"90-60-90", "Тартылам сага", "Кызганба" деген ырлардын аткаруучусу Сема учурда сахнадан көрүнбөй кетти. "Кайда, эмне менен алектенип жатат?" деген суроолоруңуздун жообун төмөндөн аласыз.
– Сема, салам. Сени акыркы убакытта сахнадан көрбөй калдык?..
– Кандайсыңар? Сахнадан алыстаганымдын себеби бизнеске оогонум болду. Шоу-бизнеске 2004-жылдан тарта аралашып, жалпысынан 7-8 жыл жүрдүм. Анын 5-6 жылында катуу иштедим, тынбай жаңы ырларды жаздырдым. Анан чыгармачылыгым бир аз солгундай баштаганда бизнеске өтүп кеттим. Чынында, чыгармачыл адамдар бул чөйрөдөн таптакыр кетип калышпаса керек деп ойлойм. Анткени баары бир жан дүйнөсү ырды каалап турса, эргүү келип жатса, кантип таштап кетет? Ошондуктан мен дагы кээде өзүм үчүн, досторум үчүн ыр жаздырып калам. Концерттерге катышып, жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырбасам да, тойлордо ырдап калам.
– Бизнестин кайсы түрү менен алектенип жатасың?
– Кийим тигүүчү цех иштетем. "Sеmа Collection" деген аталыш менен этикеткаларды чаптап, чет өлкөгө жиберебиз. Күнүнө 1000 даананын тегерегинде тигилип, Орусияга, Казакстанга, кээде Европага жиберилет. Эс тарткандан берки кыялым жеке ишкер болуу эле. Буюрса, кыялым орундалды. Ырчылык башынан эле хоббим. Апам аккордеон ойнойт, атам комуз чертет, инилерим жакшы ырдайт. Ал талант мени да тынч койгон жок, өзүмдү ырчы катары сынап көрдүм. Ал жагынан да ийгилик жарата алдым.
– Жеңил өнөр жай тармагына кандайча кызыгып калдың?
– Ырчылыгымдын аркасы менен чет жерге көп чыктым. Ал жакка салыштырмалуу биздин жашоо деңгээл төмөнүрөөк экен. Ошондон улам ырчылык менен бардар жашоого жетишүү кыйынга турат окшойт, балдарымды да бутуна тургузайын деп жеке ишкерликке өтүп кеттим.
– Анан өзүң каалагандай жашоого жетиштиңби?
– Кудайга шүгүр, бизнестин аркасы менен көп нерсеге жетиштим. Буларды алдым деп манжа менен санагым келбейт, бирок өзүм каалаган жашоонун эшигин ачтым десем туура болот.
– Ырчы болуп жүргөн кезиң менен азыркы учурдун эмне айырмасы бар?
– Ырчынын оюн, жан дүйнөсүн бир гана чыгармачылык ээлеп, ошону гана ойлошу керек. Ырдап жүргөндө акчаны, валютанын курсун ойлочу да, карачу да эмесмин. Жеке ишкерликке өткөндөн бери акча эсептегенге, курсту улам караганга өтүп алдым. Дагы бир айырма – сахнада жүргөндө жалаң чыгармачыл адамдар менен иштешип, баарлашсам, азыр карапайым калк менен көп жолугушам. Чыгармачыл адамдар менен тойлордо көрүшүп калдым. Мага эң чоң шык берген – бул калың журтум десем болот. Кайсы жерде, кандай шартта болбосун мени таанып, сый-урмат менен кабыл алышат. "Сема байке, сиздин чыгармаларыңызды жакшы көрчү элек, ырдап чыкпайсызбы? Биз сизди сагындык. Силердин ырларыңар ошол кезде сапаттуу, уккулуктуу болчу. Стилиңер да жакшы эле. Биз сизди күтөбүз" деген сөздөрдү байма-бай угуп турам. Бул сөздөр кадимкидей жакшы маанай тартуулайт.
– Балдарыңдын улуусу канчага чыкты?
– Балдарым чоңоюп калышты. Кызым Аяна №12 гимназияда 5-класста, балам Байэл кыргыз-түрк лицейинде 3-класста окуйт. Кенжетайым Элхан бала бакчага барат. Балдарым каникул сайын "чоң ата, чоң энебизге барабыз" деп жөнөп калышат. Алардын да тарбиясын көргөндүктөнбү, үчөө тең бышык, ыймандуу, боорукер.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg