Адилет Эркинбек уулу, «Style Mix» триосунун ырчысы: "ЖАҢЫ ЫРЫБЫЗДЫН ЖОКТУГУНА БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨ КУРГАНЫБЫЗ СЕБЕП БОЛУУДА"

«Style Mix» триосунун ырчылары Адилет Эркинбек уулу менен Илима Дуйшеналиеванын баш кошконуна жарым жылдан ашты. Жан шериктердин жашоосунда эмне жаңылык? Айтмакчы, кесиптештер үй-бүлө статусун алгандан бери трионун жаңы чыгармаларын да укпай калдык. Анын да жообун төмөнкү маектен аласыздар.

– Кандайсыңар? Үй-бүлөлүүлөрдүн катарын толуктаган кандай экен?
Адилет:
– Жакшыбыз, буюрса. Чынында жашым деле өтүп кете элек го, бирок жаратылыштын мыйзамы ушундайбы билбейм, үйлөнгөндөн кийин өзүмдөн өзүм токтолдум. Кечкисин достор менен каалаганча жүрө берген адатым жок болду. Бойдок кездеги достор дагы алыстай башташат экен. Алардан таптакыр кол үзгөн жокмун, бирок жолугушуулар азайды. Анткени үй-бүлөлүү адам үйүнө шашып калат турбайбы. Мисалы, достор менен футбол көрүп жатсам, оюндун кызыгына карабай саат түнкү 12де үйгө жөнөмөй. Кафеден тамактанганымды эске албаганда, дайыма фаст-фуд жечүмүн. Азыр Илима тамакты түрлөп жасайт. Үйгө кирип келип кийимдеримди ар кайсы жакка чечип ыргытып, эртеси эмне кием деп бир байпагымды таап, экинчисин кечке издебейм. Баары иреттүү, таза дегендей.
Илима:
– Адилет азыр деле үйгө келгенде кийимдерин ар кайсы жакка ыргытат. Мен унчукпай жыйнап коё берем, көнүп деле калдым.

– Сүйүүңөр кыз-жигит кездегидей элеби же башка өңүткө өттүбү?
И.: – Нике 2 адамды ого бетер жакындатат экен. Сүйүүбүз кыз-жигит кездегиден да бекемделди, алоолонду дегим келет. Азыр Адилетсиз эч жакка баргым келбейт. Бирок дайыма жетелешип жүрө албайбыз да. Кичине кечиксе эле сагынып, "качан келесиң, каяктасың?" деп телефон чала баштайм.
А.: – Кыз-жигит кездеги сүйүү башка, үйлөнгөндөн кийинки сүйүү башка окшойт. Азыр бири-бирибизди жакшы көрүү менен гана чектелбестен, аяп да калдык.

– Чогуу жашай электе бири-бириңерден тартынып, картаны толук ачпасаңар деле керек. Азыр мурун билинбеген сапаттарыңар билиндиби?
И.: – Сүйлөшүп жүргөндө эле бири-бирибизди 100 пайыз болбосо да, 99 пайыз билип алганбыз. Мурун байкаганга мүмкүнчүлүк болгон эмес, азыр байкаганым, Адилет эркекке тиешелүү жумуштардын бардыгын жасайт. Мисалы, электрик, сантехник чакырып отурбай өзү эле кылып коёт. Чөнтөккө да зыяны тийбейт.
А.: – Илима да жумушка тың, аябай таза экен. Кээде кичине эле азыктан даамдуу кылып тамак жасап коёт. Эртең менен да эрте турат. Түшкө чейин уктаган жеңелеримди деле билем. Ушундай кызды өстүргөн кайын ата, кайын энеме ыраазымын.

– Үйдө ким кандай милдетти аткарат?
И.:
– Мисалы, акчаны Адилет кармайт. Мага керек болсо кеңешип, "мынча керек болуп жатат" деп сурап алам. Азык-түлүк алуу экөөбүздүн тең милдетибиз. Үйдүн жанында кичинекей базар бар, көбүнчө ошол жерден алабыз.

– Адилет, өзүңдү күйөө бала катары сүрөттөп берчи...
А.: – Кайын журтка барганда көп сүйлөмөй жок, ыйбаа кылып турам. Айылда бардык жумушту кылган жигит болгондон кийин жумуштан качпайм. Кайын журтум жумгалдык, бирок борбордо жер тамда турушат. Үйгө конок келгенде барып жардамдашып, самоор жагып, кой союп, эт бышырып берем.

– Илима, жалгыз келин эмессиңби...
И.: – Апамдар Балыкчыда жашайт. Мен апамдардын эрке кызындай элемин. Келишсе же биз барганда отуруп албай жумуш кылам. Кайнежелерим, кайын сиңдилерим өз эжелеримдей, тамашалашып сүйлөшө беребиз. Майрам сайын баарына белек бергенге аракет кылам. Бишкекке келишкенде кичинекейлерди ар кайсы жакка алып барып ойнотуп келгенди жакшы көрөм. Алар да мени "жеңелеп" турушат.

– Экөөңөр тең ырчысыңар, сүйлөшкөн сөзүңөрдүн басымдуу бөлүгү чыгармачылыкка байланыштуубу?
И.:
– Адилет чыгармачылыктан дагы саясатка, коомдо болуп жаткан иштерге аябай кызыгат. Жаңылыктарды калтырбай көрөт. Дүйнө жүзүндө эмне болуп жатса, баарынан кабардар. Чыгармачылыкка байланыштуу маселелерди көбүнчө Талас (ред.: Амантуров) менен чогуу болгондо талкуулайбыз. А.: – Акыркы учурда чыгармачылыгыбыз бир аз аксады, жаңы ырларыбыз чыкпай калды. Буга үй-бүлө кургандан кийин башка жумуштардын көбөйгөнү себеп болууда. Иштеш керек, бутка туруш керек дегендей ой менен жашай баштайт экенсиң.

– Чыгармачылыктын солгундашы үй-бүлөлүү болгонубузга байланыштуу деп жатасыңар, бул Таласка таасирин тийгизбейби?
А.:
– Кичине таасири тийгенсип жатат. Илима экөөбүз артка тартып жатабыз го деп кээде ыңгайсыз болуп кетем. Келечекте Илима экөөбүз дуэт болуп чыгалы деген оюбуз жок. Мурункудай трио бойдон калабыз. Үчөөбүз жаңы эле студиядан келдик. Патриоттук сезимди ойгото турган "Кыргызстаным" деген ыр жаздырып жатабыз. Элдин музыкага болгон табитин өзгөртүп, жеңил эмес, классикалык ырларга басым жасайлы деген ойлорубуз бар.

"Келечекте Илима экөөбүз дуэт болуп чыгалы деген оюбуз жок. Мурункудай трио бойдон калабыз".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
sabina95
2017-05-08 09:28:05
Эн сонун трио ишинерге ийгилик дайыма жаны жакшы ырларды жарата бергиле
+9
allanna
2017-05-08 09:56:24
Азаматтар! Бир ашыкча созу жок ото жакшы интервю беришиптир.
+13
bantik
2017-05-08 12:13:15
Бактылуу болгула, мыкты тугойлор экени корунуп турат
+7
wirin
2017-05-08 14:47:43
sonun para
0
regina86
2017-05-08 15:07:49
Жубайлар ушундай эле интервью беришсе болот экен го...Кээ бириролорго карандаш)))
+4
karonalaif
2017-05-08 15:28:00
Жакшы жакшы!!!бактылуу болгула Аллах пайдалуу перзенттерди берсин)
+2
pixduel1
2017-05-09 02:38:41
karonalaif, пайдалуу перзент дегенинер эмнеси
+3
Nyuwa
2017-05-08 17:26:26
Супер!!! Улгулуу уй булоо катары кабыл алдым, бактылуу болгула, бир омур Суйуу каалайм
+4
aizada9595
2017-05-08 23:04:10
Сонун бактылуу болушсун мага жагат коз тийбесин.
+1
guljan2017
2017-05-09 03:01:42
бактылуу, балалуу болгула.
+1
aigulu
2017-05-10 14:11:40
Жакшы.Бактылуу болгула
+1
ALMAAAN
2017-05-11 17:13:36
Тааныбайт экенмин буларды
-3
jolbors
2017-05-11 20:48:57
Бактылуу болгула!
+2
doping
2017-05-14 13:30:33
Ким булар озу
-1
meri.kg
2017-05-14 17:59:44
Бул жаш уй-булоонун берген интервьюсу конулумо толду. Бактылуу болгула.
+1
Birimdik5555
2017-05-15 00:41:14
Бактылуу болгула Адилет жана Илимкан
+1
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан