Футбол, коррида, Сервантестин "Дон Кихоту", Ачи менен Бабинин махабаты, опера ырчысы Монсеррат Кабалье. Булардын баарын бириктирип турган нерсе бар. Ал Испания!
ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ:
ЫРАХАТТАНА ЖАШАГАН, КЕЗЕК КҮТПӨГӨН ИСПАНДЫКТАР
Испания керемет өлкө! Бул мамлекеттин жарандары тез-тезден сүйлөшөт, темпераменттүү жана эмоционалдуу көрүнүшөт. Ошол эле кезде жашоонун ар бир таттуу ирмемин кармап, шашпай ырахаттана жашашат. Болбосо кайсы өлкөдө түшкү тамактан кийин эки саат бардык адамдар уйкуга чөмүлүшөт дейсиз? Ооба, испандыктарда сиеста деген түшүнүк бар. Түшкү тамактан кийин өлкөнүн бир топ шаарлары жымжырт боло түшөт. Себеби саат 14төн 16га чейин жарандар уктап эс алышат.
Испандыктардын дагы бир өзгөчөлүгү алар кезекте турганды билишпейт. Биринен-бири өтүп эле алдыга умтула беришет. Бул тарбиясыздык катары да кабылданбайт. Кадимки эле көрүнүш. Анан дагы мотоцикл айдаган уурулар көп. Алар шаар тургундарынын, туристтердин колунан баштыктарын алып качып жөнөгөн учурлар ого эле көп.
ПАДЫША – ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ
Финикиялыктардын "и-шпаним" деген сөзүнөн улам бул аймак Испания деп аталып калган болушу мүмкүн деген божомол бар. "И-шпаним" бул дамандардын жээги деген түшүнүктү берет. Даман – бул кемирүүчүлөргө (чычкан, суур жана башка) окшош жаныбар.
Испания – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы падыша. Мыйзам чыгаруу бийлиги парламенттин колунда. Испаниянын падышасы мамлекеттин бардык органдарынын мыйзам чегинде иштешинин кепили, ал өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги өкүлү, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы. Падышанын буйруктары мыйзам чыгаруу органдарынын (парламенттин) колдоосунан кийин күчүнө кирет. Учурда тактыда падыша Филипп VI отурган чагы.
ЭЛЬ-КЛАСИКО
Учурда Испания 17 автономдуу аймактан турат. Алардын ичинде Каталония жана Баск аймагы эң ирилери. Каталония акыркы убакта эгемендүүлүк алууга аракет кылып келет. Испания менен Каталония ар убак атаандашып жүргөнү жүргөн, андыктан Эль-Класико футболдук таймашы жөнөкөй беттеш саналбайт. Бул өлкө борбору Мадрид менен автономдуу аймак Каталониянын борборунун салгылашы! Падышалык футбол клуб "Реал Мадрид" менен каталониялык "Барселона" футбол клубдары 1902-жылдан тарта таймаш үстүндө келе жатышат. Кылымдан ашкан тиреш учурда Роналду менен Мессинин таймашына айланган.
Испандыктар футболду сүйөт. Алардын катары менен 2 жолу Европа чемпиону жана Дүйнө чемпиондугун утуп алгандыгы бүтүндөй өлкө үчүн майрам тартуулаган.
КОРРИДА ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ
Ал эми коррида жөнүндө өзүнчө сөз кылышыбыз керек. Бул испандыктардын салттуу оюну, визиттик карточкасы десек болот. Биздин көк бөрү сыяктуу. Миңдеген эл чогулган аренада матадор (букага каршы турган адам) менен бука эрегишкен таймашка түшүшөт. Матадор улам буканы ызалантып, андан буйтап качып өзгөчө оюн-зоок көрсөтөт. Кээде жини башынан ашкан бука матадорду жаткыра сүзүп, сүрөп турган элди көздөй атырылган учурлар жүздөп саналат. Корриданын дагы бир түрү – бул энсьерро, көбүнчө айыл жеринде ойнолот. Баарынан кызыгы, бул учурда жаалданган буканы көчөгө коё беришет да, топтошкон эл андан качып жөнөйт. Албетте, бул оюн-зоок толгон-токой жарааттар менен коштолот. Баса, корриданы көрөм десеңиз Каталонияга барбай эле коюңуз. Ал жакта бул оюн-зоокко тыюу салынган.
КАЛКЫ КАНТИП ЖАН БАГАТ?
Испанияда туризм, айыл чарбасы, өндүрүш тармагы жетиштүү деңгээлде өнүккөн десек болот. Учурда зайтун майын өндүрүү боюнча бул өлкө дүйнөлүк лидер. Ошондой эле балык жана деңиз азыктарын сатуу боюнча дүйнөдө алдыңкы он мамлекеттин катарында. Кеме, унаа куруу тармагы да жолдо калган эмес. Айтылуу SEAT үлгүсүндөгү унаалар дал ушул өлкөдөн чыгарылат.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg