Президент Алмазбек Атамбаев бир нече күндүк иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барды. Алгач 24-апрелде Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду унаа жолдорунун оңдоо иштери менен таанышты. 26-апрелде болсо өлкө башчы Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында облустун активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара суроо-жооп тартибинде болуп, президент 2015-жылдагы жолугушууда берген убадаларынын көпчүлүгү ишке ашты деп билдирди. Ошондой эле Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду автожолу жана Чок-Тал–Чолпон-Ата тилкеси туристтик сезонго карата июнь айында толук бүтөрүн билдирди. Мындан сырткары ири долбоорлор 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттөгү стратегиясына киргизилгендигин кошумчалады.