АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА 90-ЖЫЛДАРГА АЛЫП БАРА АЛБАЙ...

Концерттин аталышы – "Алина Жетигенова 35 жыл сахнада"
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Өткөн күнү – 1-май
Башталышы – саат 19:00 (жарым саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом
Мыкты номер – Мерген Турган жана Алина Жетигенованын "Өтүнүч" дуэти

"Убакыт машинасы" барбы? Бар. Бул – ырлар. Жашоодогу ар бир учур, таттуу ирмем кайсы бир хит ыр менен эсте калат. "Ырчы Алина Жетигенова 1-май күнү концерт коёт экен" дегенди угуп, тээ артта калган 90-жылдарга саякат жасайын деп сүйүнгөн бойдон айтылган күнү Спорт ордосуна жөнөдүм. Алина айымдын ырлары көпчүлүк күйөрмандарын балалыкка жетелемек, таттуу күндөрүн эске салмак. Кыскасы, бул күнү "убакыт машинасын" кимдир бирөө эмес, Алина Жетигенова өзү башкармак.
Шашып бардым. Бир маалда эле көшөгө тараптан "баштайбыз! Светти өчүр!" деген үн чыкты. Жарык өчтү. Ошентип концерт кыргызча жарым саат кеч башталды. Аңгыча эле сахнага Чыңгыз Мырзаев менен Мирлан Жетигенов ээрчишип чыга келишти. Мына ушул эки жигит чыкканда сахнанын жасалгасы өтө эле жөнөкөй экени анык көрүнүп калды. Балким, алып баруучулар кыздардан болсо, алардын кооз көйнөгү сахнанын ажарын ачат беле деп ойлодум. Айтор, Чыңгыз Мырзаевдин кара, Мирлан Жетигеновдун анча-мынча жалтырак-жултурагы бар костюму сахнанын абалын оңдоп коё алган жок. Алина Жетигенова өзгөчөлөнүп сахнага көрүүчүлөр тараптан чыкмак болгон экен, Мирлан мырза "тосуп алыңыздар" дегенде эле алактап таппай калдык. "Жарык" деп кыйкырганда гана "уктап калышкан" жарык берүүчүлөр көрүүчүлөр жактан чыккан ырчы айымды шашкалактап издеп калышты. Аңгыча ыр башталып, Жетиген чоң атанын небереси обон созгон бойдон элди аралап сахнага чыга келди. 35 жыл сахнада жүрүп коюптур. Деги анын жашы канчада? Мага ба-аягы "Кыздын сыры" деп ырдаган назик кыздай эле көрүнүп жатты. Жапжаш. Катары менен чыгармаларын созуп баштады... Сөздү кыскартайынчы. Анан Азиз Жетигенов чыкты сахнага. Эй, көбү эле чыкты кыскасы. Чынын айтсам, Мерген Турган менен Алина Жетигенованын "Өтүнүч" аттуу ырды аткарганы өзгөчө эсимде калыптыр. Экөө ушундай берилүү менен бул кайгылуу ырды ийине жеткире аткарып салышты. Дымый түштүк. Ырдап бүтөр менен көрүүчүлөр жапырт кол чаап, суранып отуруп дагы бир жолу ушул эле чыгарманы аткартышты. Ой, муну көрүш керек эле. Алина айым өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн, кооз көйнөк кийиптир. Анысы өзүнө сонун жарашкан. Сахнанын маңдайына атайын шамал кылып чачтарды, көйнөктөрдү желбиретип кооз көрсөтүү үчүн вентилятор коюлган экен. Андан чыккан шамал ырчыларга өзгөчө көрк кошуп турду. Баса, бул вентилятор Мекеңе укмуш жакты. Кийин өзү жалгыз сахнага чыгып, досун куттуктап ырдап жатып да узун чачтарын шамалга желбиретүү үчүн вентилятордун алдына кайра-кайра келет десең. Бирок ага жарашат экен.
Бир убакта Алина айым кызы Азел экөө чыгып, кыз жана эне тууралуу сонун ырды аткарышты. Азелден мыкты ырчы чыкмак окшойт. Үнү жагымдуу, анан калса аткаруу жөндөмү, мимикасы да жарашыктуу экен. Ата-энесинен талант жуктурган ырчылардын катарын толуктамак беле деген ой келди.
Алина Жетигенова деген ысымды жумурай журтка тааныткан бир кездеги хит ырларын уга албай зарыгып күтүп жаттым. Бирок ырчы эски ырларын дуэт ырдап салат же жаңыртылган вариантын созот... Айтор, Алина айым "убакыт машинасын" жүргүзүп, 90-жылдарга алып бара албай койду. Эң акырында гана эстен кеткис хит ырларын попурри кылып ырдап, элдин көңүлүн алды. Анда да ортодо Добр рэп айтып жатты. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү жаштыгын, балалыгын эскерүү үчүн келгендер экени даана көрүнүп турду. "Кыздын сыры", "Арген", "Көйрөң жигит" жана башка ушул сындуу ырларга моокумум канбай, айрымдарын укпаган бойдон концертке катышкан артисттер мына бүттү дегенсип сахнага чыга баштаганда эле сыртты көздөй чууруп жөнөгөн элдин арасына мен да сиңип кеттим.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
love_you
2017-05-08 10:41:23
мыкемдин жоругу сонун болуптур десен))))))
-2
Izdeim_seni.
2017-05-08 11:14:50
Мыке деп жакшыиайтыптыр. Хаха
-1
aIways-here
2017-05-08 11:17:52
Мекемге шамал жаккан тура
+2
Asol.Aslo.
2017-05-08 16:35:09
Толик сынчы ар кимге соонун ат коюп салат да...
+3
Seryi-Kardinal
2017-05-09 16:28:32
murunku tolik erkek bolchu azyrkysy kyz ekeni bilinip kalyptyr
+2
Izdeim_seni.
2017-05-10 20:45:24
Наоборот . Толик мурда кыз болчу,А зыр эркек жазып аткандай.
+2
Beki092
2017-05-11 11:52:39
Аял болобу Эркек болобу бирого сын такан болбойт
Бирого сын тагып жан бакандан коро башка жумуш кылса болмок
+2
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан