ӨРТТӨЛГӨН ҮЙДӨГҮ ӨЛҮМ. КАЙНИСИ ЖЕЗДЕСИН ӨЛТҮРДҮБҮ?

Ушул жылдын апрель айында Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Алексеевка айылындагы үйлөрдүн бири өрттөнүп кеткен. Жардамга барган кошуналары өрттөнгөн тамдын ичинен үй ээси Каныбек Какешовдун күйүп калган денесин таап чыгышкан. Маркумду кимдир бирөө бычактап, андан соң үйү менен кошо өрттөп жиберген экен.

"ИЧИП ОТУРУП УРУША КЕТИШКЕН"

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 18-апрель күнү болжол менен саат 9:30дарда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Алексеевка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, ал жерден бир адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам-тергөө тобу өрттөлгөн үйдүн кожоюну, 57 жаштагы Каныбек Какешовдун күйүп калган денесин табышкан. Маркумдун денесинде жаракаттар байкалып, киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.
Бул боюнча Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары маркумдун 48 жаштагы Б.М. аттуу кайниси кармалган. Ал 17-апрель күнү маркум Каныбек Какешов экөө үйүндө ичимдик ичип отуруп уруша кетишкенин айтып көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал жездесин ашкана бычагы менен жүрөк тушка сайып салган да, үйдү өрттөп жиберген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кармалган жаран Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"БЕТИ-БАШЫ, ДЕНЕСИ КҮЙҮП КАЛГАНДЫКТАН, ТИШИНЕН УЛАМ ТААНЫДЫК"

Сөөктү таап чыккандардын бири Бейшенбек Будайчиев буларды айтып берди:
– Эртең менен саат 9 жарымдарда кошунам "Каныбектин үйү өрттөнүп жатат" деп айтып, мени чакырды. Барып үйдүн эшигин ачып, ичине киргенге аракет кылдык. Оозгу бөлмөдө дөмпөк бир нерсенин күйүп жатканын көрүп, суу чачтык, бирок ал кайра бензин күйгөндөй жалбырттап күйдү. Жакшылап карап, ал биздин кошунабыз Каныбек экенин билдик. Көмкөрөсүнөн жатып калгандыктан бети-башы, денеси таанылгыс болуп күйүп, болгону жону гана кичине күйбөй калыптыр. Тиштеринен улам Каныбекти тааныдык. Суу ташып жүрүп, сырттагы кан болгон бычак менен жерге тамып калган канды көрүп маани деле берген эмеспиз.
Бул үйдө ал 2 жылдан бери жалгыз жашачу. Аялы менен ажырашып кеткен. Кайниси үйүнө көп келчү. Кээде Каныбектин кайнисин үйүнөн кубалап, "мени урду, сабады деп эжеңе айтып барат экенсиң. Экинчи келбе" деп желкесинен сүйрөп үйүнөн чыгарып жатканын көрүп калчубуз. Өзү колу жөндөмдүү, иш билги адам болчу. Биз деле башында үйү өрттөнүп кетсе керек деп ойлогонбуз. 2 күндөн кийин гана киши колдуу болуп өлгөнүн, үйүнө келип жүргөн кайниси кармалганын уктук.

"КАЙНИСИ ЭКӨӨ МАС БОЛУП ЭЭРЧИШИП ЖҮРҮП КАЛЫШЧУ"

Маркумдун дагы бир коңшусу Жаныбек Тиленчиев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ошол күнү түнкү нөөмөттө иштеп, үйгө эртең менен келгем. Эшик аябай туман болуп тургандыктан, түтүн чыгып жатканы билинбейт эле. Бир маалда эшик такылдаганынан ачсам, "кошунабыздын үйү өрттөнүп жатыптыр" деп чакырышты. Эл менен кошо өрттөнүп жаткан үйгө суу ташып чача баштадык. Ал учурда өрт өчүргүчтөр келе элек болчу. Аңгыча кимдир бирөөлөр "короодо кандын издери бар экен" деп айтып калышты. "Андай болсо эч ким тебелебей турсун" дедим. Анан өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери келип, кошунамдын сөөгүн килемге ороп алып чыгышты. Оозгу бөлмөдө жатканына караганда ал чыгууга аракет кылса керек, мүмкүн, атайылап ошол жерге ташталган.
Каныбекти өлтүрдү деп жаткан кайнисин көрүп жүрчүмүн. Кээде экөө мас болуп ээрчишип басып калышчу. Кошунамдын чынында ачуусу чукул эле, келинчеги абдан жакшы болчу. Аялы эртеден кечке базарда жашылча-жемиш сатып иштеп, тиричилик кылышчу. Ошондо да ага тынчтык бербей сабачу.

"БИР ТУУГАНЫМБЫ ЖЕ БАШКАБЫ, ӨЛТҮРГӨНДӨН КИЙИН ЖАЗАСЫН АЛСЫН"

Маркум менен аялы 2 жылдан бери таарынышып жүрүшүптүр. Жубайы Шахангүл Мамасалиевага жолукканыбызда ал жолдошу тууралуу буларды айтып берди:
– Каныбек экөөбүз ажырашкандан кийин аны туулган күнүмдө, майрамдарда же бир күнү кайра келет деп үмүтүмдү үзбөй күтчүмүн. Бирок ал 2 жыл ичинде бир дагы жолу басып келген жок. Мурун деле урушуп-талашып, кайра кечирим сурап келип, жашап жүрчүбүз. Ажырашардан 5-6 ай мурун анын мага болгон мамилеси аябай өзгөргөн. Ызы-чуу салып, мени "кет" деп эле туруп алды. Кайсы күнөөм үчүн ушундай мамиле кылып жатканын түшүнгөн жокмун. Анан "мен жаш аял алам" деп чыкканда ага да макул болуп, "үйгө алып кел. Өзүм жоолук салып берейин" дегенге чейин бардым. Бирок ага да көнбөй, ичкенин токтотпой, мени көп сабай баштады. Акыры жашообуз болбой турганын билип, башка батир таап үйдөн чыгып кеттим.
Ошондо деле баары бир күтүп жүргөм, "бир аял менен жашап алыптыр" дегенин укканда үмүтүм үзүлүп, аман-эсен жашай берсин деп отуруп калгам. 25 жыл чогуу жашаган мени кантип ага алмаштырды деп кээде ызаланып ыйлап да калчумун.
Ошол күнү эртең менен базарга барсам, кошуналарым телефон чалып, "кел, үйүң өрттөнүп жатат" деп чакырышты. Ичинен жолдошумдун сөөгү чыгат деп ойлогон эмесмин. Аны бир жакка кетип калгандыр деп жалдырап көчөнү карап күтө бердим. Бирок анын эч нерсеси калбай күйүп калган сөөгүн алып чыгышты. Анан кайнагаларыма, балдарыма телефон чалып чакыртып, сөөктү алып кеттик.
Кылмышка шектелип иним кармалды. Экөө чогуу ичип калганда "анын жанына жолобо, ичпе" деп инимди дайыма урушчумун. Эмнеден улам урушуп ушул иш болгонун билген жокмун. Кайын журтум деле "сенде күнөө жок, ичкен арагынан улам ушул иш болду. Биз менен катышып жүр" деп жатышат. Бир тууганымбы же башкабы, өлтүргөндөн кийин тийиштүү жазасын алсын.

"ҮЙ АТАЙЫЛАП ӨРТТӨЛГӨНҮН БАРГАНДА ЭЛЕ БИЛДИМ"

Маркумдун бир тууган агасы Калысбек Какешов буларга токтолду:
– Иним ачуусу чукул адам эле, биринчи аялы менен ажырашкандан кийин Шахангүлгө баш кошкон. Жакшы жашашчу, кээде урушуп калганда барып элдештирип коюп турчубуз. Экөө ажырашкандан кийин көп иче баштаган. Биринчи турмушунан баласы бар. Биринчи аялы, уулу экөө көлгө чөгүп каза болгондон кийин өзүн таштап салып, аракты көп иче баштаган.
Инимди өлтүрдү деп жаткан келинимдин инисин таанычумун, экөөнү тең "бири-бириңерге жолобой жүргүлө" деп урушуп турчубуз. Бирок болбой эле чогуу жүрүп калышчу. Окуя болгондо инимдин үйүнө барып, ошол замат эле үй атайылап өрттөлгөнүн билдим. Себеби үйдөн өрт чыкса, бир же эки бөлмөсү өрттөнмөк да, бул үйдүн баары бирдей өрттөнүп кетпедиби.

Маркумдун жансыз денеси ушул бөлмөдөн табылган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайниси жездесин бычактап өлтүрүп, өрттөп жиберди деп шектелүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Yamur
2017-05-08 12:35:14
Ар жумада бирден,экиден кырылып олот окшойбуз эми...
+6
mentol
2017-05-08 14:09:20
Yamur, Тообо дейли туугандар
+2
meni_kut
2017-05-08 14:00:06
эжеси инисине жамандап жезден жаш аял алды деп жек коргозуп бутсо керек
-14
radostmoya
2017-05-08 16:24:58
Эжеси жездесин суйот окшобойбу, Байнауш.. .
+3
kuba1985
2017-05-10 16:49:09
radostmoya,25 жыл коп убакыт да кантип суйбосун
+2
briliant87
2017-05-12 10:22:23
Эч нерсе айталбайм
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан