3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Жектин маал-маалы менен ушинтип жоголуп кетиши кыжырга тийчү болду.
– "Чапкан" экенсиң да, жаш жигитти,- Медина сабак учурунда Аидага тийишип кирди.
– Жөн отур, бизде али эч нерсе боло элек.
– Ооба, сенде боло элек болушу мүмкүн, бирок Шерзаттын көз карашы баарын түшүндүрүп турат.
– Ошондо бул кызганып жатканыңбы, ээ?..
– Жектен дайын жок. Демек, мен сенин атаандашың болоюн...- Медина тийишкенин уланта берди. Аидага бул айткан сөзү анча жага берген жок.
– Ага тийишкениңди көрбөйүн. Машыгууга баш-оту менен кирип кетти. Ал бир беттешке даярданып жатат...

ххх

Окуудан чыккан Медина Аиданын сөздөрүнөн кийин кызыктай болду. Шерзаттын Аидага болгон мамилесиненби, айтор, кызганып жатканын туйду. Жок, мындай сезимдерден алыс болуш керек. Терең ойго чөмүлүп баратып, алдынан тосуп алган Жекти да байкаган жок.
– Медина...
– Салам, Жек.
– Сенин келгениңди билбей калыптырмын.
– Ооба, башка кыздардан бошобой жатсаң анан...
– Таарынба, чын эле билген жокмун.
– Мен бүгүн чарчадым. Үйгө бара берейин.
Мединанын кош көңүл мамилеси Жекти капалантты. "Мына иштер деп жүрүп, эми бул жагы да окшошпой кетти. Же жумуштар бүтпөйт, мунусу да кыялын көргөзөт" деген Жек ичинен сөгүнүп алды. Тамекисин күйгүзүп, Мединанын карааны көрүнбөй калгыча анын артынан карап турду. Бат-баттан баскан Медина үйгө жеткиче шашты. Таарыныч, ыза, кызганыч... Курчаган бул сезимдерге Медина туруштук бере алган жок. Бут алдына көз жаштары тамып баратты...

ххх

Жек бир канча убакытка ийинден чыкпай жатууга мажбур болду. Анын артынан кафенин ээси издетип баштаганын кулагы чалган. Көрсө, ал жөнөкөй адамдардан эмес экен. "Экөөңөрдү издетип баштаптыр. Азырынча жашырынып тургула" деген эскертүү келди.
Ошол күнү унааны айдап бара жаткан жери сырткы камерага түшүп калган экен. Айдардан муштум жеген айдоочу да элес-булас эстеп жатканын айтып берип, ошондон тарта чыңалуу башталды. Аймактын ээсине үлүшүн баары бир бербей турганын билдирип, ачык эле тирешүү башталды. Акыркы айдын ичинде ошол аймакта маал-маалы менен кандуу окуялар көбөйгөнү Жекти дагы кабатырлантып жатты. Мындай убакытта Медина менен көп байланышпай туруш керек экендигин билет. Айылдан шаарга келгенден тарта ар бир кадамын дыкат кылып баштады.
Жек Айдар менен ошол иштен бери байланыша элек. Ал дагы көздөн оолак жүрөт сыяктуу. Андан бери Жек айылга бир барып келип, өзү иштеген окуу жайда машыктыруучулугун улантып баштаган. Жакында Универсиада эмеспи, ага студенттерин даярдап баштады. Ал мушкерлер үчүн жооптуу. Дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөндөн кийин бул жакта өзүн эркин сезет. Студенттердин алдында да аброю бийик.
Бүгүнкү машыгууга кафедра башчысы келгенин байкады. Жектин карамагында мелдешке катыша турган 5-6 бала бар.
– Саламатсызбы, Кайрат Асанбекович?
– Оо, Жекшенов. Машыгуунун башында өзүң турганың жакшы. Сенде сөзүм бар эле, уруксатпы?
Мындай сылык кайрылуунун артында эмне турарын ойлогуча Жек рингден чыга келди.
– Мындай эми. Биздин команда Универсиаданын жеңүүчүсү болушу керек. Демек, сенин машыктырган балдарың командалык эсепте 1-орунга жазылышы кажет. Кафедранын башчысы катары мушкерлерге мен жооптуумун, ал эми мен сага ишенем. Бул ректордун тапшырмасы. Уят болбойбузбу анан?
– Жок, агай. Баары жайында болот. Спорт академиясы болгондон кийин, албетте, биринчи максат – алтын медаль. Кабатыр болбоңуз.
Бул жоопко ыраазы боло түшкөн декан машыгууңарды уланта бергиле дегендей кылып басып кетти. Машыктыруучу Жекшенов өзүнүн алгачкы Универсиадасын эстеди. Ооба, өзү окуган 5 жыл аралыгында аталган мелдештин 5 жолку чемпиону болгон. Эми ишенгени ушул студенттер.
Студенттери менен иштешкен соң 20 мүнөттөй өз алдынча дагы машыгуусун улантат. Бүгүн дагы ошондой болду. Ал бүткүчө кеч да кирип кетти. Жуунуп, бир аз эс алгандан кийин үйүн көздөй жөнөдү. Чыгары менен анын артынан эки караан түштү. Мындайда Жектин сезгичтиги мыкты эле. Негедир бүгүн буларды байкаган жок. Телефонуна алаксып, ары жактагы паркты аралап өтмөй болду. Мындай абал Жекти аңдыгандар үчүн оңтойлуу болду. Адатта жарык болуп турган парк бүгүн караңгы. Же бул дагы атайынбы?.. Бир дагы жарыгы жок парктын аллеясына келип калганда атылган октун үнү жаңырды. Басып бараткан караандын дабышы чыкпай калды. Биринчи атылган октон кийин дагы экөө жаңырды. Эми эки адамдын чуркап кеткен дабыштары гана угулду. Караңгы парк кайрадан үнсүз калды... Бактардын жалбырактары гана эч нерсе болбогондой шамалга "эркелеп" жатышты...

ххх

– Сени да мендей кылат. Эрмек менен беттешке чыкпай эле кой.
– Ооба, көзүңдүн көгөргөнүн карачы. Меники мынча болбостур.
– Баары бир Азат агай экөөңөрдүн беттешиңерди болтурбайт. Бизди токтотпой койду эле, мына мендей мушкеринен бир айга айрылды...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
gul3ina
2017-05-08 09:52:27
1
-1
Aima94
2017-05-08 11:54:09
gul3ina,2))))
0
originalkgz96
2017-05-08 12:50:33
жектин иши бутту
+1
Eliza.nurjanovna
2017-05-08 17:24:00
originalkgz96,жек өзү да бүттү окшойт го
0
digibum
2017-05-08 19:15:00
Тушунсом пияз кууруп жейин
+11
Aytur
2017-05-09 11:05:18
digibum,Ха ха ха .......
+2
Shef87
2017-05-09 19:02:11
Пияз кууруп отурбай башынан окусан
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан