Светлана Назаренко, «Город 312» тобунун ырчысы: «5 ЖЫЛ КЫЙНАЛАРЫБЫЗДЫ БИЛГЕНИМДЕ МОСКВАГА БАРБАЙТ БОЛЧУМУН»

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан «Город 312» тобуна 15 жыл. Мааракелик турунун алкагында аталган топ О! мобилдик оператору уюштурган концертке келип, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларында чыгармачылыгын тартуулап кайтышты. Мекенибизди КМШ өлкөлөрүнө тааныткан, өлкө сыймыгына айланган топ 15 жыл аралыгында кандай жолду басып өтүшкөн? Атактуулукка кантип жетишти? Бул суроолорго топтун солисти Светлана Назаренко жооп берди.

Толук аты-жөнү
– Назаренко Светлана Анатольевна
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 17-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөн
Учурда – «Город 312» тобунун солисти
Каймана аты – Ая
Сыйлыктары – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Даңк» медалынын ээси

БАЛДАР ХОРУНАН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Светлана Назаренконун ырчылык карьерасы 7 жашында балдар хорунун солисти болуудан башталган. 13 жашында элдик таланттардын республикалык сынагына катышып, жеңүүчү аталат. Калыстар тобунда отурган музыкант Рафаэль Сарлыков болочоктогу жылдыздын талантына баа берип, «Аракет» ансамблине чакырган.
–Рафаэль Тагайбекович апама барып, «каршы болбосоңуз кызыңызды биздин топко алайын дегем» деп сураган. Ошондон кийин алгач кенже тайпага алынып, 1 жарым жылдан кийин чоң тайпага кошулдум. Ата-энем музыкалык чөйрөдөн алыс адамдар эле. Ансамблде күндө ырдап даярдангандыктан, атам ырчылыкка аралашканыма башында каршы болгон. Мага ырдаган жагарын билсе да ырчылыкты олуттуу кесип катары саначу эмес. Бир күнү менин ырдап жатканымды телевизордон көрүп калып аябай сыймыктанган. Ошондон кийин «мындан ары расмий түрдө даярдыкка бара берсең болот» деген. Жеке ырчы катары таанылыш үчүн топтон кетип, КМШда өткөн түрдүү фестиваль, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багынтканга жетиштим.

5 ЖЫЛ БАГЫНБАГАН МОСКВА

Көптөгөн фестивалдардын жеңүүчүсү болуп, коомдук иштерге активдүү аралашып ийгиликке жетишкени менен, Светлана Назаренко Кыргызстанда потенциалын бүтүндөй ача албай калган. Бул убакта ырчы жолдошу Алексей Лесников жетекчилик кылган «Пирамида» радиосунда иштечү.
–Мен радиодо 3 автордук берүүнү иштетчүмүн. Радиону ушунчалык сүйчүбүз. Биз таң эрте келип, берилип иштеп, түн ичинде үйүбүзгө кетчүбүз. Алексей директор болуп 9 жыл иштеп, жамаат үчүн жанын берчү. Мурунку кесиптештер менен азыркыга чейин кездешип турабыз.
Кыргызстанда ийгиликтин болгон чегине жеттим. Мындан ары да өскүм келди. Окшош күндөрдөн тажап, көзүмдөгү оттор өчө баштады. Ага-ини Дмитрий менен Леонид Притула радиодо берүүлөрдү алып барып, жарнама бөлүмүндө иштечү, үй-бүлөбүз менен жакын катышкан достордон болчубуз. Бир күнү чай ичип отурсак алар «биз башка мамлекетке кетсек кетесиңби?» деп сурап калышты. Жолдошум «албетте, барат, ал дагы өсүш керек» деди.
Москвага барып мекенибиздин атагын чыгаргыбыз келди. Биринчи Казакстанга баралы десек жолдошум «Казакстан да жабык территория, жакшысы, Москвага кетишибиз керек. Ал жактан көп нерсеге үйрөнө аласың» деди. Аябай коркунучтуу болсо да тобокелге салып Москваны көздөй бет алдык. Бул 2001-жылы Жаңы жыл алдындагы авантюралык жорук болду. Кетерде Спорт ордосунда зал толгон концертте ырдап чыгып «достор, биз Москвага кетип жатабыз, атактуу болушубузду күткүлө» деп мактанганбыз. Биз бул сөздөрдү айтып алып артка кайтчу жолубузду кесип салдык. Анткени ийгилик дароо жылмайган жок. 5 жыл атыбызды чыгара албай кыйналып жүргөндө «эмнеге айттык эле?» деп өкүндүк. Себеби кайтып келсек эл бизди түшүнмөк эмес. Андыктан вариант жок болчу. Эгер мага бирөө алдын ала «5 жыл тааныла албай кыйналып жүрөсүңөр» десе Москвага барбайт болчумун.

АТАКТУУЛУККА ЖЕТКИРГЕН КЕЛИШИМ

Москваны багынтуу музыканттарга бир топ кыйын болгон. «Город 312» тобунун «Останусь», «Вне зоны доступа» аттуу хиттери булуң-бурчтан жаңырганга чейин топтун мүчөлөрү көп нерседен баш тартканга туура келген.
–Биз төртөөбүз – мен, гитаристтер Маша, Леон, клавишник Дима менен 2 бөлмөлүү квартирада чогуу жашадык. Анткени өз алдынча жашаганга акчабыз жок болчу. Жолдошум, кызым Бишкекте калышты. «Квартира сатыш керек, радиону ишеничтүү адамдарга калтырышым зарыл, мен бул жакта кармалам» деди.
Алгач клубдарда ырдап жүрүп, «213 дорог» деген альбомду өз күчүбүз менен чыгардык. Альбом 1000 нускада басылып чыкты. Москвада бир аз таанылып калганда бир концерттик залда альбомдун бет ачарын өткөрүп концерт койдук. Ар бир ырды аткарып бүткөндөн кийин «бул жакта биздин дисктер сатылып жатат» деп жарнамалап турдук. Ошондо кокустук менен мурунку «Реал-Рекордс» компаниясынын башкы директору бош убактысында жаңы музыка издеп ошол концерттик залга келиптир. Ал бизди угуп көрүп, биздин үн режиссёрго барып, альбомубузду 200 рублга сатып алыптыр. Бул анын биздин топко кошкон биринчи салымы болгон. Кийин биздин ким экенибизди, каяктан болорубузду сурап кеңсесине чакырган. Биздин сүйлөшүү бир нече айдан кийин гана болгон. Бул убакыт аралыгында ал биз өзүбүздү кандай алып жүрөбүз, канчалык деңгээлде олуттуу команда экенибизди билиш үчүн сыртыбыздан акмалап жүрүптүр. 2005-жылы 3-декабрда келишим түздүк. Ошондон бери аны менен иштешип келебиз.

ҮТҮКТӨРДӨ ДА ЖАҢЫРГАН «ОСТАНУСЬ»

«Дневной дозор» тасмасы үчүн жазылган «Останусь» аттуу ыры «Город 312» тобуна ийгиликтин ачкычы болуп берди. Аталган ыр, клиби музыкалык хит-параддан түшпөй мекендештерибизди заматта атактуу топко айлантты.
–Биз «Реал-Рекордс» компаниясы менен келишим түзгөнгө чейин клубдарда көп ырдап, күйөрмандарды топтогонбуз. Башында интернет жана клубдар аркылуу таанылганбыз. Бирок радио менен телевидениеге чыга албай жүргөнбүз. Жашообузда бул компания пайда болуп, көйгөйүбүздү чечип берди. «Останусь» аттуу ырыбыз дароо хит болуп, ар бир үтүктөн, терезеден жаңырып жатты. Жадакалса кошуналар бул ырды кечке уга беришкенинен ойгонуп да кетчүбүз. Өзүбүздүн ырыбыздан башыбыз ооруп калганга чейин жеттик. Мына ошондо гана атактуу боло баштаганыбызды түшүндүк. Арты-артынан популярдуу ырлар жаралып, КМШ өлкөлөрүн концерттик турне менен кыдыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
2015-жылы Орусиянын «Точь-в -точь» долбоорунун 3-сезонуна катышып, Азиза, Мэрайя Кэри, Ёлка, Антонелла Руджеро, Барбара Брыльска, Шер, Валентина Толкунова, Сиа жана башка ырчыларды туурап чыгып жаңы тажрыйба топтодум.

«ГОРОД 312» ТОБУ 15 ЖАШТА

Топ өткөн жылы 28-октябрда Москвада 15 жылдыгын ЧБК деген концерт менен белгиледи. Бул концертке Гоша Куценко, Владимир Пресняков, Баста келип куттукташты.
–Эмнеге ЧБК (чёрный, белый, красный)? Ак менен кара – бул контраст. «Город 312» тобу мына ушундай бири-бирибизге карама-каршы келген, ар башка адамдарбыз. Биздин жолубуз дал ушундай болгон, бийиктикке көтөрүлүп, ылдыйга түшүп. Кызыл болсо топко тийиштүү адамдарды байлап турган жип. Бул жип энергия, чыгармачылык, музыка. Ушул жип бизди 15 жыл бирге кармап турду, мындан ары да кармай берет деп үмүт кылам. Бул мааракелүү дата мен үчүн оор учурга туш келди, анткени бул жылы апамды жоготуп кабыргам кайышты. Мен жашоого, өзүмө, жакындарыма болгон мамилемди өзгөрттүм. Азыр кенедей нерсеге кубанып, ырахат алууга аракет кылып жатам.
Негизи 15 жылдык мааракебизге арналган концертти Бишкек шаарында берип, Орусиянын телеканалдарынан көрсөтмөкпүз. Кайсы телеканал келип концертти тартары да сүйлөшүлгөн эле. Кандай себептер менен оюбуз ишке ашпай калганын айтпай эле коёюн, бирок Москвадан берүүгө туура келип калды. Буюрса, мааракелик датада болбосо да, Бишкекте чоң масштабдуу концерт берүүнү пландап жатабыз.
Биз өлкөбүздүн патриотубуз. Жыл сайын Ысык-Көлдө эс алабыз. Менин оюмча, биздин көлүбүздөн өткөн керемет жер жок. Ысык-Көл тууралуу маектерде айтып мактап, болушунча жарнамалайм. Кийин Ысык-Көлдө жашагым келет. Бирок мен ал үчүн телегейи тегиз карылыкта жашаганыма шарт түзүп алышым керек.

Рафаэль Сарлыков, музыкант, Светлана Назаренконун устаты: «СВЕТЛАНА АТАКТУУ БОЛГОНДОН КИЙИН ӨЗГӨРГӨН ЖОК»

– Света музыканы бир-эки жолу угуп жакшы ырдап кетчү. Кенже тайпада Аслан Исабаев, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов бар болчу. Алар менен чогуу ырдап чоңойду. Алар Орусияга кеткенде 5 жыл Москванын четиндеги шаарларда, жөнөкөй клубдарда ырдап өзүлөрүн жарнамалап жүрүштү. 5 жыл эмне деген убакыт? Бул жылда бизде 2 революция болгон. Алар менен чогуу барган 2 бала 3 айдан кийин чыдабай кетип калышкан. Света атактуу болгондон кийин мүнөзү да, мага болгон мамилеси да өзгөргөн жок.
Бишкекке келгенде жок дегенде телефон чалып абалымды сурап турат. Убактысы болсо, үйгө келип учурашып кетет. Башында ал маектеринде мен тууралуу айта берчү. Ал жактагылар «аны эмне бекер жарнама кылып жатасың? Ал акча төлөсүн же сен унчукпа» дептир. Света чоңоюп калганда кээ бир өзүн кыйын сезгендер «анын эч кандай өзгөчөлүгү жок экенине кошуласызбы?» деп сураганда «ал өзгөчө, көрөсүңөр, андан бир нерсе чыгат» дегем, мен жаңылбаптырмын.

Жамиля Муратова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Светлана Назаренконун сахналашы: «СВЕТА ТАМАШАЛАП КҮЛДҮРҮП ОТУРЧУ»

– Светлана менен менин чыгармачылык жолум бир заманда башталган. Сынактарга, кастингдерге чогуу катышып, бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга күбө болгонбуз. Ал өтө өжөр, өзүнүн ишин жакшы билген, алдыга койгон максатына жетүүгө бүтүндөй күчүн жумшаган адам. Ар дайым тамашаларды айтып күлдүрүп эле отурчу. 2001-жылы Светлана Назаренко, Курмангазы Азыкбаев, Гүлнара Тойгонбаева, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов болуп Түркияга чогуу барганбыз. Телевидениелердин бирине тартылып, чыгармачылыгыбызды көрсөтүп келгенбиз. Светлана кыргызча, орусча ырдап бергени эсимде. Атагы чыккандан кийин Кыргыз мамлекетинде чоңоюп-өскөнүн жашырбаганына, патриоттук сезиминин күчтүүлүгүнө баа берсе болот.

Светлана Назаренко үй-бүлөсү тууралуу көп комментарий бербейт. Жолдошу Алексей Лесников "Город 312" тобунун үн режиссёру.


Кичинекей Светлана Назаренко апасы менен.




АЛЕКСАНДР ИЛЬЧУК – ГИТАРИСТ

Александр Ильчук музыка менен 4 жаштан бери алектенет. Кичине кезинде музыканы жаман көргөндүктөн, стоматолог болгусу келчү. 16 жашында аккордеондун ордуна гитараны колго алып, музыкага болгон көз карашы өзгөргөн. Топко 2010-жылы кошулган.

ЛЕОНИД ПРИТУЛА – БАС-ГИТАРИСТ

Леонид Притула «Город 312» тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Музыкалык мектепте Леонид Притулага мугалимдер келечекте мыкты скрипач болот деп үмүт артышкан. Скрипканын ордуна бас-гитараны тандаган өспүрүм музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүнө тапшырып, 14 жашында ыр жазып баштаган. Кесипкөйлүгүнө жогору баа берген орусиялык барабанчы Игорь Жавед-Заде «Леон менен ойногондон ырахат аласың. Ал абдан музыкалдуу, «даамдуу» басист» деген.

ДМИТРИЙ ПРИТУЛА – КЛАВИШНИК

Дмитрий Притула музыка менен 6 жашынан бери алектенет. Музыкалык мектептин фортепиано классын жана музыкалык окуу жайдын дирижёр-хордук факультетин бүтүргөн. Топтун чыгармаларынын авторлорун бири Дмитрий Притула: «Биз эсте кала турган композиция жаратканга аракет кылабыз. Угуп гана тим болбостон, биздин жашообуз менен чогуу кеткен ырларды чыгарабыз»,- дейт.

МАРИЯ ИЛЕЕВА – ГИТАРИСТ, (Дмитрий Притуланын жубайы)

Музыка дүйнөсүнө Мария Илеева бий чөйрөсүнөн келген. Бала чагынан балет, көркөм гимнастика менен машыгып жүрүп шейпинг, аэробиканы өздөштүргөн. 6 кылдуу музыкалык аспапты чоңойгондо үйрөнө баштаган. Гитарада кол ойнотконду «Город 312» тобунун келечектеги мүчөлөрүнөн үйрөнүп, кийин Алексей Кнышов менен Тимур Мордалейшвилиден сабак алган. «Гитара мен үчүн баарлашканга, өзүмдү көрсөткөнгө жардам берген аспап, ырахат тартуулаган оор эмес жумуш. Ал команданы Жер шарынын болгон жеринде колдонгонго мүмкүндүк берет»,- дейт Илеева.

ЛЕОНИД НИКОНОВ – БАРАБАНЧЫ

Леонид Никоновду топтун музыканттары «Сальвадор» тобунда ойноп жатканда көрүп, анын өзгөчө талантына баа беришкен. «Мага «Город 312» тобуна кошулуу сунушун киргизишкенде ойлонбостон макул болгом, азыр ошол чечимиме кубанычтамын»,- дейт Никонов. Топто эки Леонид болгондуктан (бири гитарист Леонид Притула), аларды алмаштырбаш үчүн жаңы музыкантты Никон же Ник деп чакырышат.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Город 312": "5 жыл кыйналарыбызды билсек, Москвага барбайт болчубуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
love_you
2017-05-08 09:04:54
суйом го ушул группаны. чыныгы патриоттор!
+21
mentol
2017-05-08 12:25:09
Обернись,Вне зоны доступа ыры менен жинди болуп ооруймго
+3
erkeleim
2017-05-08 12:27:29
Азаматсыздар кыргызстандын атын очурбой жургонунуздорго таазим
+13
baklajan
2017-05-08 16:54:47
Аябай жагат мага ушул группа ийгилик!озгочо сен менин жазылбаган ырларымсын деген ырды эн жакшы аткарат азаматсынар
+4
altynaiB
2017-05-09 00:22:22
Сен менин жазылбаган ырларымсын
Сен менин айтылбаган сырларымсын -деген ырын кичинемде кууп журуп жакшы коруп угат элем. Ишинерге ийгилик.
+4
Nurtilek001
2017-05-09 19:13:36
Азаматсынар биз силер менен сыймыктанабыз чыныгы патриоттор, ийгилик жарата бергиле.
+3
Ainagyl
2017-05-10 12:02:33
Ишинерге ийгиллик сыймыктанабыз силер менен
+3
Bayanova
2017-05-10 16:07:37
Эмне учун бул топтун ырлары жок анда, озубуздун кыргыз гезитте?
+1
nurik23
2017-05-10 19:22:24
чыгармачылык ийгилик
+2
kutman-kg94
2017-05-10 19:48:45
Светлана суйомго сени суйом
+1
ziko_kt
2017-05-10 20:54:20
Бул ырчы 2000-жж. устудо комментте бироо жазып кеткендей "Сен менин жазылбаган ырларымсын" деп кыргызча таптаза ырдап чыккан. Ошондо орус болуп туруп кыргызча ырдаганы учун аябай жакшы коргом. Бирок ошол бойдон кийин атагы чыкканда группанын атын Бишкектин коду менен атаган учун дагы бир жолу сыймыктандым бул жердештер менен. Кыргызстанды жакшы жагынан атын чыгарып жаткан адамдар - мындан ары да ийгиликтер коштоп, атактары алыска кете берсин демекчимин. Орустарга Азия микс менен 312 де
+5
kutman-kg94
2017-05-11 08:10:08
Светлана кутом сени беш сарыдан
+1
Aisanur_89kg
2017-05-14 08:41:12
Останусь ырын укканда артта калган жакшы кундор коз алдыма эстетелет,ийгилик
+1
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан