ЭЧ КАЧАН БААЛУУЛУГУН ЖОГОТПОГОН ӨЛЧӨНГӨН АЛТЫН КУЙМАЛАР

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан инвестициялоонун жаңы продуктусу катары элге сунушталган өлчөнгөн алтын куймаларынын сатыкка чыкканына 7-майда туура 2 жыл болот. Андан бери эл арасында бул заманбап продукт тойлордо белекке берилип, инвестициялык салым катары пайда табуунун деңгээли жогорулап жаткандыгы көпчүлүккө маалым. Аз убакыт өткөнү менен, калк арасында оозго алынып, бул долбоор өз убагында пайда болгондугун жана өтө актуалдуу экендигин далилдей алды.

АФФИНАЖДАЛГАН АЛТЫНДЫН ӨЛЧӨНГӨН КУЙМАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Баалуу металлдын өзгөчөлүгү – анын валюта рыногундагы туруксуз мезгилде көпчүлүк инвесторлор өз каражатын бир аз стабилдүү металл менен сактоо аракетин көрүшкөндүгүндө. Айрыкча алтындын курсуна басым кылынат. Ал реалдуу өндүрүш тармагында: микроэлектроника, зергерлик иш, медицинада жана башкада керектелет. Ошондуктан жалпысынан бардык баалуу металлдар менен акчаны сактоонун жогорку ишенимдүүлүгү бар. Эгер адам баласына акча же алтын куймасын сунуштаса, ал сөзсүз түрдө алтынды тандайт. Кайра куруу башталгандан бери эл долларга, андан соң еврого салым кошсо, эми кыргызстандыктар алтынга инвестиция кыла башташты. Учурда калк арасында алтын куймаларына болгон суроо-талап күн санап өсүп жатат. Алтын куймасын инвестициялык ыкма катары колдонуу үчүн аны кайра сатып алуу жагы Улуттук банк тарабынан эске алынган. Кайра сатуу ыкмасы бул продуктуга болгон суроо-талапты жогорулатып, үнөмдөөчү продуктунун альтернативдик жолу катары таанылып, алтын куймаларынын жогорку ликвиддүүлүгүнө алып келүүдө.

УЛУТТУК БАНКТЫН АЛТЫН КУЙМАЛАРЫН ЧЫГАРУУ ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 7-майынан тартып 999,9 пробасындагы, 1, 2, 5, 10, 100 жана 31,1035 грамм салмактагы таңгакка бекитилген өлчөнгөн алтын куймаларды сатыкка чыгара баштаган. Учурда "Кыргызалтын" ААКсынын аффинаж заводунун 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 грамм өлчөмүндөгү майда алтын куймаларды өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан 100 граммга чейинки алтындын өлчөнгөн куймалары Казакстандын зерканасынан даярдалып чыгарылган. Алтын өлчөнгөн куймасын кайра сатып алууда, сатууда чектөөлөр жок. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып чыгууга укугу бар.
Жүгүртүүгө чыккан күндөн бери 162,6 килограмм же 450,9 миллион сомго барабар аффинаждалган алтын куймалары сатылган болсо, аны Улуттук банк тарабынан кайра сатып алуунун көлөмү 87,7 килограмм же 1894 даанага барабар болгон. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, сатып алуу жана сатуу иши жолго коюлган, анын көлөмү жыл сайын өсүүдө.
2016-жылдын 10-майынан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банктар металлдык эсептерди, алтын депозиттерин ачуу, алтын куймаларды банк ячейкаларында сактоо сыяктуу операцияларды жүргүзө баштады.

АЛТЫН КУЙМАЛАРЫН САТУУ ЖАНА САТЫП АЛУУ

Өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, накталай жана нак эмес эсептешүүлөр аркылуу Улуттук банктын борбордук, облустук башкармалыгынын жүгүртүү кассаларында жана Улуттук банктын атайын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банктарда жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кассаларда коюлган пост-терминалдар аркылуу банк төлөм карталарын колдонуу менен дагы ишке ашырса болот.
Аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу жана сатып алуунун баасы күн сайын Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксинги боюнча АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна ылайык аныкталат. Алтын куймаларынын күн сайын аныкталган баасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтындагы «Банктык өлчөнгөн куймалар» бөлүмүнөн таанышууга болот.
Алтын куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу жумуш күндөрү күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректердеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кеңселеринен ишке ашырылат.

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101. Тел.: (0312) 66-91-41, 66-92-31
Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 119. Тел.: (03222) 2-12-07, 2-12-20
Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү. Тел.: (03722) 5-27-72, 5-03-15
Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 265. Тел.: (03922) 5-12-47, 5-12-58
Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6. Тел.: (03522) 5-04-71, 5-04-69
Талас шаары, Фрунзе көчөсү, 291. Тел.: (03422) 5-23-77, 5-20-77

Алтын куймаларына болгон суроо-талап калк арасында күн санап өсүп жатат.


АЛТЫНДЫН ӨЛЧӨНГӨН КУЙМАЛАРЫН САКТОО

Алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо өзүнчө кутучаларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммдагы өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңгакта) чыгарылат. Бул таңгак анын сертификаты болуп эсептелинет. Ошондуктан бул таңгакты эч качан ачпоо керек. Эгерде ачылбаган болсо, кайра сатып алууда эч кандай маселе жаралбайт. Бирок чийилип, таңгак бузулса, банк аны экспертизага алат. Бирок экспертиза үчүн мына ошол баанын 7 пайызы алынат. Анан текшерүүгө 10 күнгө чейин убакыт кетет. Банк өзү чыгарган гана алтын куймасын кайра сатып алат, башка куймаларды сатып албайт.
Өлчөнгөн алтын куймаларды талаптагыдай сактоо коопсуздугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк 31,1035 жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн куймаларды сактоого алуу боюнча жеке адамдарга жана юридикалык жактарга тиешелүү кызмат көрсөтөт. Өлчөнгөн куймалар Улуттук банктын Борбордук жана облустук башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары тарабынан кабыл алынат. Бул кызмат көрсөтүү Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыккан 31,1035 жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн алтын куймаларынын ар бир даанасын 1 (бир) айга сактоо баасы 50 сомду түзөт. Ошондой эле Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктарда келишим түзүү аркылуу өлчөнгөн куймаларды металл эсептеринде же болбосо банк ячейкаларында сактаса болот.

АЛТЫН КУЙМАЛАРЫН ЧЫГАРУУНУН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ:

  • Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун түзүү жана өнүктүрүү;
  • Инвестициялоо жана байлыкты топтоо үчүн жаңы инструменттердин рыногун түзүү;
  • Кыргызстандын коммерциялык банктарын ишенимдүү инвестициялык актив сактоочу катары жагымдуулугун жогорулатуу;
  • Кыргызстандын банк рыногуна инвестицияларды тартуу;
  • Кыргызстандын алтын өндүрүү тармагынын өндүрүмдүүлүк потенциалын өнүктүрүү;
  • Экспорттолуучу продукцияга багытталган кошумча наркты көбөйтүү.

Белгилей кетсек, алтын эч качан бузулбайт, дат баспайт. Эгер сиз 100 грамм металлды сатып алсаңыз, ал 50 жылдан кийин дагы өз баасын жоготпой тургандыгы анык. Бүгүн бир валюта үстөмдүк кылып келсе, эртең башкасы, дагы бир күнү өлкө жок болуп, мамлекеттин акча белгилери эч кандай мааниге ээ болбой калышы мүмкүн. Ал эми алтын башкаруунун ар кандай формасында жана жер жүзүнүн кайсы гана бөлүгүндө болбосун өзүнүн баалуулугун жоготпойт. Өлчөнгөн алтын куймалары азыр баалуу белек же эстелик буюм катары да эл арасында кеңири колдонулуп жатат.

Улуттук банктын басма сөз кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан