Эрмек Кененсаров, "Азия MIХ" командасынын оюнчусу: "ЖУБАЙЫМ КОРС МҮНӨЗҮМДҮ СЫНДЫРДЫ"

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Толук аты-жөнү
– Кененсаров Эрмек Эламанович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 13-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 181 сантиметр
Салмагы – 82 килограмм
Хоббиси – Футбол ойноо
Кумирлери – Жим Керри, Марлон Уэйанс, Жонни Депп

– Эрмек, маегибизди жагымдуу кабар менен баштайлы. Ысык-Көлдөгү «Жыргалаң» көмүр казуучу шахтасында калып, аман калган 2 шахтёрдун бири сиздин тууганыңыз экен...
– Биз 21-апрель күнү Алматыга кетип, 23-апрелде түнү жолго чыккам. Чек арадан өтө электе Эльдияр байкем "инибиз Кайрат шахта астында калыптыр, маалымат каражаттары жазып жатышат" деп телефон чалды. Аябай кабатыр болдук. Бишкекке келип, Кайраттын атасы Бактыбек агама чалсам, трубканы алары менен "сүйүнчү!" дегенде эле аман экенин дароо түшүндүм. Ал "ден соолугу жакшы, өздөрү басып чыгышты, бир аз үшүп калыптыр" деди. Анын аман калганы бизди сүйүнттү.

– "Азия MIХ" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион болгондо сиз эмоцияңызды жашыра албай ыйлап мекендештерди кошо жашыттыңыз. Чемпион болуунун даамы кандай экен?
– Бул сезонго катышып жатып чемпион болобуз деп ойлогон эмеспиз. "Жок дегенде финалга өтүп, татыктуу оюн көрсөтүп, мекендештерибиздин көзүн сыймыктануу менен карап уялбагандай бололу" дегенбиз. Ойнодук, уттук. Кыялыбыз ишке ашкандан кийин көкүрөктө кандайдыр бир боштук пайда болду. Убакыттын өтүшү менен жаңы кыялдар, пландар жаралып, ал боштукту толуктады.

– "Азия MIХ`тин" ар бир жеңиши сыймык тартуулап келчү. Мекендештердин колдоосу сезилеби?
– Албетте, мекендештердин колдоосу жардам берет. Биз ким үчүн эмгектенип жатабыз? Акча үчүн эмес да. Сиздердин жылмаюуңуздарды көрүш үчүн. Азыр кыргыздардын духу көтөрүлүп, биз дагы ийгилик жарата аларыбызды түшүнүштү. Атай Өмүрзаков чет өлкөгө барып утуп келгенде, "Город 312" тобу Орусиянын сахнасын багынта баштагандан кийин кыргыздарды сыйлап калышты. "Силерге Москвада кандай мамиле кылышат?" деп сурашат. Кыргыздарга аябай жакшы мамиле кылышат. "Мунун баары "Азия MIХ" үчүн" дешет. Кеп биз тууралуу эмес. Себеби кыргыздар тарбиялуу, сылык-сыпаа келишет. Москвалык чоң энелерден "мигранттар орун бошотуп беришеби?" деп сурасаңар, "ооба, бир кыргыз орун бошотуп берген" дейт. Анткени метродо жүрүп кыргыз жигиттеринин орун бошотуп бергенин өз көзүм менен көргөм.

– Сизге мотивация берген адамдар тууралуу айтып берсеңиз...
– Мага үй-бүлөм мотивация берет. Алар – апам, жубайым, кызым, бир тууган байкем Эльдияр, жеңем Камила, команданын жигиттери. Командадагы ар бир жигит менин агам, иним. Алар менин жакын адамдарым. Бир дасторкондон тамак жеп, бир чыныдан чай ичип, үйүңдөн алыс жүрүп ооруп калганда алар сага ысык чай алып келип беришет. Мына ушул мени курчап жүргөн адамдар мага күч берет.

– Эң башкы кеңешчи, жол көрсөткөн адам катары кимди айта аласыз?
– Эң башкы кеңешчим деп Эльдияр байкемди айтат элем. 2002-жылы мектепте райондун балдары деген кыймылдар, "шпаналар" пайда болгон. Байкем ушундай чөйрөдө жүргөнүмдү билип калып "мага сенин "шпаналарга" кошулуп жүргөнүң тууралуу сөздөр жетти. Бул сенин тандооң, эгер бандит болгуң келсе боло бер. Мен сени бул тандооңдун акырына чейин барсаң гана сыйлайм. Бирок акырына чейин барган бандиттердин өмүрү кыска болот, жаш бойдон өлүшөт. Мен инимдин жаш бойдон көз жумганын каалабайм, ойлонуп көр" деди. Байкемдин айткан сөздөрүнө таасирленип бул чөйрөдөн колумду үзүп, баш-отум менен КВНге аралашып кеттим.
Ушул жерден апама да ыраазычылык билдирип кетейин. Ал эч качан коомчулукта калыптанып калган рамкада кармаган жок. Мектепте жакшы окуп, өз күчүм менен Кыргыз-Орус Славян университетине бюджет бөлүмүнө тапшыргам. Бирок КВНде жүргөндө четтетип салышкан. Окуу үчүн акы төлөнүүчү бөлүмүнө тапшырып, ал жактан да чыгарып салышканда апама "Окуп бүткөн кесибим менен кийин иштебеген соң окуп кереги барбы? Мен азыр деле жакшы акча табам" десем, "балам, жашоо сеники" деп эркиме койгон. Азыр жашоомо нааразы эмесмин. Сулуу жубайым, кызым бар, жашоого жетиштүү акча табам.

– Өткөн жылы Энелер күнүндө өлкө башчы мамлекетибизди чет өлкөдө тааныткан азаматтардын апаларына Ардак грамота тапшырган. Арасында сиздин апаңыз да бар...
– Апам аябай сыймыктанды. Ал "үйлөнүү тоюңда мени досуң жакшынакай унаа менен жеткирди эле го, сыйлоо аземине ошол унаа менен жеткирип койсунчу" деп суранган. "Апа, бир сөзүңүз, эгер ошол жакка бир аз "пафос" менен баргыңыз келсе, уюштуруп берем" деп каалоосун аткаргам. Кызым да чоңойгондо "менин атам КВНдин Жогорку Лигасынын тарыхында борбор азиялык командалардын ичинен биринчилерден болуп чемпион болгон" деп сыймыктанып жүрүшүн каалайм.

– Ысык-Көлдүк Санжардын персонажы кантип жаралган? Жашоодо прототиби барбы?
– Бул образды Дамир деген жигиттен алганбыз. Ал байкем экөөбүздүн таанышыбыз. Рахмат сага, Дамир, сен чын эле гениалдуусуң. Ал кыздарга дайыма жакшы мамиле кылат. Аны менен сүйлөшүү кызыктуу, компанияны шаңга бөлөйт. Бир аз орой, оюн бетке айтса да, жан дүйнөсү назик адам. Мен анын бүтүндөй образын туурап чыктым.

– Маекке жубайыңыз менен кошо келиптирсиз. Окурмандар менен тааныштырып кетпейсизби.
– Жубайымдын аты Айганыш. Биз 7 жыл мурун Одноклассники социалдык тармагы аркылуу таанышканбыз. Анда мен 22 жашта, ал 16 жашта болчу. Жолугушууга чакырып, сулуу, сүйкүмдүү кызды көрүп "эгер биз мындан ары сүйлөшсөк жашооңду бузуп салам. Эгер тагдыр буюрса дагы жолугабыз" дегем. 6 жыл өткөндөн кийин Айганышты социалдык тармактан таап, кат жазсам, туулган күнүнө чакырды. Куттуктап барып "эми мамиле курууга болот" деп сунуш киргизип, апам менен тааныштыргам.
Жашоо майда нерселерден куралат. Ал биринчи жазышкан каттарды көрсөтүп баштапкы сезимди ойготту. Жолугушууга барганда подъездден кичинекей баладай колун сунуп чуркап чыкканын көрүп жибидим. Мурунку корс мүнөзүмдү акырындап сындырды. Ошондо Айганыш менин адамым экенин түшүндүм.

– Кызыңыздын төрөлүшү ого бетер өзгөртсө керек?
– Кызыма жубайым Эрмина деген ысым ыйгарды. Анын төрөлүшү жашоого болгон көз карашымды түп тамырынан өзгөрттү. Мен төрөт учурунда жубайымдын жанында болдум. Аны акушердик кушеткага жаткыргандан кийин гана мени сыртка кубалап салышты. Толготкон учурун көрүп аялзатына болгон мамилем өзгөрдү. Силер айымдар, азаматсыңар!

– Маегиңизге рахмат. Сиздей аялзатын барктаган эркектер көп болсун!

Эрмек ысык-көлдүк Санжардын образында.


"Апам Энелер күнүндө өлкө башчыдан Ардак грамота алган".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эрмек Кененсаров: "Эркектер-акмактар, айымдар-стервалар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Han1
2017-05-01 21:27:17
Азия MIX мен силерди жакшы кором
+1
sonisoni
2017-05-01 22:03:12
Апасы жап жаш сулуу аял экен суйлоп жатканда чоон балпайган аялды элестетип окуп жаткам кийин эле жааш аял турат Атамбаев менен.Ийгилик мындан ары да жеништерди багындырып журо бергиле Кыргыздын сыймыгы болуп!
+6
engel
2017-05-01 22:15:17
Azamatsyzdaar! Kyrgyz elin bir kubanttynyzdar KVNde chempion bolup! Ishinizderge iygilik! Jubaiy ekoonun kaira jolukkany jakty. )
+3
aliakg90
2017-05-02 12:44:42
ийгилик каалайм Алга! апасы жап жаш экен чын эле
+1
AleraTalerika
2017-05-02 19:07:50
опять двадцать пять((эми орусча суйлогусу келсе суйлойт да,орусча тушунбосонор барып уйронгуло эми башка эмне демек элем.Жакшы маек болуптур,аялы аябай жылдыздуу экен,бактылуу болгула.
+1
baatyrbek083
2017-05-04 09:39:13
Азия мих чемпион болгондо, иштеги орустар кыргыздар женди дегенде ушунчалык сыймыктангамын,дагы чоон ийгиликтерди жаратып журо бергиле
+3
aiperiska
2017-05-04 13:39:03
Алга Караколдук жердештерим!!!
+1
Aiturgan.95
2017-05-04 21:24:22
Сонун маек болуптур. азаматсынар. Ийгилик силерге.
+1
allanna
2017-05-04 23:49:40
Аааииии апасы жапжаш го омуру узун болсун
+2
Kroxa
2017-05-05 08:30:03
Ысык-колдуктор Бишкекте торолуп осушкон..ага ини молодцы..ата -эненин тарбиясын текке кетирбеген уулдар..
+2
aiperiska
2017-05-05 09:24:44
кайсыл жерде торолсо да оссо да ушинтип кыргыздын желегин желбиретип журо бергиле...силер менен сыймыктанабыз
+2
suban78
2017-05-06 10:52:00
Настр.е тушкондо ушул балдар тарткан "жол инклюзив" деген киносун коро берем, анча которулуп калат настр.е..азаматтар, ийгилик, алгааа
+1
lusia
2017-05-06 13:19:02
Азаматсыздар, силер квндин коркун ачасынар, мисалы россиянын бир да командсы силерге тен келбейт.Азаматсынар. Аялы аябай сулуу экен. Чын эле шок жигит болуп, анан аялы жашоосун озгорткону корунуп турат,негизи айтат го за сильной мужчиной стоит сильная женщина деп.Бактылуу болгула
+2
lusia
2017-05-06 13:21:41
келинчеги актрисадан кем калбайт экен. Аябай сулуу экен
+1
ZHaziko
2017-05-11 20:04:09
Азаматсын
+1
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан