АТАКТУУЛАРГА АР СОБОЛ

7-апрелде өлкөбүздө болуп өткөн кандуу окуя кимдин гана жүрөк үшүн алып, кимди гана ойго салбады дейсиз? Мына ушул кырдаалга байланыштуу белгилүү адамдарга ар кандай суроо узатып, жооп алдык.


“Өлкөнүн кайгысын тарткан элден, бөлкө­нүн кайгысын тарткан эл коркунучтуу"
деп айтканыңыз бар. Ошондо биз кандай элбиз?

Шайлообек Дүйшеев, акын, журналист:
– Ооба, антип айтканым бар. Бул макал кыргызга гана эмес, башка элге деле тиешелүү десем болот. Кооптуу дегеним, опурталдуу дегендик. Кыргыз эле эмес, байыркы Римде деле элди ач-жылаңач койгондо, чыдабаган эл төңкөрүш жасаган. Илгертен эле кыргыз калкы кулчулукка, ачкачылыкка чыдаган эмес. Элин жумушу жок ар кайсы жакка тентитип койсо, карды тойбосо, бир күнү баары бир калктын жини кайнап көтөрүлмөк. Менин бул айтканымды азыркы бийлик да эске алып койсо жакшы болот.


“Ыңкылапта жарадар болгондорго кан бериптир” деп уктук. Жанара айым, башы көрүнгөн бирөө-жарымдын кан берип жатканын көзүңүз чалдыбы?

Жанара Атабекова, ди-джей, телеалпаруучу:
– 7-апрелде түндө теледен “жабыркагандарга кан бериңиздер” деген кабарды уктум. Жолдошум Нурбек экөөбүз чогуу барып берели деп жатканбыз. Тилекке каршы, Нурбектин колу бошобой калып, кан берүүчү борборго кошунам экөөбүз бардык. Барсак, эл деген толтура. Бирок белгилүүлөрдү көзүм чалган жок. Мүмкүн, башка убакта келип беришкендир. Кезек күтүп турсак, кан берүүгө келгендердин аягы суюлчудай эмес. Анан Улуттук госпиталды көздөй бет алдык. Ошол жерден кан тапшырып кайттык.


“Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат” дейт. Кандуу шаршембиден кийин Бишкекти бир сыйра айланып чыктыңызбы?

Анарбек Ибраев, кыргыз Эл артисти:
– Бишкектин көп жерлерин кыдырып чыктым. “Бишкегим” деген ырды ырдаган сайын көз алдыма жапжашыл борбор калаам тартылып, жан дүйнөм эргичү эле. Ошол борборубузду, Кыргызстандын жүрөгүн көрүп, зээним кейип турат. Акыркы күндөрү Бишкек жашарып, кооз болуп баратканына өзүңөр деле күбө болсоңор керек. Медалдын эки тарабы болгондой эле, кан төгүлүп элдик бийликти орнотконубуз менен, тентектер борборду талкалап жиберишти. Эмне деген соода түйүндөр, имараттар өрттөлүп, талап-тонолду. Анан да жерди мыйзамсыз басып алып жаткандарды көрүп, аябай капа болдум. Кандай болгон күндө да элибиз тынч болуп, шаарыбыз кайрадан жаңырарына үмүт кылалы.


Кырчындай кезинде кыйылган балдардын энелеринин ыйын эне катары туюп отургандырсыз?

Гүлшайыр Садыбакасова, “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси:
– Албетте, эне катары өлкөбүздөгү чуулгандуу окуяга кейип отурам. Жанагы тестиер балдардын өлүмүнө эт жүрөгүм эзилип, кайгырып көз жаш төктүм, кызым. Качан кыргыз бирин-бири кырчу эле?! Бул кандай шермендечилик?! Бишкекке жете албасам да Оштон жандык союп, шейит кеткендерге куран окуттум. Азыр дүйнө эли бизди карап, тынчтык болсун деп тилеп турушат. Мен да элиме кайрат айтып, заманыбыз тынч болушун тилеп турамын. Эч кандай кан төгүүнүн кереги жок бизге, бейпилдик болсун!


“Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир” деген ырыңыз бар эмеспи. Эми өлкөдөгү абалды ханга шылтайбызбы же...

Тата Улан, этноакын:
– Оор турмушту ханга шылтоо – элдин көнгөн адаты. Чынында эле карт тарыхка кайрылсак, ар бир өлкөнүн кандуу тагдырлары болгон. Негизи эле Алла Таала элдин башына ар кандай сыноолорду салат экен.Кечээки болгон окуя жашыбызга да, карыбызга да сабак болсун. Болгону, өткөндү эч качан унутпашыбыз керек. Элдин каны төгүлдү, болду, жетишет! Бардыгына баары бир болбошу керек. Бар бололу, бир бололу! Эми келечек деп умтулган жаштар ар бир кылган иштин майын чыгара таза жасаса өсөт, өнөт, өзүн да, өзгөнү да багат.


Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген сөз бар. Элдин көңүлүн ыр менен ачайын деген оюңуз барбы?

Султан Садыралиев, ырчы:
– Мекенибизде болуп өткөн окуя абдан жаман болду. Буга мен да, ата-энем да, дегеле бүтүн кыргыз кайгырып турат. Канчалаган азаматтар окко учуп, жоготуулар болуп кетти. Мына ушундай учурда элибиздин көңүлүн жакшы ыр менен биз ачпаганда ким ачмак? Жакынкы күндөрдө концерт койбосом да, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн. Буюрса, элдин маанайын жагымдуу ырлар менен жибитем.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Мираж
2010-04-24 14:13:18
Соокту кайда ыргытсан ошол жакка жан талаша турган эки жуздуулор бут ушул шоу-бизнестин адамдары. Уялбай март адамдай ойлорун айтышат. Ойлорун гана айтышат, колдорунан бир нерсе келбейт булардын.
0
№ 389, 16-22-апрель, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан