БОЙГО БҮТҮҮДӨН САКТООЧУ СПИРАЛДЫН ТҮРЛӨРҮ

Бойго бүтүүдөн сактануунун жолдору абдан көп. Дарыгерлердин айтымында, эң эле ишенимдүүсү, ыңгайлуусу жатынга салынуучу спираль. Анын түрлөрү, оң жана терс жактары тууралуу Кыргыз темир жолу ооруканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова айтып берет.

Спираль
– бул жатындын ичине коюлуп, бойго бүтүүдөн сактоочу натыйжалуу каражат. Аны аялдын жатынына койгондо эркектин уруктугунун активдүүлүгүн азайтып, аялдын уруктугуна жеткирбей жоготуп, кыймылын токтотуп коёт. Башкача айтканда, каалоосуз төрөттүн алдын алып, үй-бүлөнү пландоодо жардам берет.

БОЛБОЙТ

  • Жатын моюнчасынын жарасында (эрозия)
  • Төрөй элек айымдарга
  • Жыныстык органда сезгенүү бар болсо
  • Кош бойлуу аялдарга
  • Жатынында шишик оорусу барларга
  • Жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулар бар болсо
  • Айыз узакка созулуп, кан кетүү менен коштолгондо
  • Аялдын темирден аллергиясы болсо
  • Анемиясы барларга

ПАЙДАСЫ

+
Бойго бүтүүдөн 99 пайыз сактайт.
+ Күнүмдүк көзөмөлдү талап кылбайт (жылына 2 жолу гана дарыгерге текшерилесиз).
+ Таасирдүүлүгү 3 жылдан 10 жылга чейин.
+ Аял каалаган учурда спиралды алдырып, төрөй алат.

ЗЫЯНЫ

Этек кир калыптагыдан көп келип, анемияга алып келиши мүмкүн.
Туура эмес жайгашып калса бел, табарсыктарды толгоо сыяктуу оорутат.
Жыныс кындан суюктук (выделение) көп бөлүнүп, жагымсыз жыт менен коштолот.
Жатындан сырткары бойго бүтүп калуу коркунучу бар.

ТҮРЛӨРҮ

Азыркы учурда формасы, курамы боюнча жалпылап алганда спиралдын 50гө жакын түрү бар. Мисалы, Т түрүндөгү спиралдын жезден, алтындан, күмүштөн, желимден жана башка материалдардан жасалган түрлөрү бар. Андыктан түрлөрү жана материалдары боюнча өз-өзүнчө маалымат алсаңыз болот.

Кол чатыр түрүндөгү спираль


Бул көп төрөгөн аялдарга, төрөттөн жатын моюнчасы айрылган айымдарга сунушталат.
+ Кол чатыр формасындагы спираль бекем жайгашып, жылып кетүү коркунучу аз болот.
Спиралды салуу кичине ыңгайсыздыкты жаратат.

Т түрүндөгү спираль


Эң жөнөкөй түрү, аялдардын 80 пайызынын организмине ылайыктуу.
+ Жатынга салуу, алуу ыңгайлуу.
Жылып кетүү, түшүп калуу коркунучу жогору.

Мультилоаддык спираль


Формасы – сүйрү. Жатыны чоңдорго сунушталат.
+ Жатындын капталына жайгаштырылып, оңою менен түшүп калбай турган сапатка ээ.
Организмге жакпаган учурда кан кетүүнү шарттайт.

Шакек түрүндөгү спираль


Каалоочуларга коюла берет.
+ Шакекче формасындагы спираль эндометрийге (жатындын былжырлуу кабыкчасы) жетпей бери жакта жайгаштырылгандыктан жатында сезгенүүнү жаратпайт.
Башы чоң болгондуктан жайгаштырууда, алдырууда оорутат.

Сизге кайсы формадагы спираль туура келерин дарыгериңиз гана чечет.

ЖАСАЛГАН МАТЕРИАЛЫ БОЮНЧА

Гормоналдык спираль

Мындай спиралдар гормон бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ.
+ Мисалы, мирена спиралы бойго бүтүүдөн эле сактабастан, дарылоо процессин дагы жүргүзөт. Кан агуунун алдын алгандыктан, аденомиоз, гиперплазия оорулары бар аялдарга коюлат. Кымбат деп эсептелинген бул спираль гормоналдык балансты калыбына келтирет.
Бул спиралды салгандан кийин азыраак кан, суюктук (выделение) келсе да 5 жылга чейин алганга болбойт. Өзгөчө себеп болсо гана алынат. Баасы да кымбат.
Баасы – 10 000 сомдон 15 000 сомго чейин (Беларусь, Германия жана башка чыккан өлкөсүнө жараша).
Мөөнөтү – 7 жыл.

Алтындан жасалганы

Жез менен күмүштөн жасалган спиралга караганда айымдардын организмине өтө пайдалуу.
+ Жатындагы ткандар менен идеалдуу айкалышып, дат баспайт. Бойго бүтүүдөн сактагандан сырткары жатын ичинде пайда болуучу ар кандай жарааттардан коргоп, жугуштуу ооруларды алдын алат жана күчөтпөйт.
Баасы кымбат болуп, сиздин чөнтөгүңүзгө чак келбей калышы мүмкүн.
Баасы – 6000ден 10 000 сомго чейин.
Мөөнөтү – 10 жыл.

Жезден жасалганы

+
Мындай жөнөкөй спиралдардын бойго бүтүүдөн коргоо жөндөмдүүлүгү жогору. Эркектин уруктугун жатынга жеткирбей кычкылдандырып, активдүүлүгүн жок кылып турат.
Айрым учурда дат басып кетүү коркунучу бар.
Баасы – 100 сомдон 500 сомго чейин (Орусия, Индия жана башка чыккан өлкөсүнө жараша).
Мөөнөтү – 3 жыл.

Күмүштөн жасалганы

+
Жатынды бактериялардан коргоп, дезинфекциялап турат. Аны менен катар жатын моюнчасында ар кандай жарааттардын ырбап кетүүсүнөн сактайт. Аллергиялык оорулары барлар үчүн коркунучсуз.
Башка спиралдар сыяктуу эле кандын көп келишин шарттайт.
Баасы – 500 сомдон 1000 сомго чейин.
Мөөнөтү – 5 жыл.

СПИРАЛДЫ САЛУУ ЖААТЫНДАГЫ ТАЛАПТАР

Текшерүүдөн өткөндөн кийин гана спираль салдыра аласыз. Төрөгөн аялдар 40 күндөн соң гинекологго текшерилип, баары жайында болгондон кийин этек кир келип токтогондо дарыгер жатынды атайын суюктук менен тазалап, спираль жайгаштырат. Аны салдыргандан кийин 10 күн оор жумуш жасабай жана жыныстык катнашка барбоо сунушталат. Андан кийин кошулуу убагында эч кандай оорутуу сезилбеши керек.
Спираль 19-43 жаштагы айымдарга салынат. Спиралдын үстүнө бойго бүтүп калуу коркунучу 10 пайызды түзөт. Аял төрөйм деп чечсе төрөй берсе болот. Кийин спираль түйүлдүк менен кошо түшүп калат. Андан эч кам санабаңыз, бала калыптагыдай эле төрөлөт. Анткени спираль баланын тонунун сыртында калат.

Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бойго бүтүүдөн сактоочу спиралдын түрлөрү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
guljan2017
2017-05-08 10:50:25
рахмат мен учун жакшы кенеш болду салдырайын дегемин кумушу жакты
+2
Siren90
2017-05-08 11:45:47
кумуш спиралды 500-1000 сомго чейинки баада Бишкектин каеринен алсак болот, кымбат деп уккан элем мындан да
+1
almanbetovna
2017-05-08 13:13:07
Siren90, Неман аптекаларынан сурасаныз толтура турлору бар!
0
Erketai
2017-05-08 12:06:18
Операция менен торогом спираль салабы?билгендер жооп жазып койгулачы сураныч
0
Nevestkaa
2017-05-08 13:55:30
Erketai,экинчи баладан кийин сала берет,бир эле бала төрөсө көпчүлүк врачтар салбайт спиралды. Күмүштү мен да 4-5миң деп уктум эле арзан эле экен го.
0
BaysalRoma2014
2017-05-08 15:06:19
Erketai,мен да эки жолу кесарево болуп торогом кумуш спираль салдырдым (2000р. Москвада) бир ай болду...
0
ekaterinburg
2017-05-08 13:24:33
Ммм...Бул жак бизге тиешелуу эмес экен.Чыктым кайра.
+1
nazi25
2017-05-08 14:56:48
Сактануучу таблеткалар жөнүндө да сурабапсыңар да бир жолу
+1
VIK
2017-05-08 16:24:39
Сактануунун уколдору да бар экенго. Ошол жонундо да жазгылачы.
+1
Antoshka2016
2017-05-08 17:03:29
Уколун албайле койгула
0
Arsenim
2017-05-08 18:39:45
Antoshka2016,men ukolunbalain.dep atkam bolboibu ne
0
Aytur
2017-05-10 00:47:35
Arsenim,колу жаман экен кийин клииакс болгондо аябай кыйналасын дан сырткары месячный да келбейт дор бузулат
0
Atyrgul84
2017-05-10 16:27:09
Arsenim,Толуп кетесин, страшный болуп курсагын чыгып калат экен
0
baisogur
2017-05-09 10:52:59
Э туугандар спиралы жок эле жашагылачы спирал салдырып торобой калышыңар мүнкүн анан баланарга шерик торой албай дары колдонуп эмчи домчуга барсанарда натыйжасы болбойт экен
+1
jaskaaa
2017-05-09 13:33:20
baisogur,абортко караганда нормальныйраак го дейм
+1
Aytur
2017-05-10 00:49:15
baisogur, Ансыз да болбойт да негизи эркек соорой презерватив кийсе жакшы кийбесе пффф и всё
+1
Leilektik
2017-05-10 12:29:26
Презерватив еле кийгилечи аялын сыйлаган эркектер больницада бекер турат ошол нерсе ,карагылачы канчалык ойлонуп кыйналышат екен аялдар
+1
maks270590
2017-05-10 12:51:54
айымдарга эн пайдалуу кенеш
0
Nazaroff1974
2017-05-10 19:01:24
Кылып атканда учуна тийип ойкой берет кысталак.
+6
Lina
2017-05-10 20:10:52
Бойго бутууну 99 пайыз сактайт дегени эмне?Жатындан сырткары бойго бутуп калуу коркунучу бар дегени эмне?тушунуксуз 99пайыз сактайт дегени
+1
magic1721
2017-05-11 13:32:09
Мирена жонундо жазгылачы?
0
admin_superstan
2017-05-11 15:26:49
magic1721, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Jarookerjan
2017-05-13 00:23:23
Бойго бутурбоочу спираль,укол,даары баары зыян.Жон гана кун эсептеп календарь менен эле сактангыла.Ден соолугунарга да зыяны жок,акча да коротпойсунар.
0
bond02
2017-05-13 16:27:10
Мен эркек кишимин анан да бойдокмун спираль салдырып жургон келиндер менен жолуксак болобу?
0
Birimdik5555
2020-02-10 20:54:20
Ии спираль жонундо маалымат издеп атат элем,жакшы болду. Чон рахмат супер инфо
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан