Александр Головин, актёр: «АКТЁРДУК БИЛИМИМ ЖОК. СЕБЕБИН МЕНИ СЫНАКТАН ӨТКӨРБӨЙ КОЙГОН МУГАЛИМДЕРДЕН СУРАШ КЕРЕК»

Орусиялык актёр, "Ералаш" киножурналынан, "Кадетство", "Папины дочки", "Сволочи", жаңы жылдык "Ёлки" тасмаларынан көрүп жүргөн Александр Головин бүгүн биздин маек төрүбүздө. Актёр Бишкекке 2-май күнү анын катышуусундагы "Кош келиңиз!" тасмасынын бет ачар аземине катышуу максатында учуп келген эле. Ошол эле күнү кечинде ал биз менен маектешүү үчүн жолукту. Александр Головиндин жөнөкөйлүгү, ачык маек бергени бизди жагымдуу сезимдерге бөлөдү.

Аты-жөнү
– Головин Александр Павлович
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 13-январь
Туулган жери – Чехиянын Брно шаары
Билими – Орто
Учурда – Актёр, 30дан ашуун тасмада жана 10дон ашуун спектаклде роль жаратып, 17 сериалга, 9 музыкалык клипке тартылып, 2 мультфильмде үн коштогон
Хоббиси – Унаа жарыштарына катышуу
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм

– Кыргыз өлкөсүнө кош келиңиз! Кандай жетип алдыңыз?
– Буга чейин тасмага тартылуу үчүн келгенимде чарчап, жолдо уктап келгем. Ошондуктан 2 саат эле учкандай туюлган. Көрсө, 4 сааттан ашык учуш керек турбайбы. Тынч эле учуп келдим, иллюминатордон көрүнгөн тоолордун кооздугуна суктанып эле жаттым.

– Тоолорду жакшы көрөсүзбү?
– Ооба, мага алардын өзүнчө жан дүйнөсү бардай сезилет.

– Кыргыз мамлекетине тасмага тартылуу шылтоосу менен алгачкы жолу келдиңиз да, эмнеси менен эсиңизде калды биздин өлкө?
– Менин апам Өзбекстандан болот, ошондуктан балалыгымда ал жакка баргам. Азыр деле Өзбекстанда туугандарым жашайт. Казакстанга деле спектакль койгону келип кеткем. Ушул мамлекеттердин жанында Кыргыз өлкөсү бар экенин билет элем, бирок буга чейин келген эмесмин. Эсимде Ысык-Көл калды. Мага аны Түркиядагы эс алуучу курорттор менен салыштырганы жаккан жок. Себеби Түркияга караганда Ысык-Көлдүн өзгөчө тереңдиги, сүрү бар экен. Биздин Байкалга окшоштурдум. Карасаң тоолор – ал жакта кыш, анын жанында эле көл – ал жерде жаз. Бир өзгөчө кооз көрүнүш. Парда сыяктуу тартылган сүрөттөй туюлат экен. Аны ача койсом, артында тарактап завод-фабрикалар иштеп жатканын көрө тургандай сезиле берди.
Караколдогу тартылуу иштери аяктаган соң мен тасманын продюсери Бектемир Мамаюсуповдон сурандым, "мончо болсо жакшы болмок" деп. Көлдүн жээгинде мончого түшүп, анан жаздын алгачкы күндөрү болгонуна жана суукка карабай көлгө секирдим. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келбеди.

– Сизди жакшы эле тамактандырыштыбы?
– Жок, карасаңыз кандай арыкмын (күлүп). Апам Өзбекстандан болот дебедимби, ошондуктан бул жактын тамактарын, мисалы, палоону үйдө көп жейбиз. Бул жакка келгенде "көп жебе, кыйналып каласың" дегендер болду. А менин ашказанымды апам үйдөн эбак даярдап койгон да. Тойгуча эле жеп жаттым. Өзгөчө "Шоро" суусундугун жакшы көрүп калдым. Анан эт эсимде калды. Бирок мага козунун эти, жылкынын эти деп айтпаш керек. Себеби дароо жалдырап карап турган жаныбарларды элестетип алып боорум ооруп баштайт.

– Кепти чыгармачылыгыңызга бурсак...
– Ошентеличи, тамакты көп сүйлөшүп салдык окшойт.

– Спектаклдерде роль жаратасыз, тасмаларга дагы тартыласыз. Көбүнчө кайсы тармак жан дүйнөңүзгө жакын?
– Тасмага тартылуу жагат. Себеби анда чарчасаң дем алууга мүмкүнчүлүк бар. Адашып кетсең кайра башынан тартса болот. Спектакль учурунда керектүү сөздүн баарын эсиңе тутуп калуу эле кандай кыйын. Бирок көрүүчү менен түз байланышта болгон жагымдуу нерсе.

– "Ёлки" тасмасындагы өз образыңызга сценарий жазууну каалап жүргөнүңүздү билебиз.
– Жаздык, тасмада менин досум дагы болот эмеспи. Мына ошол эки жигиттин "Ёлки-6" тасмасында боло турган окуялары биздин калемге таандык болот, буюрса. Бирок эмне жөнүндө экенин айта албайм.

– Кыргыз тасмасына тартылууга кантип макул болуп калдыңыз?
– Буга чейин кыргызстандык режиссёр Медербек Жалилов менен иштешип көргөм. Ошол жигит "Кош келиңиз!" тасмасын тартты. Чалып эле сунуштаганда макул болдум.

– Сиз тартылган кыргыз тасмасынан эмнени көрө алабыз?
– Кымызды жана мени (күлүп). Анан албетте, өлкөңүздөрдүн эң кооз пейзаждарын.

– Бул тасмага тартылуунун максаты жөн гана жер кыдыруу болдубу же тажрыйба топтодуңузбу?
– Тажрыйба дегенде комедия жанрындагы фильмдерге көп эле тартылгам, андыктан тажрыйба эмес. Болгону толтура жумушту өз моюнуна алып алган бир адамды көргүм келди. Мага продюсер болуп, ошол учурда тасмага дагы тартылып жетишкен Бектемир менен таанышуу кызык болгон. Көрсө, анын жумушу муну менен эле чектелбейт экен, өзү тартылбаган учурда эки жакты жыйнай коёт, адамдарды камерага түшүп калбасын деп тынбай көзөмөлдөп жүрдү. Билбейм, мунун баарына кантип жетишет?..

– Келечекте дагы кандай образдарды жараткыңыз келет?
– Бир сценарийди билем, орус-украин мамилелерин чагылдырган. Эки аскердин достугу тууралуу, бири орус жигити, бири украиналык жигит. Мына ошол сценарий боюнча тасма тартылса, анда эки жигиттин биринин образын жаратууну кааламакмын.

– Көп тасмаларга тартылганыңызга карабай актёрдук билимиңиз жок экенин билебиз. Ушул убакка чейин билим алуу мүмкүнчүлүгү болгон жокпу?
– Билимим жок, мен окууга тапшыргам, албай койгон мугалимдерден сураш керек, эмнеге менин билимим жок экендиги тууралуу. Бирок азыр түрдүү курстар бар да, кааласам ошол жакка окусам болот. Ошол эле учурда менде улуу актёр, режиссёрлордон тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Бирок билимдүүмүн деген документ керек.

– Кайсы актёрлор менен бир тасмага тартылгыңыз келет?
– Эң жакын досторума айланган "Кадетство" сериалында, "Сволочи" тасмасында тартылган актёрлор менен кайрадан бир тасмага тартылгым келет. Себеби алар мага бир туугандай болуп калышкан, чогуу жашадык, ыйладык, күлдүк.

– Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк кантет?
– Кудайга шүгүр, жеттик, ээ?

– 2007-жылы "10 жылдан кийин сонун унаа айдап, үй-бүлөлүү болуп калам" деп айтканыңыз бар эле...
– Сонун унаа айдап жүрөм (күлүп). Бирок үй-бүлө кура элекмин, планымда азырынча ал нерсе жок. Көбүнчө менин үй-бүлө куруум апамдын планында болсо керек. Менин оюмча, келечекте балдарыма көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүм керек, азыр ал үчүн бутума толук тура элекмин. Ошондуктан үйлөнбөй турганым оң, жүрөгүм дагы бош.

– Социалдык баракчаңызда ваннада бир кыз менен түшкөн сүрөтүңүзчү?
– Кайсы (күлүп)? 28 жашта болсом, менин курагымда ар бир жигиттин ваннада кыз менен түшкөн сүрөтү болуш керек.

– Демек, кыргызстандык кыздарда мүмкүнчүлүк бар?
– Баарында бар десем туура болот.

– Кыргыз кызына үйлөнүп калсаңыз калың төлөш керек болот, ал жагын кантесиз?
– Эмне үчүн төлөнөт ал нерсе?

– Биздин салт ушундай.
– Макул, төлөш керек болсо төлөп үйлөнө берем.

"Кош келиңиз!" тасмасынын продюсери Бектемирдин өз моюнуна толтура жумушту алып, анын бардыгын аткарганга жетишип жатканын көрүп таң калдым".


Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Александр Головин: "Үйлөнүш үчүн бутума турушум керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Asel_taalaibekova
2017-05-08 11:06:34
Молодец,жакшы актер экен.
+3
Asol.Aslo.
2017-05-08 16:21:52
Эмне учун толонот ал?-деген жери кызыктуу болуптур...
+4
B.GULNARA
2017-05-08 22:45:26
Ушул актер абдан жагат. Ото жонокой инсан экени берген итервюсунан байкалып турат.
+3
Janyl010397
2017-05-10 00:29:49
Жакты)))
+2
Nazaroff1974
2017-05-10 18:55:05
Негизи кыргыздарга 3 пландагы эле актерлор макул болсо керек.Бул актерду коп орустар деле тааныбайт.Мен лично для интерес коп орустан сурадым.тааныбайт экен.Анан эле кыкендер тим эле суйунуп калышат тартылып койсо
-8
kanykey125
2017-05-11 11:21:36
Nazaroff1974 Ошо тааныбаган орустар дагы и сиз даны ХХХ экенсинер.
+1
admin_superstan
2017-05-11 15:27:17
kanykey125, эрежелерди сактаңыз.
0
Asmera.
2017-05-13 20:00:07
тааныйм мен. Киносун эстебедим. Бирок жузу тааныш. коп эле коргом. соонун актер экенго)))
+1
Adilet2014
2017-05-14 13:17:46
Сволочи деген кинодо сонун роль жараткан..
+1
Ty-nurik
2017-05-15 02:06:18
Оа сонун
+1
1985lana
2017-05-15 02:45:24
Классный актер. Помню и знаю его с времен Ералаша.
-1
admin_superstan
2017-05-15 10:22:52
1985lana, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайм.
+1
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан