ЖАНБУЛАТ АМАНТАЕВ

Спорт жылдызы

Спорт жаатында Кыргызстанды дүйнө элдерине тааныткан мекендештерибиз үлкөн өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу саналуу гана. Алардын катарында кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, учурда Кыргызстандын Кикбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Жанбулат Амантаев да бар.


КИКБОКСЧУЛАРДЫН АЛТЫН КУРАМЫ
1995–2002-жылдар. Ата мекендик кикбокстун алтын курамы чогулган кез. Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондору: Ануар Ибраев, Өткүр Худояров, Мирбек Сүйүнбаев, Жанбулат Амантаев, Иса Мамбетов, Канатбек Сыдыгалиев, Малик Борбашев, Али Порсуков, Шабан Шадманов, Руслан Абасов.


Жетишкен ийгиликтери
– Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында 2 жолку Европа чемпиону, 4 ирет Дүйнө чемпиону, профессионалдар арасында интерконтиненталдык курдун 2 жолку ээси, “кикбокстун падышасы” таажысынын (1998-жылы) ээси.
Учурда – Кыргызстандын Кикбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу, “Гермес-Профи” жана "Алыш" спорт клубдарынын ага машыктыруучусу.
Үй-бүлөлүү – 1 кыздын атасы.


– Жанбулат мырза, өлкөбүздө болуп өткөн окуя тууралуу сура­бай туруп маекти баштай ал­баспыз. Бул күндөрү эмне иш кыл­ды­ңыз?
– Таласта коогалаң башталганын укканбыз. Анан 7-апрелде Бишкекти талап-тоноо башталды. Спорт коомчулугу түзгөн дружиначыларга кошулуп, 8-9-апрелдин түндөрүндө шаарды мародёрлордон кайтарууга жардамдаштык.
Учурдан пайдаланып ал күндөрү каза тапкандардын ата-энелерине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
– Сиз тууралуу кенен маалымат алгысы келгендердин саны көп. Бирок спорттогу жетишкендиктерди коё туруп, балалык күндөрүңүз кайда калганын билгим келди...
– Өзүм Казакстандын Чымкент облусунун Казыгурт районунан болом. Кадимки эле айылда жашап, мектеп партасынан чыга электе спортзалга бара баштагам. Машыгууну эркин күрөштөн баштагам. Андан соң ушу сань да, тай боксуна кызыгып кеттим.Ошентип жүрүп 1991-жылы Ташкенттеги Дене тарбия институтуна тапшырдым. 1993-жылы КМШ чемпиондугунда тай бокс боюнча жеңүүчү болдум.
– Өзүңүз казакстандык болсоңуз, Өзбекстанда окусаңыз, эмне үчүн ал эки өлкөнүн бирин эмес, Кыргызстанды таанытып калдыңыз?
– 1995-жылы март айында ушу сань да боюнча Алматыда Эл аралык чоң турнир болгон. Мен Өзбекстандын атынан, Кыргызстандан Малик, Шабандар барышкан. Турнирде жеңип чыккам. Ошол турнирден кийин Сашанын (Александр Воинов) чакырыгы менен Кыргызстанга келип калдым. Көрсө, “ушул жигитти биздин командага чакыралы” деп Анара Воинова Сашага акыл салган экен. Казактардан мен, Өзбекстандан Ануар Ибраев, Дагестандан Али Порсуков үчөөбүз удаа келдик. Ошол эле жылы “Манастын” 1000 жылдыгына карата Франция менен Кыргызстандын ортосунда Эл аралык турнир өттү. Биздин командадан Шабан Дүйнө чемпиондугун утуп алды. Ошентип, Кыргызстандан кикбокс боюнча Дүйнөнүн биринчи чемпиону чыкты. Андан ары биздин жигиттер биринин артынан бири чемпиондук курга ээ боло башташты.
– Рингдеги эң оор жеңиш жана эң оор жеңилүү качан болду эле?
– Оор сокку жегенге караганда да колдо турган жеңишиңди тарттырып жиберген жаман. 1999-жылы франциялык Жузеппе Юкоганди менен болгон беттеште адилетсиз жерден жеңилгеним оор болгон. Бир судья француз, экинчиси хорват, үчүнчүсү кыргыз болчу. Менин жеңгениме жалпы зал күбө болгон. Бирок эки судья французга тартып, бир балл менен Жузеппеге чемпиондукту берип коюшкан.
Кыйынчылык менен келген жеңиш деп АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн профессионалдар арасында Дүйнө чемпиондугунда төртүнчү ирет утканымды айтар элем. Машыктыруучум Саша бара албай, Канат Сыдыгалиев менен ал жакта жүргөн Алмаз Раимкулов экөө секундант болуп беришкен. Мен америкалык Гектар Пена менен беттешкем. Ал да 4 жолку Дүйнө чемпиону болчу. Судьялар да, каршылашым да ошол жактыктар, мындайда таза жеңиш менен гана утуп чыга аласың. Бир-эки балл айырма болсо, жеңиш тиги тарапка ооп кетмек. Беттеш тууралуу кабарды кечирээк алганыбыздан улам жакшылап даярданууга жетишпей калдык. Анан 2 күндүн ичинде 3 килограммга арыктоого туура келген. Ошол жеңиш мен үчүн абдан оор болгон.
– Эмне үчүн азыр кикбокс оозго аларлык ийгилиги менен кубанта албай жатат?
– Ал кезде кикбокс Кыргызстанга жаңыдан кирген, кызыгуу абдан жогору болчу. Күчтүү демөөрчүлөр да бар эле. Мисалы, Борис Силаев кикбокстун өнүгүшүнө абдан чоң салым кошкон.
Анан да ошол кезде чынында “звёздный” состав чогулган экен. Мындай көрүнүш спортто чанда болот. Ал кезде Кыргызстан кайсы өлкөгө туш келбесин, баары чочулашар эле. Азыр Орусия, Казакстан ошондой. Кикбокс спорттун олимпиадалык түрүнө кирбейт. Орусия ага карабай мамлекеттик каржылоого киргизип койгон. Айлап-айлап сбордо жүрүшөт. Машыктыруучулары айлык, кикбоксчулар стипендия алышат. Ошондуктан аларда стимул күчтүү.
– Ошол алтын курамдын ийгилиги дагы кайталанарына ишенесизби?
– Ал ийгиликтер толугу менен кайталанат деп айта албайм. Бирок келечектен көптү үмүттөндүргөн 7-8 бала бар. Мисалы, Кумар Жалиев менен Ален Офойо Евразия чемпиондору. Кыргызстандын Президентинин кубогун да экөө удаасынан утушту. Алексей Федосеев деген жигит Европа чемпиону. Бирок былтыр Австрияга Дүйнө чемпиондугуна барып, ийгиликсиз кайтып келдик. Ошентсе да мен балдарды күнөөлөй албайм. Анткени чейрек финалда Орусияга туш келдик. Эгер финалга чейин Орусия менен беттешпесек, ийгилик менен келмекпиз.
Эми быйыл Кытайда ушу сань да боюнча Азия оюндары, андан кийин кикбокс боюнча Европа чемпиондугу Бакуда өтөт. Ошого даярданып жатабыз.

– Спортто саясат, бизнес барбы?
– Албетте, бар. Ар бир жеңиш өл­кө­гө аброй алып келет. А өлкөнүн аброю бар жерде бир канча өлкөнүн кызыкчылыгы да болот. Андай кызыкчылык бар жерге акча аралашпай койбойт.
– Эң чоң гонорарды качан жана канча алгансыз?
– Чемпиондор арасында Интерконтиненталдык кур үчүн АКШлык Денис Стил менен болгон беттеште чоң гонорар алгам. Ал акча америкалыктар үчүн көп деле эмес, бирок биздин жашоого салыштырганда жакшы эле сумма болчу.
– Учурда Кикбокс федерациясында башкы машыктыруучусуз, а жеке жашоодо кимсиз?
– Камкор ата, ата-энеме күйүмдүү уул болсом керек. Атамдар Казакстанда жашашат. Экөө тең пенсиядагы адамдар. Менин беттештеримди такыр көрүшчү эмес. Апам “Аллага тапшырдым” деп коюп эле отуруп калчу.
– Спорттон эмне таап, эмнеден куру калдыңыз?
– Спорттук карьерада көздөгө­нүмдүн баарына жеттим. Эми тарбиялап жаткан балдарды ошондой ийгиликтерге жеткизсем деген тилегим бар. Спорттун айынан бир нерседен куру калдым деп капаланып көрө элек экенмин.

Шаиста Шатманова
sport@super.kg


Жергиликтүү кабарлардан

Тай бокс

ШЕВЧЕНКО БРАЗИЛИЯДАН АЛТЫН МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТТЫ
Мекендешибиз Валентина Шевченко Бразилияда тай бокс боюнча өткөн Панамерикалык чемпиондукта алтын медаль утуп алды. 60 килограмм салмак категориясында Валентина Бразилиянын чемпионунун үстүнөн жеңишке жетишкен.
Чемпиондукка Түндүк, Борбордук жана Түштүк Американын күчтүү спортчулары катышты.

Велоспорт

ВАККЕРДИН КОЛО МЕДАЛЫ
Евгений Ваккер БАЭнин Шарж шаарында велоспорт боюнча өткөн Азия чемпиондугуна катышып, коло медаль менен кайтып келди. Ал жалгыздан жарышта 43 чакырымды 54:26.07 убакытта басып өткөн. Спортчубуз алдыңкы орундарды казакстандык А.Мизуровго жана ирандык Х.Аскариге тарттырып жиберди.
Чемпиондукка Азиянын 24 өлкө­сүнүн спортчулары катышкан.

Баскетбол

КУРАМА КОМАНДАБЫЗ 1-ОРУНДУ КАМСЫЗ КЫЛДЫ
Баскетбол боюнча КРнын курама командасы Эл аралык мелдештен алтын медаль менен кайтып келди. Мелдеш Казакстандын Түркстан шаарында өттү.
Матчтын башталышында казакстандык спортчулар артыкчылык кылып жатышты. Бирок бир аздан соң эле биздин оюнчулар мыкты экендиктерин далилдөөгө өтүштү.
Ошентип жалпы эсеп: Казакстан-Кыргызстан: 44-64 (16-17; 13-26; 6-15; 9-6) менен аяктады.


Эл аралык кабарлардан

Футбол

РОНАЛЬДИНО “МИЛАНДА” ДАГЫ 4 ЖЫЛ КАЛАБЫ?
"Милан" клубу Рональдино менен жаңы келишим жаатында сүйлөштү. Келишимде оюнчунун 2014-жылдын июнуна чейин “Миланда” калуусу каралган. Оюнчу аталган мөөнөткө чейин “Миланда” калып, анан карьерасын мекени Бразилияда аяктоону каалагандыгын билдирүүдө.
Рональдино 2004-жылы ФИФА версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты оюнчусу" деп табылып, 2005-жылы кайрадан аталган наам менен кошо “Алтын топтун” ээси болгон. Испаниянын 2 жолку чемпиону жана 2005-2006-жылдардагы сезондун Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (“Барселонанын” курамында).

Бокс

ХОЛИФИЛД БОТТУ УТУП АЛДЫ
Супер оор салмак боюнча Дүй­нө­нүн 4 жолку чемпиону америкалык Эвандер Холифилд бир жылдык тыныгуудан кийин рингге кайткан эле. 47 жаштагы мушкер кайтып келери менен түш­түк африкалык Франсуа Бот менен беттешип, аны 8-раундда нокаут ме­нен жеңип алды. Алгачкы раунддарда Франсуа артыкчылык кылып жаткан болсо, 6-7-раунддарда үстөмдүк Эвандерге өттү. 8-раундда Эвандер каршылашын бир муш менен сулатып, 30 секунддан соң рефери оюнду токтотту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kuppher
2010-04-19 21:56:47
altin kuramdin taymashtarin kaidan tapsa bolot?
0
Nuray
2010-04-24 15:36:31
Kanat Sydygaliev jonyndo keniri maalymat bergile4i
0
№ 389, 16-22-апрель, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан