Боинг кырсыгы: ӨКМӨТ ЭЛДЕН ЧОГУЛГАН АКЧА КАНТИП БӨЛҮШТҮРҮЛГӨНҮ БОЮНЧА ОТЧЁТ БЕРБЕДИ

27-апрелде өкмөттүк комиссия "Манас" аэропортунун жанында жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачаларында болгон учак кырсыгынын жабырлануучуларына элден чогулган 102 миллион сомдон ашуун акчаны таратып берди. Анын ичинен
5 миллион сому моралдык колдоо катары айыл тургундарына бөлүнгөн. Ал эми кырсыктан кайтыш болгон адамдардын жакындарына киши башына 2 миллион сомдон берилгендиги айтылууда. Бирок өкмөт элден чындыгында канча акча жардам чогулгандыгын толук тизме менен ачыктабады жана жардам кантип бөлүнгөнү тууралуу элге отчёт бербеди. Нааразы болгон кээ бир жашоочулар бир да тыйын албай калышса, ал эми акча алган жашоочулардан комиссия "доом жок" деп жаздырып алганы тургундарды тынчсыздандырууда. Мындан улам алар эми башка жакка көчүрүү, компенсация алуу тилектери ишке ашуусуна көзү жетпей калганын айтышууда. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков "кол койдуруп жаткан документтер орус тилинде жазылгандыктан, көбү эмне тууралуу жазылганын түшүнгөн жок" дейт. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү жакындарын жоготкондорго турак жай алууга жетишерлик акча бөлүнгөнүн, ал эми айтылып жаткан 10-25 миң сом үй-жайы жана өздөрү эч кандай жаракат албагандарга берилсе, 70 миң сомдон өйдө акча үй, короо-жайы жабыркагандарга таркатылганын билдирди.
Бул акчаны моралдык, материалдык компенсация катары кабыл алууга болбойт, бул элден берилген гана жардам. Андыктан, нааразылардын билдирүүсүнө тоотпостук мамиле кылынбашы шарт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дача-СУ: Элден чогулган акча калыс бөлүнбөй жатабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан