СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бактияр, өйдө болуп дарбыздан кертип алды да, мага жегизди.
– Жаным, сен жешиң керек, эгиздерге витамин болот.
– Төрөлбөгөндөн кийин аларга витаминдин кереги эмне?!
Ал менден көзүн ала качып, асманга тигилди.
– Карачы, жылдыздардын көптүгүн. Бул Жетиген, а бул Үркөр жылдыз,- деп мени кыжалат ойдон алаксыта баштады. Тээ батыш тарапка тигилип, өзүмдүн жылдызымды издедим. Эртең менен бардык жылдыздар көк бетинен өчкөндө да ал өчпөй, асманда жалгыз калчу. Анын Чолпон жылдыз экенин кийин билдим.
Ошентип, “төрт күндөн кийин шаарга барам, болгон маселени ошондо сүйлөшөлү” деген Бактияр мени узатып кала берди. Ар кандай ойлорго малынган бойдон кайра шаарга жол тарттым. Жол ката ойлордон башым чыңалып, үйгө кирерим менен төшөккө боюмду таштадым. Чекем ысып, тердеп, дене-боюм шалдырап чыкты. Түнү бою алдастап, жадакалса суу таап ууртаганга дарманым келбей, айлам кетти. Таңга жуук гана көзүм илинип, түш ченде ойгондум. Дене табымдын көтөрүлгөнү таркабады. Түшкө жакын кан кете баштады. Ичимдеги түйүлдүк мага да, өзүнүн төрөлүшүнө каршы болгон Бактиярга да таарынып, жарыктыкка келгиси келбей кете бергенсиди. Аны сактап калуунун далалатын кылып жан талашканым менен, колумдан эч нерсе келбеди. Жадакалса “Тез жардам” чакырууга шайым жок онтоп, оор абалда элем. Ошол учурда менин жердешим, көңүлүндө кири жок Нурай эже келип калды. Ал экөөбүз бир айылдан болгондуктан, бир туугандай жакын, сырдаш элек. Абалымды көрүп катуу чочуп, “Тез жардам” чакырды.
Мени бир оорукананын гинекология бөлүмүнө жеткиришти. Түйүлдүк козголуп, катуу соккудан улам жатынга жармашып калганын, аны операция жолу менен тазалоо керектигин айтышты. Мен Бактиярдан жеген тепкини жашырып, «тепкичтен жыгылып түштүм» деп калп айтып, тазалоого макулдугумду бердим. Сайылган ийнеден улам уктап кеткен бойдон кечке жуук ойгондум. Көзүмдү ачсам, жанымда врач отуруптур. Болуп өткөн окуяларды эсиме түшүрүп, карегимден жаш сызыла берди.
– Капа болбо, али жашсың. Убагында келбесең, өмүрүңө коркунуч туулмак.
– Эже, мен дагы төрөй аламбы?
– Кудайдан, жакшылыктан үмүтүңдү үзбө. Биз колубуздан келген аракетибизди кылдык. Өкү­нүчтүүсү – ичиңдеги эгиз экен.
– Эгиз?!
Мен уккан кулагыма ишенбей, дендароо болуп кайра сурадым.
– Эмне дедиңиз?
– Эгиз экени билинип калган экен.
– Эгиз!
Жүрөгүм кысылып, муунуп бараттым. Кудай биздин аруу тилегибизди бергени менен, биз өзүбүз тилеген эгиздерди сактай албай калдык. Кудай эми мындай ниетибизди орундатпаса керек. Алардын убалы кимге? Катачылыгыма, азабыма, кордукка, деги койчу, бардыгына чыдай албай кеттим.
Баарынан да жанымды ачыштырганы – менин мындан кийин төрөр же төрөбөстүгүмдүн арсар болушу эле. Өзүмдү керексиз адамдай сезип суу куюлган шишени сындырып, колдорумдун тамырларын кырча-кырча кескилеп жаттым. Ызадан туттугуп, жанымдын ооруганын да сезбедим. Тескерисинче, этим тыз-тыз этип ачышкан сайын рахаттанып, алтургай каткырып күлүп, жинди болуп кеткенсидим. Азыр жанымда болсо Бактиярды, биздин тилегибизге бут тоскон адамдардын баарын бырчалап салар белем. Ушинтсем гана туулбай туна чөккөн эгиздеримдин кегин ала турганымдай сезилди. Анан эс-учумдан танып, жыгылып баратканым эсимде.
Эсиме келип көзүмдү ачсам, эки колум таңылып, башым ак мата менен катуу байланып керебетте жатыптырмын. Мээрман айым мени эки күндөн бери реанимация бөлүмүндө экенимди билдирди. Кечке жуук жерге караңгы түшкөн учурда абалымдын оордугуна карабай, эч кимге айтпастан эле кетип калдым. Эртеси айлыгымды алып, Нурай эже тиешелүү акчаны ооруканага төгүп келди. Врач кайра ооруканага келүүмдү талап кылыптыр. Сыягы ал өзүнүн жоопкерчилигинен корксо керек. Мен Нурай эжеден алдын ала «айылга кетип калды» деп айтып коюшун суранган элем.
Жаман абалга туш келгенимди элден жашырып, сыр бербей жүрдүм. “Тигиндей-мындай болуптур го...” деп айткандарга жылмайып, жөн гана ушак экенин айтып жаттым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
italia
2010-04-20 18:39:12
Эркектер аман болгула,ушу силерге кор болгон аялзаты. Байкуш кыздын турмуш оор екен.
0
Simpotka
2010-04-21 12:36:41
Журокту сыздатуучу окуя болуптур..байкуш Малика!! Жок дегенде эгиздерди тороп алса болот болчу
0
Лиана
2010-04-22 14:29:36
ай байкуш ай байкуш
0
KG Kang KIM
2010-05-18 22:17:29
чынында биз эркектердин колубуздан ушул кана келет мындайдан кудай сактасын....
0
№ 389, 16-22-апрель, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан