КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨГӨН АЛГАЧКЫ РОБОТ-КЕҢЕШЧИ АЙДАНА

Жаңы технологиялар өнүккөн сайын адамдардын жашоосун жеңилдетүү максатында түрдүү жаңы шарттар түзүлүүдө. Алардын бири Beeline компаниясынын сайтында пайда болгон кардарларды тейлөөчү робот-кеңешчи Айдана. Мындан ары аталган компаниянын уюлдук кызматынын колдонуучулары суроолорун дал ушул робот-кеңешчиге берип, жооп ала алышат. Кубандырганы, Айдана менен маектешүү үчүн кезек күтүп убактыңызды коротпойсуз. Сиз дагы робот-кеңешчи менен таанышып алыңыз.



АЙДАНА ТУУРАЛУУ:

Туулган күнү, жылы – 25-январь, 2017-жыл. Казакстандагы Beeline компаниясында иштеген Дананын бир тууганы.


Робот-кеңешчини жаратуунун эң негизги максаты – компаниянын кардарларды тейлөө борборунун жумушун жеңилдетүү болуп эсептелет. Себеби Айдана бир учурда бир нече кардарлардын суроосуна жооп бере алат. Буга чейин операторлорго кандай кайрылсаңыз, Айданага да дал ошондой эле суроолоруңузду бере аласыз. Түшүнбөй калат деп чочулабаңыз.


Ал эч качан түштөнүү үчүн жумуш ордун таштап кетпейт. Робот-кеңешчи күнүнө 2 ирет кийимин алмаштырат. Күндүзү классикалык костюмда кардарлардын суроосуна жооп берсе, саат жебеси 18:00дөн өткөндө ал күнүмдүк турмушта кийиле турган кийимди кийип алат.


Майрам күндөрү ал тематикалык кийимчен болот. Мисалы, Жаңы жылдын алдында Айдана Аяз атанын баш кийимин кийип алышы мүмкүн.


Көп учурда компаниянын жаңы кызматкеринен кардарлар жаңы тарифтер жана кызматтар тууралуу сурашат. Кийинки такай берилген суроо Beeline компаниясынын байланыш телефондорунун номурлары, кеңселеринин даректери жөнүндө болууда. Албетте, уюлдук кызматка такыр тиешеси жок суроолорду берген жарандар дагы кездешет. Аларга Айдана кадимки кыздардай күтүүсүз жооп кайтарышы мүмкүн.

Айдана кыргыз тилинде сүйлөгөн алгачкы робот-кеңешчи. Ага кошумча ал орус тилинде дагы кеңеш берет. Тил тандоо үчүн сизге болгону компаниянын сайтынын сол бурчунан орус же кыргыз тилин тандаганыңыз жетиштүү. Май айынан тартып ар бир кардарга сайттын тейлөө тилин алмаштырбай эле каалаган тилде Айданага суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Жакынкы аралыкта Айдана кардардын уюлдук телефонундагы бирдиги, ал кошулган тарифтик план жана кызматтар тууралуу, мындан тышкары колдонуучунун кайсы убакта кандай кызматтар менен колдонгондугу жөнүндө маалымат берүүнү үйрөнөт. Анан да Айдана менен Facebook, Skype, Telegram, Viber аркылуу байланышуу мүмкүн болот.


Сизге керектүү маалыматтарды берген соң Айдана анын кеңештери пайдалуу болдубу же жокпу деп сурайт. Кийин жылуу коштошуп коёт.

Блиц-маек

Екатерина Сарбанова, уюлдук түзүлүш жана өнөктөштүк программалар боюнча башкы адис: "КЕЗЕК КҮТКӨН КАРДАРЛАР КӨБӨЙДҮ, ОШОНДУКТАН КОШУМЧА КЕҢЕШЧИ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ"

– Робот-кеңешчини ишке киргизүү идеясы кимге таандык?
– Кыргыз робот-кеңешчи мекенибиздеги Beeline компаниясынын сайтында жылдын башынан баштап өз жумушун аткарып жатат. Буга чейин мындай кеңешчилер Орусияда, Казакстанда ишке киргизилген эле. Кезек бизге келди, идеянын жаратуучулары компаниянын эле жумушчулары.
Роботту жаратууга акыркы учурда кардарлар компаниянын кеңешчилери менен сүйлөшүү үчүн чалып, аябай көп убакыт кезек күтүп калгандыгы түрткү болду. Ошондуктан аларга ыңгайлуу болушу үчүн интернет аркылуу дагы суроолорго жооп берүүчү Айдананы ишке киргиздик. Анын үстүнө акыркы мезгилде адамдар интернет менен көп колдонуп калышпадыбы. Ошондуктан бул чечимибиз эң туура деп ойлойм.

– Айдана деген ысымды роботко ким ыйгарды?
– Алгач кесиптештерибиз менен кеңешип, ага iDana деген ат койгон элек, интернет айдыңындагы кызмат экени дароо билинип турат деген максатта. Казакстандагы робот-кеңешчинин ысымы Дана, ошого окшош болсун деген дагы ой бар болчу. Кийин ойлонсок, көпчүлүк бул ысымды туура эмес окуп алышы мүмкүн экенин түшүндүк. Акыры Айдана өзүбүздүн кыргыздын аты экен, баарыбыз кеңешип ошентип атап койдук.

– Чет элдик робот-кеңешчилерге кандайдыр бир окуя байланган. Мисалы, ата-энеси тууралуу...
– Биздин Айдана деле сурасаңыз ата-энеси тууралуу айтып берет. Азырынча роботтун сөз байлыгы анчейин кенен эмес. Себеби бул биздин алгачкы тажрыйба. Жумасына 2 жолу Айдана сабак алып турат. Башкача айтканда, биз жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде ага түрдүү суроолордун жообун жүктөйбүз. Ошентип анын ар кандай абалда кайтарчу жоопторунун варианттары көбөйө берет.
Биздин оюбузча, азыр кардарларыбыз мындай өзгөчө кеңешчиге көнө албай жатышат. Айтайын дегеним, уюлдук байланышка такыр тиешеси жок суроолорду көп беришүүдө. Бирок жакынкы аралыкта мекендештерибиз Айдананын сулуулугуна суктанбай, маанилүү суроолорун бере башташат деген ойдобуз.

Нуркыз Курманбек кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mirana9395
2017-05-01 14:03:40
ого
+2
suban78
2017-05-01 16:51:57
Кафеге чакырсам барабы?
+3
nazarnew
2017-05-01 19:50:40
Мен сүйүнүп робот кыз сатыкка чыгыптыр деп ойлопмун, чыкса жакшы болмок эле, кыздардын баш ооруткан проблемаларынан кутулат элек бир азга
+1
pixduel1
2017-05-02 01:09:39
Мага кызык болуп жатат , мен москвадамын через скайп , вайбер аркылуу кантип тапсам болот)
+1
floris
2017-05-06 09:38:08
pixduel1,алгач кыргыз Билайн аласынар ошол аркылуу
+1
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан