ДИНИЙ ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өлкө аймагында диний үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Алар "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешкен. Ошондой эле жалпы орто билими жок өспүрүмдөрдүн чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларына тапшыруусуна чекит коюу маселесин да көтөрүшүүдө. Демилге колдоо тапса, диний көз карашты жайылтуу максатында үйлөрдү аралап чакырык жасоо токтотулат. Комиссиянын айтымында, чет мамлекеттен диний окуу жайды бүтүп келгендер улуттун коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. "Азыркы учурда өспүрүмдөрдүн көбү Сауд Арабиясы, Египет, Түркия, Пакистан, Ооганстан, Индия жана Иран өлкөлөрүнө окууга кетишүүдө",- деп билдирет аталган мекеме. Ал эми муфтияттан учурда бул мыйзам долбоору боюнча юристтер карап жатканын билдиришти.
Демилге коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, дааватчылар, баптизм жана башка диндерге көчө аралап, үйлөрдү кыдырып үгүттөөчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышат.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан