Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 21-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү өрөөнүндөгү сугат түйүнүн ачуу иш-чарасына катышты. Алгач ал өлкө башчынын атынан куттуктоо сөзүн айтып, бул иштер улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирди. "Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүнүн экономикалык маанисинен тышкары стратегиялык мааниси да бар. Анткени чек араларды бекемдөөгө, ички миграцияны азайтууга мүмкүндүк берет",- деди Сапар Исаков. Аны менен катар ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, облус жетекчиси Абиш Халмурзаев да катышты.