БЫЛТЫРКЫДАЙ ТҮШҮМ БОЛБОЙ КАЛБАШЫ ҮЧҮН ПОМИДОР КҮБӨСҮ МЕНЕН КҮРӨШҮҢҮЗ

Помидордун Кыргыз жеринде кандай сорттору бар, алардын кайсынысы көп түшүм берет жана помидордун көп таралган зыянкечтерин кантип жок кылууга болот? Бул жаатта адистердин кеңешин беребиз.

"ПОМИДОРДУН НЕГИЗГИ 2 ЗЫЯНКЕЧИ БАР"

Эркинбек уулу Байымбет, Мамлекеттик химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:
– 2016-жылы Бишкекте помидорлорду помидор күбөлөрү жеп койгондуктан, аталган жашылча Орусиядан ташып келинип, баасы абдан көтөрүлгөн эле. Томат күбөсү (тuta absoluta) тууралуу айтсак, ал кабырчык канаттуу көпөлөктөрдүн түрүнө кирет. Алгач 1917-жылы Перуда табылгандыктан Түштүк Америка күбөсү атка конгон. Денесинин узундугу – 6-7 миллиметр.
Ал акырындап дүйнөгө тараган. Кыргызстанга 2016-жылы массалык түрдө тарап кеткен.
Помидорлорго көпөлөктүн өзү эмес, алардын личинкалары зыян келтирет. Личинкалар помидордун мөмөсүн жеп, тешип жиберет. Ал гана эмес сабагын, гүлүн, жалбырагын да жейт. Жалбырактардын бетин жегендиктен, ал жеген жерлерде ак тактар калат. Ургаачылары күнөсканада 1 жылда 12, ал эми табиятта 4 ирет жумурткалайт. Ар жолкуда 300гө чейин жумуртка таштайт. Помидор күбөлөрүн жок кылуу үчүн бир топ ыкмалар бар.

Агротехникалык ыкма

1) Феромондук тузак. Быйыл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөнүн кайсы аймагында томат күбөсүнүн очогу жаралса, ошол аймактарга аталган тузакты колдоно турган болду. Феромондук тузак өсүмдүктөрдүн, анын ичинде помидордун зыянкеч курт-кумурскаларына каршы күрөшүүдө колдонулат. Түбү желимдүү (клей) тузактын ичине синтезделген жыныстык феромондуу капсула жайгаштырылат. Капсуладагы жыт эркек көпөлөктөрдү чакыргандыктан, алар желимге жабышып калышат. 1 гектар жерге андай тузактан 40-50 даана керектелет. Зыянкечти жок кылуу кепилдиги – 30 пайыз. Муну кээ бир фермерлер буюртма менен алдырышса, сатыкка чанда гана бирөө алып келиши мүмкүн.

2) Ультрафиолет лампалуу тузак.
Бул электр заряды менен иштегендиктен, күнөсканалар үчүн ылайыктуу. Кепилдик – 40 пайыз.

3) Орун которуштуруп айдоо
, күнөсканаларды убак-убагы менен желдетүү жана кире беришке чиркейге каршы торчо (антимоскитная сетка) орнотуу.
Айта кетчү нерсе, картошка менен помидордун зыянкечтери бирдей, ошондуктан картошка менен помидорду катар отургузбай, ортого көк чөптөрдү (укроп, петрушка, сельдерей жана башка) тигүү керек. Помидор күбөсү менен күрөшүүдө чымындарды жок кылууда колдонуучу желимдүү кагаздарды да пайдаланууга болот.

Биологиялык ыкма

Трихограмманы (чымын) колдонуу. Муну Новопавловкадагы биоборбордо багып, көбөйтүп, элге сатышат. Чымындар томат күбөсүнүн жумурткасын жеп жок кылат. 1 гектарга 1-1,5 килограммын коё берүү керек. Кепилдик – 50 пайыз.

Химиялык инсектициддер

Буларга саррендер ВРП, пикет ВАГ, бекчи ВРГ, гарант ВДГ, А-проклейм ВРГ кирет. 1 гектарга 0,3-0,4 литрин 200-300 литр сууга кошуп чачуу керек.
Ал эми А-проклейм ВДГ затын 1 гектарга 0,2-0,4 литр, корагенден 1 гектарга 1,5-2 литрге чейин 200-300 литр сууга кошуп чачуу кажет. Аталгандар өсүмдүктөрдө көпкө чейин кармалып, таасири жакшы болот. Кепилдик – 80 пайыз.

"ПОМИДОРДУН ДАГЫ БИР ЗЫЯНКЕЧИ – КОЛОРАДО КОҢУЗУ"

Муну жок кылуу ыкмалары төмөнкүлөр:

  • Агротехникалык ыкма. Феромондук тузак колдонулат.
  • Химиялык инсектициддер.

1 гектар жерге моспилон (упа түрүндө) каражатынын 0,2-0,3 литрин, каратэ (суюк түрүндө) каражатынын 0,1 литрин, нурелл-Д каражатынын 1-1,5 литрин, фостактын 0,3 литрин 200-300 литр сууга кошуп чачат. Кепилдик – 80 пайыз.

"БИЗДЕ ПОМИДОРДУН 50ГӨ ЖАКЫН СОРТУ БАР"

Кызайым Эргешова, Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты:
– Кыргызстанда помидордун 50гө жакын түрү бар, бирок элге 39 сорту жакшы таанымал. Алардын ичинен көп колдонулган айрымдары таблицада берилди.
Помидордун көчөтүн жердин жылуулугу 10 градус болгондо отургузуу кажет. Жакшы өсүүсү үчүн калий, магний менен азыктандыруу оң. Азотту жерге отургузуп жатканда берсе жакшы. Кыкты күйгүзүп азот ордуна колдонуу да сунушталат.



Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан