ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО 15-ОКТЯБРДА ӨТҮШҮ МҮМКҮН

"Президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү керек". Мындай сунушту 2-майда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөн парламенттик угууда алып чыкты. Анын айтымында, эгер президенттик шайлоо 19-ноябрда өтсө, 2-тур Жаңы жыл майрамына туура келип калат. "15-октябрдан кийин 2-турга дагы, БШК 20 күнгө чейин жыйынтыктаганга да жана соттошсо, соттошконго да убакыт болот",- деди Өмүркулов. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо ноябрь айынын 3-жекшембисине, башкача айтканда, 19-ноябрга туура келерин айтты. "Шайлоого тиешелүү бардык кадамдар 1-декабрга чейин жасалып бүтсүн деген ойдон алыс болушубуз керек. Эгер мыйзамда белгиленген дата өзгөрсө, анда биз ошол мыйзам боюнча иштейбиз. Президенттин мөөнөтү узагыраак же кыскараак болушу мүмкүн. Президент 6 жылдык мөөнөткө шайланат",- деди төрайым. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов президент мыйзамга ылайык 6 жылдан ашык отурбашы керек экенин, ошого жараша шайлоо күнүн белгилөө керектигин эскертти. "Кээ бир эксперттердин логикасы менен президент жаңы президент келмейинче улам-улам бир шайлоону жокко чыгарып коюп кызматында отура береби? Бул деген баш аламандык да",- деди Шыкмаматов. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин маалыматына караганда, эгер 15-октябрда шайлоо өткөрүү демилгеси колдоо тапса, талапкерлерди каттоо 15-июндан башталышы керек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан