БОИНГ КЫРСЫГЫ: ӨКМӨТ 35 КИШИНИН ӨМҮРҮН КАНЧАГА БААЛАЙТ?

Бишкектин четиндеги Дача-СУ аймагына кулаган Түркиянын жүк ташуучу учагынын ээси "ACT Airlines" авиакомпаниясы камсыздандыруучу компаниядан азырынча 36 миллион доллар алды. Бул тууралуу парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн отчётунда Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн маалыматына таянып айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, кыйраган учак үчүн түрк авиакомпаниясына камсыздандыруучу компаниядан 70 миллион долларга жакын акча төлөп берилет. Ал эми ошол кырсыкта көз жумган кыргыз жарандарынын өмүрү канчага бааланып жаткандыгы тууралуу суроого транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жооп бере алган жок. 27-апрелде өкмөт Боинг кырсыгында жабыркагандарга элден чогултулган 100 миллион 499 миң 300 сом акча которулду деген маалымат таратты. Бирок ӨКМ 20-апрелде эсепке 101 миллион 218 миң 3 сом чогулганын билдирген эле. Калган акчанын кайда кеткендиги тууралуу комментарий бериле элек. Ал эми жабырлануучулардын айтымында, акча которула элек. Кырсыктын чыгымы 195 миллион сомду түзгөнүн өкмөттүк комиссия эсептеп чыккан. 30-мартта Түркиядан 42 миллион сомдун тегерегинде каражат которулган. Бул сумманы жардамдын биринчи бөлүгү деп түшүндүрүшкөн.
Учак ээси болгон түрк авиакомпаниясы 70 миллион доллардай акчаны кыйраган учак жана жүк үчүн алып жатса, Кыргыз өлкөсү 35 жаранынын өмүрүн канчага баалайт?

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан