Алиша Диа, актриса, ырчы: "300 СОМ МЕНЕН БИЗНЕС БАШТАГАМ"

– Кандайсыз, Алиша? Маегибизди сиздин шоу чөйрөдөгү акыркы жаңылыктарыңыздан баштасак.
– Учурда "Сен деп жашайм" деген ырымды жаздырып бүтүп, клибин тартууга даярданып жатам. Буга чейин англис тилинде 2 ыр жаздыргам. Ырдоо боюнча дагы бир нече долбоорлорумдун үстүндө иштеп жатам. Мындан тышкары "Alisha Dia" деген кийимдер коллекциясын чыгарып, коңшулаш Казакстан жана Орусияга сатыкка жөнөтөм. Алар жергиликтүү базарларында сатылууда.

– Жеке ишкерлик менен алектенгениңизге канча убакыт болду жана демөөрчүңүз ким?
– Өзүмдүн кийимдер коллекциямды чыгара баштаганыма көп убакыт деле болгон жок. Башында 300 сом менен баштагам. Кездемени метрлеп алчумун. Акырындап бирөөгө экөө кошулуп көбөйө баштады. Азыр ошондон түшкөн акчаны ыр жаздырууга жана клип тартууга жумшап жатам.

– Ыр жаздырып жатыпсыз. Бир кезде ырдаган ырларыңыз элге сиңген эмес. Бул жолу да ошондой болот деп чочулабайсызбы?
– Жок, такыр ойлонгон жокмун. Мен бул нерсеге көңүл бурбайм. Анткени ырдоо жана тасмага тартылуу менин хоббим. Ал эми "үнү жок, ырдабай эле койсун" дегендердин ою менен жашабайм. Алардын пикири мени тамактандырбайт, кийиндирбейт дегендей. Менин жеке жашоом каалоомдон куралат да.

– Сиз тартылган "Шаардык келин Шарапат-2" тасмасы казактардын "Келинка Сабина" тасмасынын көчүрмөсү деп жатышат. Сценарий менен таанышканда плагиат экенин билип, баш тарта алган жоксузбу?
– Роль жаратуучулар сценарий менен Суусамырга тартылуу ишине баратканда тааныштык. Окуп алып нес болгом. Себеби "Келинка Сабинага" аябай окшош экен. Мындай болбойт деп ар кимибиз пикирлерибизди айтып жаттык. Барчу жерибизге жеткенден кийин "казактардын тасмасын көргүлө" деп көрсөттүм. Ошондон кийин айрым учурларын өзгөртүүгө туура келди, анан дагы тасманы тартууга 15 мүнөт калганда айтчу сөздөрүбүздү ойлоп таптык. Сөздөрүбүз башка болгону менен, тасманын маани-маңызы өзгөргөн жок.

– "Сценарийди иштеп чыгып, анан тарталы" дегендер болгон жокпу?
– Албетте, болду. Бирок көбүнүн убактысы ченелүү эле. Мисалы, Айнура Турганбаева театрда иштейт. Ал киши эмгек өргүүсүн алган. Болбосо ал эженин убактысы болмок эмес. Ушул сыяктуу учурларды эске алып, тасманы тартуу ишин токтото албай койдук. Чынын айтсам, биздин өлгөн жерибиз ушул экен деп ойлогом. Бирок монтаждалгандан кийин көрүп алып боорум эзиле күлдүм. Негизи тасмаларды көргөндө күлчү деле эмесмин. Кызыктуу болсо керек да. Орто эсеп менен алганда тасмалар 1-2 ай прокатта турчу. Бул тасма 4 ай прокатта турганына таң калдым.

– Актрисалык тушооңузду кайсы тасма кести жана баш-аягы канча тасмага тартылдыңыз?
– Кыргызстан, Германия жана Франция менен биргелешип тарткан "Тенгри" деген драмалык тасма болгон. Анда мен 15 жашта элем. Ошондон кийин Эрнест Абдыжапаров менен таанышып калдым. Мен роль жараткан тасмалардын жалпы саны 12 же 13 болсо керек. Алардын арасында эпизоддук ролдор да бар.

– Кайсы ролду аткаруу кыйын болду эле?
– Казактардын "Жаным" тасмасында роль аткаруу оор болгон. Терс каармандын образын ачып берүүдө кыйналдым. Тасмадан улам шүмшүк кыз болуп таанылып калдым да, кээде дүкөнгө барып калсам сатуучулар "Айсулууга ("Жаным" тасмасындагы каарман) тийишпечи, аны жайына койчу" дешчү. Ошентип көпчүлүккө жаман көрүнүп да алгам.

– Сунуштар болуп жатабы?
– Жакында эле казак кинематографисттери тарабынан сунуш түштү. Бирок интимдик катнашты чагылдырчу жерлери бар экен. Дароо эле баш тарттым. Албетте, акчасы чоң, бирок андай тасманы ата-энем, туугандарым кантип көрүшөт? Кандай гана сунуш болбосун анализ жасап, анан макулдугумду берем.

– Тасма тартуу оюңузда барбы?
– Ооба. Коркунучтуу кино тарткым келет. Бирок өзүм андай тасмаларды көрүүдөн корком. Кээде көрүп алып эшикке чыга албай, аркамдан мени бирөө ээрчип жаткандай эле сезилет. Балким, ушунусу кызык окшойт да.

– Чектен чыккан күйөрмандарыңыз болгонбу?
– Ашыкча кызганып "меники болосуң же эч кимдики болбойсуң" деген күйөрмандарым болгон. Үйгө чейин келип үйдү сүрөткө тартып алышып, мага жиберишчү. Бир жолу бирөө келип дарбазадан ашып түшүп үйгө кирип кетиптир. Телефон чалып "уктоочу бөлмөңдүн жанында турам, бери чык" деп телефонун коюп салды. Түшүнбөй эле кайра чалсам өчүрүп салат. Көрсө, үйгө кирип залда күтүп жатса атам келип, телевизор көрүп отуруп калыптыр. Атама көрүнбөй акырын чыгып дарбазадан секирейин десе, агам дос балдары менен туруптур. Кетиш керек болуп секирип түшүп, эч нерсе болбогондой машинасына отуруп кетип калыптыр. Кийин мага өзү айтып берип жатпайбы.

– "Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" демекчи, турмушка качан чыгасыз?
– Жооп бериш оорураак болуп жатат. Жигиттер көп, бирок сүйлөшө келсең эле "качан үйлөнөбүз?" дешет. Болбосо таанышканыбызга 1 же 2 ай болгон. Турмуш кургандан кийин бет кабын чечип, өнөрлөрүн көрсөтө башташат. Ошондон чочулайм. Сүйлөшкөн жигитим жок, ошондуктан азырынча турмушка чыкпайм.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

"Шаардык келин Шарапат-2" тасмасында кайненем менен борборго келген кезибиз".


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Nazik0116
2017-05-03 00:18:08
Шарапат жакшы эле кино корсо болот ...Кээ бир кинолорго окшобой(Ит уро берет кербен журо берет !Ийгилик Алиша Диа
+2
bond02
2017-05-03 03:27:53
Уят кыргыздар, казактын ырлары эле эмес эми кинолорун которуп баштадынарбы? Анан бир бала уйумо кирип кайра чыгып дегени тушунуксуз, бул кыз чатырда жашайбы деп ойлоп калдым.
+2
modem4999
2017-05-03 14:11:38
Кудай Берген атынды озгортпой эле койбопсун кыжырды кайнатып.
+2
Abdizhapar
2017-05-03 14:47:27
Создору тушунуксуз кирди караса агасы достору менен турат кетиш керек болуп ашып кетиптир деп калп суйлоп 300 сомго бизнес баштаганмын деп бир жолу эле 3 соиго десен болмок
+2
Truelensk
2017-05-04 01:00:16
Кудайды карап калп айтса боло 300 сом менен базарга барып эки байпак эле албаса.
+2
Truelensk
2017-05-04 01:03:08
Менде 500 сом бар баштасам мага деле кеч эмес экен да.
+2
gulperi.kg
2017-05-04 01:26:07
Казанына аш салып бергенсип жаман сындапсынарго.Шарапат киносуна тартылып озун пас кылды дейсинер озун бийике коюп кыйын болгондон коро жонокой болгон жакшыбы
+2
Djal1987
2017-05-04 03:18:53
Алимаш эле жакшы угулат экен. Эркеоеткендей
0
gulbar
2017-05-04 13:08:26
залга кирип отуруп алыптыр дейт го.....атасы коруп эч нерсе дебептирби....чоочун адам неге келди деп
0
aiperiska
2017-05-05 09:30:59
Шарапаттын башын коргондо эле кечирип кой дегем эптеме септеме ишикылып кино болсо болду да...
0
cholpon119966
2017-05-05 14:03:33
Материалдарды метрлеп сатып алып бирине экинчиси кошулуп деп жатпайбы тушунсонор,ошентип уланып кеткендир да. Мага кандай болсо деле ушул кыз жагат. Сонун ойнойт го. Ийгилик!
0
orxidey
2017-05-06 18:28:50
Жакшы ойнойт кинодо Шараптты да жакшы ойногон чыгармачылык ийгилик.
0
myrza_aryk
2017-05-07 00:26:42
300 сом эмес бир тыйын акча жок базарда подирал алып бизнес бащтагандар бар
0
myrza_aryk
2017-05-07 00:30:50
жап жашынакай кино корсонор болот кино коргондор өзунөрдун эмосциянар менен көрсөнөр кызык сөздору кулкулуу комедия кино экен
0
Altyn1111
2017-05-07 22:23:37
Алиша озу жонокой ачык жакшы кыз. Бирок дайым эле жаман кыздардын орунда ойной бересин. Шаардык келин шарап деген к иного тартылбай эле койсон болмок озундун денгээлинди тушуруп.
0
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан