ТАРТЫНЧААК БОЛБО! БААРЫНАН КУР КАЛАСЫҢ...

Адистердин айтымында, тартынчаак адамдын психологиясы абдан оор жүктү көтөрөт. Ойлогон оюна жетпегенине кысылып, кыжалат болуп, нерви бузулуп депрессияга кабылат. Андыктан адам эмне себептен тартынчаак болуп каларлыгы, бул мүнөздөн кантип арылуу керектигин психолог Самат Аалканов айтып берет.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДАСЫ

  • Тартынчаак адам коомго пайдалуу инсан. Анткени ал жумушта, коомдук жайларда, үйдө маселе жаратпайт жана эч кандай чыр-чатакка барбайт.
  • Тартынчаак адамдар зулумдук, үстөмдүк кылбагандыктан боорукер, ак көңүл болушат.
  • Өзүн-өзү сындап, сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп тургандыктан өзүнө чексиз ишенген адамдарга караганда жагымдуу көрүнүшөт.
  • Илимпоздор тартынчаактар ишенимдүү дос болорун далилдешкен.
  • Адамда "кой, уят" деген тартынуу сезими болгону үчүн эл арасында туруктуулук сакталып турат. Бул сезим болбосо ар ким өз билгенин кылып коом баш аламан болуп кетмек.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ЗЫЯНЫ

  • Тартынчаак адам уялып жатып өз оюн так түшүндүрө албай чар-жайыт сүйлөйт.
  • Сындан корккону үчүн өз алдынча бир иш жасай албайт. Көпчүлүк менен тил табыша албагандыктан жумуш табууда кыйналат.
  • Эл көзүнөн оолак болгонго аракет кылып, четке качып, көп нерседен куру калат. Айрымдар карап койсо толкунданып, кызарып чыгат. Бул жүрөктүн согушун, дем алуусун, нервдин иштешин бузат.
  • Өзүн чектей бергендиктен тартынчаактар өз потенциалын ача албай калышат.
  • Тартынчаактар бат таасирленгендиктен бир аз ката кетирип алса, көпкө чейин унутпай, өзүн жей берип бул мүнөздүн татаалдашына алып келет.
  • Тартынчаактар өз укугун коргой албагандыктан баркы түшүп, кемсинтүүлөргө дуушар болушат.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Бала төрөлгөндө ак барактай таза болуп, анда коркуу, өзүн чектөө, тартынуу сезими болбойт. Качан ал чоңоюп, жашоо менен тааныша баштаганда ата-энеси тарбиялап кирет. "Элдин алдында кыйкырба, кармаба төгөсүң, чуркаба жыгыласың" деп чектей бергенде бала "кыйкырбаш керек, ырдабаш керек, такыр эле элдин алдында өзүңдү көрсөтпө" дегендей түшүнүшү мүмкүн. Анан чоңойгон сайын ошол мээсинде калыптанып калган принциптерди колдоно баштайт. Кийин бой жеткенде бирдеме кылайын дейт, бирок "жасай албай уят болуп калам же бирөөгө жакпай калсачы?.. Уят болгондон көрө сүйлөбөй эле коёюн, жетишкендиктерим менен мактанбайын, жаңы адамдар менен таанышпайм" деп элден оолактай баштайт.

ТАРТЫНЧААКТЫК ТУКУМ КУУЙТ

Мисалы, бала бирөөнүн баласын уруп койсо же уят сөз айтса ата-энеси экинчи кайталабасын деп катуу жазалайт. Анда балада жасагың келген нерсени жасабаш керек турбайбы деген жыйынтык жаралат. Ошентип ар бир чектөө мээсине сиңе берет. Бала "мен коомго туура келбейм, мен сулуу эмесмин, акылдуу эмесмин..." деп, өзүнө болгон ишенимдери жоголуп, коркуу сезимдери пайда болот.
Айтылгандардан сырткары тартынчаактык тукум кууйт. Эгер бул мүнөз сиздин психогенетикаңызда болсо, чоң атаңыздан атаңызга, андан сизге, сизден балаңызга берилет. Сиз өзүңүз тартынчаак болуп туруп балаңызды бул мүнөздөн алыс кылып тарбиялай албайсыз. Анткени балдар чоңдорду карап, көрүп, туурап калыптанат. Ата-эне тартынып, уялып турса, бул сезим автоматтык түрдө балага өтөт.

БИЗДИН ПСИХИКАБЫЗ КАЙДА?

"Биздин психикабыз кайда?" десек, эмне деп жооп берет элеңиз? Көрсө, психикабыз биздин бүт денебизде экен. Жогоруда айтылгандай, кичинекей кезибизде алгандарыбыз денебизге сиңе берет. Анан өз оюңду айтканда же бирөө менен таанышканда денеңдин төш жагы кысылып, тамагыңа бир нерсе тыгылгансып, баш ооруп, бет дуулдап кызарып, үн каргылданып чыгат. Көрдүңүзбү, мээ алдыга сүрөгөн менен, дене өзүн коргогонго аракет кылат. Биз өзүбүздү кыйнап тартынчаактыктан арылууга аракет кылган сайын стресс боло беребиз. Андыктан алгач денедеги стресстен арылышыбыз керек. Учурда психотерапия абдан өнүккөн, мындай маселелерди психотерапевттин жардамы менен чечсе болот.

ӨЗҮҢДҮ КОРДОБО!

Мисалы, бирөө көпчүлүк элдин астына чыгып сүйлөгөндөн тартынат. "Эл күткөндөй болбой, толкунданып жатып туура эмес сүйлөп алсамчы?" деп кыжалат болот. Муну социофобия дейбиз. Аларга айрымдар "коркуп турсаң деле билгизбей күлүп сүйлөй берсең, коркунучту жеңип кетесиң" деп кеңеш беришет. Бул таптакыр туура эмес, анда адам өзүн кордогон болуп калат.

ТАРТЫНЧААКТЫКТАН АРЫЛУУНУН БИР ЖОЛУ

Сиз кандай учурда тартынасыз? Минтип өзүңүзгө суроо бергенде мээңизге биринчи келген ой маанилүү.
Эгерде "эл астына чыгып сүйлөгөндө" десеңиз, эмнеге көпчүлүктүн астына чыккандан тартынасыз? "Туура эмес сүйлөп алам" дешиңиз мүмкүн.
Туура эмес сүйлөп алсаңыз эмне болот? "Эл күлөт" дейсиз. Демек, шылдың болгондон коркот турбайсызбы. Шылдың болбош үчүн сүйлөбөй койсоңуз, сиз уят сезиминин үстүн коркуу сезими менен жаап койгонсуз.
Сизди коркуу сезими коргоп келет. Балким, бул сезим бала кезде байкеңиз же эжеңиз шылдыңдаганда, мектепте аябай аракет кылып бийлесеңиз мугалимиңиз урушуп салганда жан дүйнөңүзгө сокку болуп денеңиздин бир бөлүгүнөн орун алып калган.
Мындан арылса болот, кана, өзүңүздү бир жыйында же тойдо сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз. Уялганыңызды сезип жатасызбы? Ошол уялганыңызды денеңиздин кайсы жери менен сезип жатасыз?
Ал кандай экен: көлөмү, формасы, өңү, жумшак же катуу бекен, баарын элестетиңиз да, колуңуз менен ошол нерсени сууруп алыңыз.
Колуңузга кармап, ал заттын артында ээси бар деп элестетиңиз. Ага карап "мен сага ыраазымын, мени эмне деген стресстерден коргоп келдиң. Мен сага эч качан күлбөйм, сени эч качан шылдыңдабайм, мен сени коргойм. Баары жакшы болот, элдин астында чыгып сүйлөгөндө эч кандай коркунуч жок. Мен чоңойгом, мен сүйлөгөндү билем. Силердин максатыңар эмне?" деп караңыз, сизге эмне элес тартылды?
Эми ошол элести таштандыга өзүңүздөн алыс ыргытыңыз. Дагы көпчүлүктүн арасында сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз, толкундоолор азайдыбы? Мына ушинтип тартынчаактыктан акырындап арылууга болот.

БАЛАҢЫЗ ТАРТЫНЧААК БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН

  • Балага тиешелүү маселелерди шыр өзүңүз чечип салбай, баланын да оюн угуңуз. Антпесеңиз, бала сизге көз каранды болуп, өз ою менен эсептешпей калат.
  • Колдон келишинче үй-бүлөлүк маселелерди балдар жок маалда чечишип алыңыз. Ата-эненин чыр-чатагы баланын психикасына түздөн түз таасир этет.
  • Балаңыздын сунушун колдоп, анын артыкчылык, кемчилик жактарын көрсөтүп бериңиз. Болбосо "мени апам колдобой коёт" деген коркуу сезими пайда болот.
  • Балаңызды эч качан кемсинтпеңиз жана башкалардын да кемсинтүүсүнө жол бербеңиз.
  • Мектеп которгондо же мугалим алмашканда бала көнгүчө абалын сурап, сезимдери тууралуу сүйлөшүп туруңуз.
  • Балаңызды башкалардын көзүнчө сындап көңүлүн чөктүрбөңүз. Маанайдын чөгүүсү түнт болууга алып келет.
  • Мээрим төгүп, ар бир ийгилиги үчүн мактап туруңуз. Бул баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тартынчаак болбо! Баарынан кур каласың...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Jaziko80
2017-05-02 11:31:54
Жакшы Эн соонун кенеш экен. Баарына рахмат.
0
bem.03
2017-05-02 11:53:15
Тартынчаактар коп экенбиз. Ооба тарбия туз таасир берет экен. Бизди да катуу тарбиялашкан, (уруп-согуп эмес, ата -энебиз "серьезный" кишилер да) озундон чондун астында озунуп суйлобо, орой болбо, урушпа, сеники чын болсо да унчукпай кое бер талашпай деген сыяктуу мээбизге синип калыптыр. Ошондуктанбы элдин козунчо суйлой албайм, эмне дейт,эмне деп ойлойт, туура эмес болсочу, катуу тийип конулу ооруп калсачы, лучше суйлобой эле коеюн дейм анан.
+2
waiting
2017-05-02 13:17:50
Ушул макаланы окуп 180`градуска озгордум. Рахмат СУПЕР инфо жамааты!! Уйдо тартынуу такыр жок экен бирок, ким мн суйлоштум,эмне жонундо суйлоштум апам мн сырдашып,каткырып талкуулап отурабыз. Атам,акем бапры менен..Бирок досторум мн эч суйлошкум жок,балким коомду озгортуу керек.
+1
Siren.ms
2017-05-02 15:24:06
waiting,жакшыкенда кочодогулор мн суйлошуп сырдашкандан коро уйундогулор мн апан мн сырдашкан кандай жакшы бирок мен анте албайм балдарга мээримди кобураак берип чонойтуш керек ошондо гана бала энеге мээримдуу болот экен
+1
Siren90
2017-05-02 14:59:34
Мен копчулуктун алдында ырдаганда жакшы эле баштап кайырма жака келгенде унум каргылданып, оозум титиреп кетет, демек аябай эле тартынчаакмын, жене албай журом ушул сапатымды жашоомо коп тоскоол болот
0
Girl1996
2017-05-02 15:30:39
мен суйлосом суйлой берем, бирок кее бир адамдар бар сурдото турган. Ошолорду көргөндө сүрдөп, уялып, созумду таппай калам. Бул тартынчаактыкка киреби?
0
Summersunshine
2017-05-03 16:53:54
Жакшы психотерапевтке барышым керек экен. Номери болсо жазып койсонуздар. Рахмат
0
Tyn4a92
2017-05-03 18:31:56
Мен жендим бул ооруну. 1-эреже: Фальшивый болбош керек.элдин сынынан коркпош керек.
+3
Bayya92
2017-05-04 00:33:43
Ehh atadan balaga otkonu kyzyk atamy ele tartkamyn go baary ele owondoi oilop korsom baary tuura
0
Bayya92
2017-05-04 00:34:42
Birok adamdyn ozgoruwu kyiyn
0
Gulirka.95
2017-05-04 02:06:37
Эле аябай эле таартынчак
акмын.
0
Sarywka2017
2017-05-04 07:59:27
Мен уйдун кичуусу болгондуктанбы? Аябай тарсылдаган кызмын, туугандар эч ким унчукпайт менин характеримди билет бетке айтып на место койуп койом. Ата-энем мээрим тогуп турат 4-курстун студенти болуп калсам деле атам эркелетип кундо 10-15 жолу обуп эркелетип турат. Значит бактылуумун. Коментарийлерди окусам баары эле таартынчакмын дейт а мен тартынчак боло албай жатам.
+2
janchar
2017-05-04 16:23:05
Мен да тартынчаакмын.Тартынчаактыктын айынан орус тилин уйроно албай журом.Орусча уйроноюн деп, соз уйронуп, орусча суйлосом эле кулуп ийишет.Ишге да кире албай журом тартынчаактын айынан. Орусча суйлоп калса кантем?же орусча ката жооп берип калсам шылдындашат деп.Курсга барсам баары жаш балдар менен чогуу окуйт экем 1 кун барып эле барбай койдум орусча суйлосом жаш балдар кулуп жиберишкенде
0
waiting
2017-05-05 00:56:04
janchar,Курста дагы озунчо девизи бар,"Тил уйроном десен тартынба,уялба!" деген. Кээбир кыйынсыган адамдар бар,кечээки эле озун акыбалын унутуп бироону шылдындаганы даяр турушат. Алар сизден умут кылып,кантип суйлоор экен деп чекчейип карап турушканда сиз маани бербешиниз керек,ичинизден созунузду кайталап сыртынызга чыгарып айтып корсонуз,,уйдо тилди даярдоо керек,чойрого карайт,орусча суйлогондор м"н журуп.
0
Boldukan86
2017-05-05 19:48:01
олоо жазасынар чыныгы жашоодо тартынчаак турбайсынарбы. тартынчаактардын сезими да кучтууроок болсо керек себеби сыртка чыгаргандан тартынып ичтен жеткире ойлонот.
0
AKCAHAT
2017-05-08 03:32:00
Тартынчаактык адеп ахлак тарбыянын жакшылыгынын белгиси. Оозум бар деп тартынбай суйлой бергенден кудай сактасын вообще жакпайт ошондой адамдар. Керек жерде суйлош керек керек жерде тартынып туруш керек адам бетпактанып ызылдабастан туш келди
0
tt8888
2017-09-06 23:05:47
Тартынчаак партынчаак дебей эле.акыл Эси Ордунда ак конул нормальный Адам мн мамиледе болсон кандай жакшы.шустрый болсо деле тартынчаак болсо деле.
0
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан