БИР БҮРКҮМ

  • Оштун Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында 3-майдагы ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН таш кулап, 110 койду басып калды. Ошондой эле райондогу 65 турак үй авариялык абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

  • Жалал-Абад шаарында 30-апрель күнү кош бойлуу аял АЖАТКАНАДА көз жарган. Ымыркай даараткананын ичине түшүп кетип, чарчап калган. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

  • Орусия Кыргыз өлкөсүнүн 240 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карызын кечти. Аталган жарлыкка Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон.

  • 3-майда Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев "жыйында УКТАП КАЛДЫ" деп сынга алынды. Аткаминер "уктаган эмесмин, ойлонуп жаткам" дейт.

  • Бишкек шаарында жылытуу системин текшерүүдөн өткөзүү максатында 22-майдан 22-июнга чейин ЫСЫК СУУ өчүрүлөт. Аталган буйрукка калаа башчысы Албек Ибраимов кол койду.

  • Ошто патрулдук милициянын кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы АЛТЫНАЙ ЖАЙНАКОВА 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Чечимди Ош облустук соту 27-апрелде чыгарган.

  • Бишкекте БАЛА БАКЧАГА кирүү үчүн 5071 бала кезекте турат. Жалпысынан калаа балдарын 84 бала бакча тейлөөдө. Толук камсыздоо үчүн дагы 27 бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

  • Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ өзүнүн жана кызматкерлеринин айлык маянасынын көлөмүн "коммерциялык сыр" деп, депутаттарга айтуудан баш тартты.

  • Кыргыз мамлекетинин калкынын 4,1 пайызы ДЕПРЕССИЯДАН жабыркайт. Акыркы 8 жылдын ичинде республика аймагындагы эркектердин суицидге баруусу 2 эсе өскөн. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

  • Өлкөдө шайлоо учурунда ҮГҮТ ИШТЕРИ үчүн тоо боорлоруна чакырыктарды жазып, пайдаланууга тыюу салынышы мүмкүн. Аталган сунуш парламенттик угуу учурунда берилген.

  • Багып алган ата-энесин ӨЛТҮРГӨН 22 жаштагы Оштун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну райондук сот тарабынан 19-апрелде өмүр бою эркинен ажыратылды. Аталган билдирүүнү Ош облустук сотунан кабарлашты.

  • Жалал-Абад шаарынын мэри САЛАЙДИН АВАЗОВ шаардык кеңеш үчүн болуучу шайлоого аттануу максатында кызматтан бошоо тууралуу арыз жазды. Ал 2014-жылдан тарта аталган шаарды жетектеп келген.

  • АЙГҮЛ ГҮЛҮН үзгөн Динара Калбекова аттуу кызды Баткен районунун прокуратурасы издөөдө. Ага кылмыш иши козголуп, айып пул салынышы мүмкүн.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан