КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

Бишкектин борбордук көчөсүндө капкара түстөгү Гелендваген күнгө чагылыша зуулдап баратты. Мотордун күрүлдөгөн үнү ачуулуу чыгат. Дегеле бул унаа өзү ачуулуу көрүнөт. Күр-р... Газды баскан сайын рулда отурган Арсен маашырланып баратты. Унааларды кыйгап өткөн жол тандабастын жүрүшү ишенимдүү. Күркүрөп чыккан үнүнө тышкы көрүнүшү да дал келген, жүрүшү бир учурда орой да, назик да көрүнгөн бул жол тандабас рулда бараткан адамдын да өпкөсүн көптүрүп, текеберлентип жибермей касиети бар. Ананчы, бул унааны суктана карагандар четтен чыгат. Анын ичинде ким отурганына маани бербей эле, жөн гана классы бийик Гелендвагенди эле сыйлап жол бошото калгандар канча дейсиң?!
Алдыда жол чыракта кызыл жарык күйдү. Тормозду тээп жатып, Арсен аны менен катарлаш дал өзүнүкүндөй болгон ак түстөгү унаа токтогонун байкады. Ал бир кезде ушундай ак түстөгүсүн да айдап көргөн. Бирок ал өзүнүкү эмес болчу...
Ак Гелендвагенди кыз айдап бара жаткан экен. Терезесин түшүрүп, кара көз айнегин мурдуна кондурган селки унаанын салонунан чыккан музыканын ыргагына билинер-билинбес кыймылдап, рулду кармап алып бийлеп келе жатыптыр. "Ошолбу?" Арсен өзүнө-өзү суроо берди.
Балким, мындан үч же төрт жыл мурун болсо, Арсен өзү биринчи даап "сен Бегимайсыңбы?" деп сурай алмак эместир, бирок ал азыр башка Арсен, өзүнө ишенген, көздөгөнүнөн кайра тартпаган, тартынбаган, өз чөйрөсүндө кадыры бар Арсен. Караңгылатылган айнекти түшүргөн жигит кыз тарапка карады да "Ау, чоң кыз?" деп үн салды. Кыз аны карай берди да, көз айнегин шашып ала калып, таң калганын жашырбай "Арсен?.." деп суроолуу карады. Жигит аны бой көтөргөн, кытмыр жылмаюу менен карап туруптур.
– Тигиндей токтосоң...- жигит көчөнүн аркы бетин карай жол жаңсап, унаасы менен зуулдап барып токтоду. Ошол экен, Бегимай тура. Жигит кымыңдап алган.
Жигиттин унаасы күрүлдөгөн бойдон алга жылып, жол четине токтогонун карап тура берди Бегимай. Кыз Арсен аны эзели кечирбейт деп ойлочу. Дегеле Арсенди көргөнүнө апкаарып кетти. Ал аны түрмөдө деп ойлогон. Тагдыры талкаланды деп жүрчү. А бул болсо кымбат унаанын рулунда, жигиттик баралына келип булчуңдары чыңалып, мурдагыдан да келбеттүү болуп алыптыр. Бирок токтобой кетип кала албады. Эмнегедир кызды жигитти көздөй белгисиз бир сезим жетелеп жөнөдү. Качан гана Бегимайдын унаасы Арсендин унаасына катар токтогондо Арсен жайбаракат кара Гелендвагенден түштү.
– Кандайсың, сулуу?- унаасынан Бегимайды Арсен колун сунуп түшүрүп алды.
– Жакшы...- кыз көздөрүн уяла ала качты. Жигиттин алдында күнөөлүүдөй. Арсен болсо дал ушундай жолугушууну күтүп келген. Анын көз карашынан эле "Карачы! Мына, баягы сен келечеги жок деп чанган жигит! Көрүп ал, анын ким болгонун!" дегендей кыйынсынуу дапдаана байкалып турду.
– Көргөнүмө кубанычтамын. Кандай жүрөсүң? Көрүшө элегибизге канча болуп кетти? 3 жылбы же 4 жылбы?- Арсен билмексен кишидей сурады. Чынында ал Бегимайды ойлобогон бир дагы күнү болгон эмес. Жолугушчу күндү шурудай санап келгенин кантип танат? Бирок анысын байкатпашы керек.
– Билбейм,- кыз жылмая ийиндерин куушурду. Кыска ак футболка, буттарына чыпташкан кара шым Бегимайга куп жарашыптыр. Арсен аны суктана карап алды.
– Бош болсоң жүр, бир аз сүйлөшүп отуралы. Кофе ичели?
– Мейли...- кыз кантип макул болгонун байкабай калды. "Койсоңчу, Бегимай, сен бирөөнүн аялысың да!" анын ички үнү чыркырап жиберди. Бирок кыз Арсендин жылмаюусуна, келбетине, үнүнө, турпатына арбалып калды.
Беш кадам арыраактагы кафеге баш багышты.
– Бизге азырынча кофе гана...- жаңы эле столго отурганда жетип келген официантты жигит жылмая кайра узатты.
– Сүйлө анан? Кандайсың? Не жаңылык?- жигиттин мындай суроолоруна Бегимай таң калып бүтө элек. Тим эле мындан 4 жыл мурун эч ыр-чырсыз ажырашкандай, баарын кечирип, баарын унуткандай түрү бар Арсендин.
– Жакшы эле...
– Турмушка чыктыңбы?
– Ооба...
– Болушка да, ээ?
– Мм...- кыз өзүн тергөөчүнүн алдындагы кылмышкердей сезип кетти.
– Ал эмне аялы менен ажырашканбы?
Кыз бул суроону жоопсуз калтырды. Кызарып кетти.
– Кечирип кой! Туура эмес суроо берип алдым окшойт.
– Эч нерсе эмес... Мен басайын...- кыз ыңгайсыз абалда ордунан турду.
– Койчу. Таарынып калдыңбы? Магабы? А мен таарынбай элемин го?! Болушка кеткениңе деле, түрмөгө каматканыңарга деле, акчаң жок деп чанганыңа деле таарынбай, кечирип жүрөм го?! Токто... Отур!- жигит ишенимдүү түрдө ордунан козголуп кызды билектеринен тартты. Арсендин колдору ысык эле. Кыз дароо байкады. Денеси дүркүрөй түштү. Каршылык көрсөтө албады.
– Уялчаак кыз болуп калгансың го, тентек! "Тентек" бул сөз Бегимайдын кулагына ушунчалык жагымдуу угулуп кетти. Аны минтип Арсени гана айтчу. "Тентек, тентек..." ичинен кайталап жиберди. Жөн эле бир сөз ушунча жагымдуу болобу?..
Каректерин өйдө кыла берип, аны мурункудай эле сезим толгон капкара көздөрү менен теше тиктеп турган Арсенден көзүн ала албай калды. Ооба, бул экөөндө тең бири-бирине болгон кусалык бар эле. Алар андан кутула албай жүрүшкөнүнө көп болгон...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aijan.borkoshova
2017-05-08 09:01:04
"Тентек!" эээхх кандай жагымдуу,кымбат сөз.Мени да жигитим тентек,тентешкам деп эркелетчү
+1
love_you
2017-05-08 12:48:37
тууй ата, эми канча жума ооруйбуз? кутуу деп ушуну айтыш керек)))
+5
GER
2017-05-08 13:22:09
Башталдыыыыы.. кызыктуу окшойт
+1
Eliza.nurjanovna
2017-05-08 17:41:41
көпчүлүк чыгармаларда эле кыздын атын Бегимай боло берет
+3
aruuke9292
2017-05-09 12:57:21
Eliza.nurjanovna,мен тааныган Бегимай аттуу кыздар назик сулуу жагымдуу негедир
+1
ady-88
2017-05-08 18:05:33
Олдуго быягы кызыгып окуп келе жатканда бутуп калганы. Дагы бир жума жалдырамай экенда эми
+3
Kanat969023
2017-05-08 23:43:48
Убагында баланы тыштап кеткен окшойт .анан ал намыстанып баягы бала эмес .бай болгон окшойт .анан кыз экоо аягында чогу болуп калат го
+2
adiletik
2017-05-09 13:16:50
ГЕЛЕНДВАГЕНди суроттогондой кызды суроттобоптурго.
+3
belka
2017-05-10 18:31:47
adiletik,)))) туура сөз.
+2
Atiku.samatova
2017-05-09 21:01:55
Күтөбүз,
0
Floweriza
2017-05-10 13:29:43
Жакшы башталышы
0
mamsali
2017-05-10 14:46:15
эми канча кутобуз дагы жакшы чыгарма окшойт
0
stepboy
2017-05-13 07:03:20
ошондо башьалышыбы бул
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан