Өлкө аймагында жол эрежесин бузган автоунаалар мажбурлап эвакуацияланат же дөңгөлөктөрү блокировкаланат. Аталган маалыматты Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясынан маалымдашты. Маалыматта блокировкаланган дөңгөлөктөрдү өз алдынча чечүүгө аракет кылган айдоочулар да айыпка тартылары айтылган. Ал эми автоунааларды эвакуациялоого жана айып аянтчасы үчүн бекитилген тарифтин негизинде унаа ээси акча төлөйт. Алгачкы 3 саат үчүн акча алынбайт.