40 ЖЫЛДЫК ИЗДЕНҮҮНҮН ЖЕМИШИ
Бишкек жана Ош шаарларында жашоочулар көбөйүп, ага жараша автоунаалардын саны да кескин өсүп жаткан мезгил. Албетте, бул шаар ичинде жол тыгынын жаратса, бир тараптан транспорттун көптүгүнөн аба булганып, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жер астынан жүрүүчү метролор бар экендиги белгилүү. Бул багытта конструкторлор асман жолу (SkyWay) транспорт системин коомчулукка сунуштап, ал арзан жана ишенимдүү боло аларын көрсөтүп жатышкан убагы. Бул идеянын автору 68 жаштагы Беларусь инженери Анатолий Юницкий болуп, 1977-жылы аталган транспорттун үстүндө иштей баштаган. 40 жылдык изденүүсүнүн жыйынтыгында Юницкий 2002-жылы гана алгачкы асман жолунда жүрүүчү жаңы унааларын текшерип көрө баштаган. Аталган жаңылыкты инженерлер "XXI кылымдын транспорту" деп аташкан. Юницкийдин идеясын серепчилер 400 миллиард долларга баалаган.
ТРАНСПОРТТУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Асман жолу транспорттук системинин унаалары темир жолдун үстү менен (метро сыяктуу) жана жолго асылган абалда каттамдарды уюштурат. Ошондой эле коопсуздугу, экологияга зыян тийгизбегени, арзандыгы, ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы менен башкалардан айырмаланат. Мунун эң чоң жетишкендиги катары транспорттун коопсуздугун баса белгилешет. Ал 10 метрлик суунун астында да коопсуз болуп, 10 баллдык жер титирөөгө да туруштук берет. Мындан сырткары катуу шамал коркунучу да эске алынган.
АСМАН ЖОЛУ ДҮЙНӨНҮ КАПТАЙБЫ?
Серепчилер "аталган транспорт дүйнө жүзүнүн ири шаарларынын жол тыгын маселесин чечет" деп белгилешет. Юницкий түптөгөн компания "SkyWay" деп аталып, ири долбоорлордун үстүнөн иштеп баштады. Алсак, заманбап транспорт үчүн Минск шаарында атайын даярдыктарды, изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн "ЭкоТехноПарк" курулган. 2003-жылдан 2016-жылга чейин БАЭ, Кытай, Сауд Арабиясы, Индонезия, Улуу Британия, Ирландия, Австралия жана башка өлкөлөрдө долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. Аталган өлкөлөрдө транспорт системинин курулуш иштери 2017-жылы башталат. Ошондой эле Индиянын тоолуу аймактарына заманбап транспорт каттамын куруу иштери башталары күтүлүүдө. Асман жолу транспорттук линиясын куруу үчүн болжол менен 1 чакырымына эң жогорку баасы 6 миллион долларга чейин сарпталат.
ТРАНСПОРТТУН 3 ТҮРҮ:
1 Шаар аралык тез жүрүүчү транспортко 500 адамга чейин же 100 тоннага чейин жүк салса болот. Ылдамдыгы саатына 500 чакырымга жетет. Ар бир каттамдын аралыгы 10 миң чакырым болууга тийиш. Тез ылдамдыктагы аталган транспорт район, шаар, мамлекет аралык жүргүзүлүүсү мүмкүн. Бул транспорт кызматы тез ылдамдыкта жүрүүчү темир жол транспортунан 5 эсе арзанга түшөт.
2 Шаар ичинде жүрүүчү транспорт 100 адамга чейин тейлеп, 10 тонна жүк салса болот. Каттамдардын аралыгы 200 чакырымга барабар. Бул каттам шаар ичинде, аэропортко чейин жана жакын жайгашкан шаарларга кызмат кыла алат. Бул саатына 150 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Мунун баасы метролордон 2 эсе, трамвайлардан 3 эсе арзан.
3 Жүк ташуучу транспорту 20 миң тоннага ылайыкташтырылган. Каттамдардын аралыгы 10 миң чакырымга чейин жетет. Ал эми ылдамдыгы саатына 120 чакырым. Бул транспорт өнөр жай, суюктук, жеке жана атайын жүктөр үчүн ылайыкташтырылган.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg