«Бири кем дүйнө» демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан- дүйнөсүн сокур кылып коёт тура. Кеп жайкысын ЦУМдун, кышкысын филармониянын жанындагы жер алдындагы өткөөлдөрдө буту менен сүрөт тартып келаткан, тагдыры тайкы болсо да талантка бай, жандүйнөсү аруу Төлөн байке жөнүндө болмокчу. Аны аталган жерден учуратып, көбүнчө алыстан кайдыгер карап өтсөңүз керек. Бирок, ал кишинин да өз тагдыры, арманы, келечекке деген аруу тилеги бар экендигин, убагында үйбүлөсү болгонун, азыр уулу он алты жашта экендигин билбесеңиз керек.
ЫЗГААРЫ КЫШТЫН ЫЗАЛАП МЕНИ БАРАТАТ...
Тууганга көп ый, душманга күлкү, той кыла,
Тагдыр, сен бүтпөс түйшүктү арттың мойнума.
Келет, эх, кээде кайрадан баштан төрөлгүм,
Бир жылуу сезим жетпесе түтөп койнума...
Төлөн байкени көргөн сайын ушул ыр саптар жандүйнөмдө кайталанчу. Бала сымал баарына жылмаюу менен, ишеним менен караган бул кишинин жүрөгү ушинтип согуп жаткандай туюлаар эле. Сулуу кыздардын сүрөтүн буту менен эргий тартып жатканын көрүп, анын сүйүүсүн, үйбүлөсүн, жеке жашоосун билгим келчү. Бул ирет да аны филармониянын алдындагы жер алдынан өтүүчү жолдон кезиктирдим. Өзүн тегеректеген жаш балдарга жылмая карап, кудуңдай сүрөт тартып жатыптыр. Муң чалган көздөрүнөн балдарга болгон сүйүүсү, мээрими төгүлүп тургансыды.
– Төлөн байке, сиз менен маектешсем болобу?- дедим жанына басып барып.
– Болот.
– Кышында үшүгөн жоксузбу?
– Катуу суук болсо үшүйм.
– ЦУМдун алдынан эмнеге бул жакка келдиңиз?
– Ал жер азыр суук, ичинде орун жок. Бул жер жылуу.
– Кайда жашайсыз?
– Көкжарда иним менен квартирада турам.
– Аялыңыз барбы?
– Ал каза болгон.
Кекечтенип сүйлөгөндүктөн, ушул суроолорго бүткөн бою жыйрыла, кыйналып жатып араң жооп берди. Бөөдө кыйнабай, калган тагдырын үйүнө чогуу барып, инисинен угууну чечтим. Буга Төлөн байке да каршы болбостон сүрөттөрүн жыйнай баштады. Алгач буту менен магнитофонун өчүрүп, анан буту менен чемоданын ачып, ага ар бир буюмун ирээттеп, кылдаттык менен салып жатты. «Кээ бир эки колу соолор да мынчалык тыкан болбостур» деп таңыркап турдум ичимден.
Биз машинага отурганда радиодон белгилүү ырчы: «Ызгаары кыштын ызалап мени баратат, кайдасың жазым, кайдасың менин сүйгөнүм?» деп ырдап жатты. Төлөн байке экөөбүз тунжурай угуп бараттык.
АТАМДАЙ СҮРӨТЧҮ БОЛСОМ ДЕП...
Белгилүү кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» аттуу тасмасын көрсөңүз керек. Ошондо башына чоң кара шляпа кийген, аракка жакын интеллигент бар. Баягы үч алкаш жер айдоону көрүп ыйлап жатканда ары жакта мурчуюп бир мурутчан киши турат го, эстедиңизби? Эмесе, ошол киши – Төлөн байкенин атасы Мукаш Жумагулов.
Мукаш аба Сүймөнкул Чокморов менен бирге окуп, таланттуу сүрөтчү, сатирик жана актёр катары элибизге белгилүү. Куудул Күмөндөр Абыловго да көптөгөн сатираларды жазып берген.
Айтор, Төлөн байке ушундай таланттуу үйбүлөдө 1968-жылы 8-февралда жарыкка келген. Кичи мекени – Кочкор районунун Чолпон айылы. Тун наристеси уул болгонуна Мукаш аба жубайы экөө катуу сүйүнүшөт. Азан чакыртып, ысымын Төлөн коюшат. Уулу эки-үч айлык болгонго чейин буттарын гана тыбыратып, бирок колдорун кыймылдата албай көп ыйлачу болот. Чочулаган ата-эне врачтарга алып барса, алар: «Уулуңар тубаса оорулуу экен, көпкө жашабайт. Андан көрө бөөдө кыйнабай атайын укол сайып, биротоло уктатып коёлу» дешет. Балканактай тирүү уулун кайсы таш боор ажалга кыймак эле?! Анын сыңарындай, Мукаш аба да врачтардын сунушуна караманча каршы болот. «Тунум болсо, анын үстүнө уул болсо, тирүү турганымда эч кимге кор кылбайм. Көрөсүңөр, өз ажалы жетпесе, сөзсүз адам болот» деп уулун бооруна кысат ата.
Ошентип, күн артынан күн чубап, убакыт билинбей өтө берет. Антсе да Төлөн 7 жашка чейин басууга жарабай, жамбашы менен жылып жүрүүгө аргасыз болот. Бир күнү апасы сырттан кирсе, уулу бут манжаларына кайчыны кыпчып, бир нерсе кесип отурган экен. Ооба, бул анын алгачкы аракети эле. Бара-бара колунун кыймылсыздыгын унуткарып, бардык нерсени буту менен жасоого үйрөнө баштайт.
«Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, Төлөн да кичинесинен атасынын тарткан сүрөттөрү менен чоңойду. Калемдин ар бир шилтеми көз карегин байлап, кооз боёктор анын ой-кыялын кайдадыр алып учаар эле. Анан өзү да атасы сымал сулуулукту, тазалыкты, аруулукту тарткысы келчү. «Атамдай чоң сүрөтчү болсом, ээ» дечү көөдөнүндөгү бир сезим. Антсе да кыймылсыз колдорунун калемди кармашы мүмкүн эмес эле.
Бир күнү кыялына бир ой келип, атасынан калем сурады. Алгач анчалык маани бербеген Мукаш аба тек гана уулунун назик көңүлүн оорутуп албайын деген таризде алдына калем менен кагаз сунган. Бутунун манжалары менен калемди кылдат кармаган Төлөн кыялындагы сулууну заматта кагазга түшүрө салды. Ооба, уулунун мындай таланты бар экенине атасы ишенип-ишенбей турган эле.
АЛГАЧКЫ БИЗНЕС
Көр тирилик үчүн алты саны соолор эмне деген ыпластыктарга барып жатышат? Күрөшсө күчкө, ичсе ашка тойбой турган айрым жигиттерибиз бирөөнүн оокатына кол салып, түрмөдө отурса, айрым кыздарыбыз жеңил ойлуулукка алдырып көчөдө жүрүшөт. Ошолорду көрүп Төлөн байкеге аргасыз ыраазы болосуң. 1-топтогу майып экенине, эки колу иштебегенине жана кекечтенип сүйлөгөнүнө карабай, өз маңдай тери менен сүрөт тартып, акча таап отурат. Таш боорлордун жүрөгүн жылытып, жалкоолорду эсине келтирип жаткандыр, балким.
Ооба, Төлөн байке жашынан эле мээнеткеч, издемчил, анан өжөр болуп өсүптүр. Айталы, анын айылда бизнес кылганы кызык.
Бир күнү башына бир акыл келип, коңшусунун чоң резинка өтүгүн «арендага» сурап алат. Акысына бир бөтөлкө арак бериптир. Анан ошол өтүктү кийип алып күндө кампага келет. Кампадагылар менен каткыра тамашалашып, үйүлгөн буудайды аралай басып, анан шашпай кетип калчу экен. Колунда көтөргөн баштыгы жок Төлөндөн кампачы эмнени шекшимек эле. Муну билген Төлөн байкебиз буудайды резинка өтүгүнүн кончуна толтуруп кетчү тура. Анан аны тааныш эжесинин үйүнө төгүп, айтор, төрт мүшөк буудай чогултат. Кайра-кайра кампага барса шекшип калаарын унутпаган киши эми башка бизнести пландайт.
Ошентип, баягы буудайларын сатат да, акчасына спирт алып, арак жасап чыгара баштайт. Үйүндө арак сатылбагандыктан ким билмек эле? Ошон үчүн Төлөн үч-төрт бөтөлкөнү койнуна салып, көчөдө турган «кызыл кекиртектердин» жанына барчу экен. Аларга бөтөлкөнү көрсөтүп, «үч күнгө карыз берем, болбосо казан-аягыңды, буудай-арпаңды баалап алам» деп шарт коёт. Тамагы кулкулдап тургандар дароо макул болуп бирди алышат. Төлөн жандарынан кетпей отура берет. Себеби, билет да, эркектерге бир бөтөлкө киргенден кийин, артынан экинчиси, үчүнчүсү уланаарын. Айтор, койнундагы бөтөлкөлөрдү сөзсүз түгөтүп кетчү. Төлөндүн сөзгө тактыгын билген айылдаштары башкага бербесе да, үч күндүн ичинде ага сөзсүз карызын беришчү экен.
КУДАЙ УУРУЛУГУМ ҮЧҮН КҮНӨӨМДҮ КЕЧИРЕБИ?
Жалгыздык адамды көп нерсеге түртөт. Өзүңдү өзүң таразалоого, Кудайды эстөөгө, акыреттик жашооңду ойлонууга мажбурлайт. Анын сыңарындай, Төлөн да көбүнчө кудайга катуу ишенээр эле. Бир күнү өзүнүн арак сатканына өзү ирээнжийт да, мечитке барып ак жолго түшкүсү келет. Күтүүсүз Төлөндүн кирип келгенин көргөн молдо да, мечиттегилер да катуу таңыркашыптыр.
– Ай, Төлөн, сага эмне болду?- деп сурайт айылдын имамы.
– Молдоке, Кудайдан кечирим сурасам кечиреби?
– Арактан алыс болуп, таза жүрсөң Кудай кечирет.
– Уурулук кылсам дагы кечиреби?
– Эмне уурулук кылдың эле, кокуй?
– Кырмандан өтүк менен буудай уурдагам,- дептир башын жерге салып.
– Ой, кечирет, кечирет. Чоңдор деле уурдап жатышпайбы,- деген мечиттегилер кыраан-каткы күлкүгө батса, экинчи жагынан рухунун тазалыгына баа беришкен экен.
Ошондо Төлөн денсоолугуна карабай Кудайдан кечирим сурап, эки жылы катары менен орозо кармаптыр.
БЕРЧИ МАГА ЖАРЫМ КАШЫК МУЗЫКА
Төлөн байке жашаган квартирага келген соң инилеринен жогорку таржымалын жана жоруктарын уктум. Эки бөлмөлүү чакан времянкада иниси, келини менен чогуу турат экен. Биз кирээрибиз менен Төлөн байке дароо буту-колун жууганга киришти.
– «Муслимдин атасы» аябай таза, тыкан киши,- деди келини суу куюп жатып. – Тамакты буту менен жерге бир тамчы түшүрбөй ичет. Чайды болсо түтүк менен ичет. Кокус төгүлүп кетсе, сөзсүз майлыкты алдырып аарчымайынча тынч албайт. Кээде биз үйдө жок болуп калсак, кийим-кечесин өзү жууп алат. Же коңшу-колоңду чакырат да, 50 сом төлөп башын жуудуруп алат. Жаш балдарды болсо жанынан артык көрөт. Баарыбыздын туулган күнүбүздү, майрамыбызды унутпай сөзсүз белек ала келет. Андан да жамандык, жакшылыктан такыр калбайт.
– ДВДини да, телевизорду да өзү коюп, өзү өчүрөт,- деп кошумчалады иниси. Өзгөчө, музыка дегенде ичкен ашын жерге коюп угат. Бизге тоскоол болбос үчүн кулагына “наушник” салып алат. Кээде түнү менен угуп жатып уктайт. Радио-магнитофонду буту менен заматта оңдоп коёт. Өзгөчө «Модерн Токинг» группасынын фанаты.
Буларды угуп, мен Төлөн байкенин өзүнө суроо узаттым:
– Төлөн байке, кайсы ырчыларды жакшы көрөсүз?
– Юрий Шатуновду, Диана Гурцкаяны.
– Кыргыздын ырчыларынанчы?
– Динара Акулованы, «Кыз Буракты».
– Кыздарды жакшы көрөт экенсиз да?
– Ооба,- деди жылмайып.
– Эмнеден коркосуз?
– Өлүмдөн.
ТАМ САЛЫП, ТАЛ САЙСАМ ДЕЙМ
– Кандайча Бишкекке келип иштеп калды?- деп сурадым инисинен.
– 2002-жылы Ысыккөлгө эс алганы барып, пансионатта сүрөт тарткандарга кызыгып калат. Алар кагаз, калем берип коюшса, отуруп алып буту менен сүрөт тартып кирет. Муну көргөн эс алуучулар акча таштай баштаптыр. Ушинтип акча тапса болоорун дароо акылына түйөт да, Бишкекке келип «сүрөт тартам» дей баштады. Алгач үйбүлөбүз менен каршы чыктык. «Баягылар бир тууганын карабай, көчөдө сүрөт тартып калыптыр» деген сөздөн корундук. Бирок, Төлөн өзүнүкүн бербеди. «Мен да өз алдымча акча таап, үйбүлө күтүшүм керек. Силерге көз каранды болбой, өз алдымча жашагым келет» деп көгөрүп туруп алды. Аргасыз макул болдук. Айтор, үч жылдан бери өзүнчө иштеп жатат. Эртең менен кадимкидей жумушуна жөнөп, кечинде келет. Отурган ордуна, светине төлөйт. Күн жылыганда ЦУМ жакта отуруп, кышкысын сууктан далдоо деп филармонияга чыгат. Кээде үшүйсүң деп жөнөтпөй койсок, көнүп калган неме качып болсо да кетип калат.
– Тапкан акчасын эмне кылат?
– Уулуна кийим-кече, китеп сатып берет. Жайкысын уулун көлгө алып барып эс алдырат.
– Демек, үйбүлөсү бар экен да?
– 1991-жылы үйлөнгөн. Жеңебиз Быстровкадагы жетим балдар үйүндө чоңойгон экен. Анан биздин айылдагы таанышына келип ар кимдин үйүндө жүрүп калгандыктан, ата-энем Төлөнгө алып беришкен. 1992-жылы Муслим аттуу уулдуу болушкан. Экөө үч жыл жашаган соң бир күнү жеңебиз сиңдисине кетип, ошол бойдон келбей койду. Кийин Төлөн эч кимге айтпай артынан издеп барат. Бирок, жеңебиз каза болуп калган болот. Уулун 2-класс болуп калганда таап келдик. Азыр чоң атасы менен Кочкордо турат. Быйыл 7-класс болуп калды.
Төлөндүн негизги тилеги, «үйлүү болуп, өз алдымча түтүн булатсам» дейт. Көз карандысыз жашоону жакшы көрөт. Азыр ага ылайыктуу жубай караштырып жатабыз.
АКЧАДАН ДА МЭЭРИМ АРТЫК
Кыргыздарда бир жаман адатыбыз бар. Бир мүчөсү кемтик адам көрсөк эле атабыз менен тең экенине карабай «сенсиреп» алабыз. Анын сыңарындай, өткөөл жолдон нары-бери өткөндөрдүн да көбү Төлөн байкеге «сен» деп кайрылышаарын байкадым. Ал киши кырктын кырына келип калганы менен иштери жок. Дагы бир таң калганым, кээ бир жаштар тиштеп алчудай айланып өткөнү болду. Ооба, бул да болсо адамдын тар түшүнүгүнөн деңизчи. Антсе да «Төлөн байкедей жандүйнөсү баёо адам чанда чыгаар» деп кошумчалагым келет. Ал кишиге сиздин таштаган бир-эки сомуңуздан да адамгерчилигиңиз, мээримиңиз зарыл экенин унутпасаңыз экен.
Манас Алымбаев