуу сунушталат. Коюу камыр даяр.
2. Электр вафли бышыргычынын (вафельница) бетин майлап, камырды куюп, бетин жаап 3-5 мүнөт бышырасыз.
3. Бышкан вафлилерди тарелкаларга 2ден салып, үстүнө малина сиробун куюп, кулпунай, черника, жалбыз жалбырагын коёбуз. Тарелкалардын бир четине балмуздактан коюп, дасторконго суна бериңиз.

БАНАН МЕНЕН



40 мүнөт 12 даана

Керектелүүчү азыктар:


Ун – 300 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Сүт – 200 грамм
Каймак май – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Көбүрткүч – 2 аш кашык
Банан – 3 даана
Карамель сиробу (же каалагандай кыям) – Каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлмө температурасында турган каймак майга кумшекерди салып чалып, үстүнө сүт менен жумурткаларды кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Эми аталгандарга ун менен көбүрткүчтү кошуп, дагы чалуу керек.
2. Даяр болгон камырды алдын ала ичи майланган вафли бышыргычка куюп, 3-5 мүнөт бышырыңыз.
3. Бышкан вафлилердин үстүнө тегерек кесилген банандарды жайгаштырып, сироптон же кыямдан куюп коюңуз.

ШОКОЛАД МЕНЕН



1 саат 10 мүнөт 12 даана

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртк
а – 3 даана
Сүт – 250 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Каймак май – 125 грамм
Ун – 250 грамм
Ачыткы – 11 грамм
Шоколад – Каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Каймак майды эритип, сүттү жылытыңыз. Кумшекерди сүткө кошуп эритип алуу керек. Идишке унду, жумуртканы, ачыткыны салып, үстүнө каймак май менен сүттү кошуп аралыштырсаңыз, коюу камыр пайда болот. Камырды жылуу жерге 30 мүнөткө тыныктырыңыз. Вафли бышыруучу идиштин бетин майлап, камырды салып бышырыңыз.
2. Шоколадды целлофан баштыкка салып, кайнак сууда кармап эритип алыңыз.
3. Бышкан вафлилерди чыгарып, үстүнө шоколаддан куюп коюңуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Polumna
2017-05-01 14:32:50
ням ням
0
Kalnura
2017-05-02 21:36:51
Жакшы экен
0
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан