ЭЛЬ-КЛАСИКО: МЕССИДЕН 500 ГОЛ

22-апрель түнү футболдогу ири салгылаш – испан чемпиондугунда Эль-Класико орун алды. Бул оюндар жыл сайын эки жолудан кем эмес болуп турса дагы ар бир беттеши өзгөчө өтөт. Бул жолкусу Лионель Мессинин "сыйкыр" оюну менен эсте калды.



Эль-Класико – Испаниянын эң атактуу элдешкис эки командасы "Реал" менен "Барселонанын" тиреши ушундай аталат. Бул өлкөнүн эки ири шаарларынын беттеши, испан чемпиондугун эң көп уткан командалардын тиреши.

«РЕАЛ» 2:3 «БАРСЕЛОНА»


Голдор: Каземиро (28-мүнөт), Родригес (85-мүнөт) – Месси (33-90-мүнөттөр), Ракитич (73-мүнөт)

ЧИЕЛЕШКЕН ЧЕМПИОНДУК

Учурдагы "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан менен "Барселонанын" машыктыруучусу Луис Энрике футболчу кезинде экөө тең аталган командаларда ойноп келишкен. Футболчу катары 8 жолу Эль-Класикодо кезигишкен. Экөө кайрадан футбол талаасында жолукту. Эми машыктыруучу катары.
Беттеш алдында Чемпиондор Лигасы кайсы команда үчүн оор сыноо болгону суроо жаратып жатты. Себеби жуманын ортосунда "Реал" да, "Барселона" да чейрек финалдык оюндарды өткөрүшкөн. Мадриддик команда 120 мүнөттүк салгылашта "Баварияны" жеңип чыкса, каталондук клуб "Ювентустан" өтө алган жок. Жарым финалга чыккан "актар" үчүн бул кошумча умтулуу болобу же ызаланган "блауграна" намысын ойготобу, Класиконун алдыңкы суроосу болду.
Испан чемпиондугунун 33-туру. "Реалда" 75 упай, "Барселонада" 72. "Сантьяго Бернабеунун" ээси жеңишке жетишсе чемпион аныкталды дей бер. Коноктор жеңсе, анда атаандаштардын упайлары теңелип, чемпиондук ого бетер чиелешмек.

ЧАБУУЛГА ЧАБУУЛ, ГОЛГО ГОЛ

Оюн бардык күйөрмандарды капа кылган жок. Командалар чабуулга чабуул менен, голго гол менен жооп берип жатышты. Рамос Мессиге каршы туруп жатса, Пике Роналдуну токтотууга аракет кылды. Ортоңку бөлүктө хорват Модрич дагы бир хорват Ракитичти топсуз калтырууга белсенет. Бир улуттан болсоң да бүгүн атаандашсың.
Дисквалификациядан улам Неймарсыз калган "Барселонага" ыңгайлуулук жаратып оюндун жарымында Гарет Бейл жаракат алып калды. Буга карабай эч ким коргонууда отуруп калууну эп көргөн жок. Зидандын футболчулары дарбазага таамай 14 сокку узатышты. "Барселонанын" дарбазачысы Тер Штеген анын 12син тосту. Азыркы "Реал" гол киргизгенди жакшы билет. Бирок коргонууну унутуп калмай жайы да бар...
85-мүнөттөгү Хамес Родригестин голу оюндун эсебин 2:2 кылды. Көпчүлүк күйөрмандар оюн тең чыгат экен деп ойлоп калышты. Бирок...

МЕССИ! МЕССИ! МЕССИ!

Месси бул күнү шумдуктуу оюн көргөздү. Дээрлик бардык кооптуу абалдар Леонун жардамы менен жүрүп жатты. Буга "Реалдын" оюнчулары канчалык каршы турбасын, жыйынтыгы Рамостун кызыл айып кагазын алууга түрттү. Оюндун бүтөрүнө
1 мүнөт калганда сол капталдан чыгарып берген топту Месси жакынкы бурчка сокку узатты. Топ дарбазада! Навастын секириги жардам бере алган жок.
Акыркы убактарда "Месси 2-3 жыл мурунку Мессиге окшошпой калды" деген сөздөр айтылып баштаган. Эми Лео алардын оозун жапты. Кайрадан. Көрөрмандар Мессинин улуулугун өз көзү менен көрүп, ыраазы болуп калгандай туюлду...
Бул Месси үчүн "Барселонада" жараткан 500-голу. Ал голдон кийин футболкасындагы атын көргөзүп жатса, ал эми талаанын аркы бетинде Роналду ызасын билдирип жатты.

ОЮНДАН КИЙИН...


Зинедин Зидан:
«Он оюнчу менен ойноп жатканда абайлаш керек болчу. Эми ким чемпион болот суроосу ачык бойдон калды».


Луис Энрике:
"Месси футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу".


Лионель Месси:
"Бул жеңиш бизди кандай учур болбосун колдогон күйөрмандарыбыз үчүн!"


Серхио Рамос:
"Кызыл кагаз ашыкча болду. Бирок биз "Барселонадай" жеңилүүнү калыстарга шылтай бербейбиз".


Жерар Пике:
"Калыс ишин туура аткарганда "Реал" үчүн оюн дайыма оор болот".

«ЛЕО ЧЫНДЫГЫНДА ГЕНИЙ!»

Урмат Усенов, ырчы:
– "Реал" командасына Криштиану Роналду келе элек мезгилден бери күйөрмандык кылам. Беттеш чын эле 2 титандын кагылышы болду. 2 команда тең мүнөздөрүн көрсөтүү үчүн таймашты. Месси дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты оюнчу экенин далилдеди. "Реалдын" алдыда Чемпиондор Лигасында маанилүү оюндары бар болгондуктан бул оюнга 100 пайыз күчүн жумшай алмак эмес. "Барселонада" жалгыз гана өлкө чемпиондугун утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар, андыктан бул оюнга болгон аракетин жумшашы шарт болчу.


Максат Садырбеков, "
Non-Stop" тобунун солисти:
– Негизи мен кичинекей кезимден эле "Реал Мадрид" командасынын күйөрманымын. Тактап айтсам, спорт дүйнөсүндө кумирим – бул Зинедин Зидан. Болуп өткөн оюн абдан кызыктуу болду. Бирок бул көп деле таң калтырбайт. Анткени дүйнөнүн эң мыкты делген командаларынын оюну ар дайым кызыктуу болот. Лионель Месси "Барселонаны" бир тепкичке көтөрдү. Ал оюнчунун талантына таазим. Бирок "Реал" үчүн баары алдыда! Hala Madrid!


Алмаз Мирзалиев, футболчу:

– "Барселона" ­кандай күнгө кабылса да аларды колдоп турам. Бул жеңиш эми алдыга дем-күч берип, испан чемпиондугун утууга жардам бериши керек. Чемпиондор Лигасынын оюндарынан кийин мындай жеңишке жетишүү абадай эле керек болчу. Каталондук клубдун күйөрмандарын куттуктайм. Лео чындыгында гений!



Бакыт Осмонканов, актёр:
– Мен "Барселонага" 5-6 жылдан бери колдоо көрсөтүп келем. Мага бул команданын ойноо тактикасы жагат. Оюн тууралуу айтсам, дүйнөлүк масштабдагы командалар мелдешип жатса, кантип кызыксыз болмок эле? Албетте, кызыктуу. "Барселонанын" оюнчуларынын маанайы суз болчу. Анткени Чемпиондор Лигасындагы жүрүшүн токтоткон, анын үстүнө Неймар ойногон жок. Бирок Месси Неймардын ордун жоктотпой командасын алдыга чыгара алды. Мессинин оозун жарып салышканы жана "Реалдын" капитаны Серхио Рамостун оюнда кызыл кагаз алганы оюндун эң кызыктуу учурлары болду.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ilgizk
2017-05-01 15:54:41
Барса бул Барса!!!
Лео бул Лео.!!!
0
Alixan-Nookat.2015
2017-05-02 10:42:59
Реал Мадрид алга!
-3
Floweriza
2017-05-02 15:54:24
Hala Madrid!Real алга!
+2
Nusii
2017-05-02 16:47:44
Барселона Barcelona messiiiii мессиииии
0
cholpon119966
2017-05-06 10:48:25
Барселона! Мессинин созу жакты, ар бир жениш куйормандар учун дейт го:)
0
Tunerbei1812
2017-05-30 00:24:46
Barcelona алга Messi алга
0
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан