ШИШКЕБЕК ЖАСООДОГУ СЫРЛАР

Май майрамдары. Жаратылыш коюнуна чыгып, шишкебек бышыруунун кызып турган учуру. Эмне үчүн маринаддалган эт жөнөкөй этке караганда даамдуу болот? Шишкебекти эмне менен жеген туура, эмне сунушталбайт? Адистердин кеңешине кулак салыңыз.

ЭТТИ ТУУРА ТАНДАҢЫЗ

Жаңы союлган жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Мал союлгандан 3 сааттан кийин этти пайдалануу туура. Анткени эттин тарамыштары бул убакытта жазылып, кесүүгө жеңил болот. Шишкебекке малдын арткы сан эти, төш эти, кабыргалары, ич эттери жарайт.
Тооктун бардык породасынын эти шишкебекке жарай бербейт. Бройлер тоокторунун эти, канаттары ылайыктуу.

МАРИНАДДОО

Маринаддоого кошулган лимон, анар, ананас, киви ширелери кычкыл болгондуктан, эттеги микроорганизмдерди өлтүрөт жана этти жумшартып, сиңимдүүлүгүн арттырат. Маринадга пияз, сарымсак кошууну унутпаңыз. Булар антиоксиданттар болуп саналат.
Эмне үчүн маринаддалган эт даамдуу? Анткени маринаддоодо эттин курамындагы белоктор денатурация болуп, тактап айтканда, жылышат да, эркин аминокычкылдар пайда болуп, эттин даамын арттырат.
Этти сөзсүз түрдө айнек, сыр же чопо идишке маринаддоо туура. Алюминий идиштерге маринаддаган учурда ал эт жана башка заттар менен кычкылданып, эттин даамын бузат, ууландырышы да мүмкүн. Эттин кесими канчалык чоң болсо, ошончолук көпкө маринаддоо абзел. Балыкты 45 мүнөттөн ашык маринаддабаш керек.

КӨМҮР ЭМЕС, ОТУН ТАНДАҢЫЗ

Шишкебекти отундун чогуна бышыруу менен бензапирен затын азайта алабыз. Анткени бышырып жатканда эттин майы көмүрдүн чогуна тамганда бул уулуу зат эки эсе көбөйөт.
Ашпозчулардын айтымында, жыгач отундун табына бышкан шишкебек даамдуу болот. Жүзүмдүн жана сөксөөл отуну шишкебек бышырууга ылайыктуу. Мындан сырткары эмендин, мөмөлүү дарактардын отундарын колдонууга болот. Ийне жалбырактуу дарактардын отунунун табына бышкан шишкебек чайыр даамданып калат.

БЫШЫРУУ

Отун толук күйүп, кыпкызыл чок болгондо гана бышырууга киришүү туура. Эт шишке жабышып калбаш үчүн аны өсүмдүк майы менен майлоо шарт. Шишкебектин бышыруу мөөнөтү эттин түрүнө жана тилимдеринин көлөмүнө жараша 15-25 мүнөттө даяр болот. Шишкебекти бычактын учу менен ар жеринен тилгенде тунук, быша элегинен күлгүн түстөгү суюктук чыгат.

БУТЕРБРОД ЖЕБЕҢИЗ!

Шишкебек бышканча чыдамыңыз кетип бутерброд жеп албаңыз. Ал калориялуу. Андан көрө жашылчалардын өзүн же отко какталып бышканын каалашыңызча жесеңиз болот. Анткени этте холестерин көп болгондуктан, чокко кактап бышырган кезде дагы зыяндуулугу артат. Ал эми жашылчаларды бышырган кезде антиоксиданттар сакталат. Отко кабак, баклажан, помидор, болгар калемпирин, пиязды кактап бышырууга болот.

ШИШКЕБЕКТИН ГАРНИРИ

Шишкебекке гарнир катары жашылчалардан жасалган салат, тууралган пияз берсеңиз болот. Салаттарга майонез кошпогонуңуз оң. Анын ордуна өсүмдүк же зайтун майын кошсоңуз холестериндин көлөмүн азайткан болосуз.

ИЧИМДИК, СУУСУНДУКТАР

Шишкебек менен күчтүү спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт. Анткени ичимдик майлуу эт менен аралашкан кезде боорго күч келет. Ал эми жашылча, мөмө ширелери эттин батыраак сиңүүсүн шарттайт. Анан да кой этинен даярдалган шишкебекти жегенден кийин муздак суу ичүүгө болбойт. Себеби койдун майы бат тоңгондуктан, сиңиши кечеңдейт.

ШИШКЕБЕКТИ АРТЫНАН КУУБАҢЫЗ

Шишкебек – майрамдык тамак. Аны жумасына эки жолудан ашык жегенге болбойт. Башка учурда дымдалып же сууга кайнатылып бышкан эт сунушталат.

УЙ ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти – 1 килограмм
Пияз – 3-4 баш
Киви – 1 даана
Газдалган минералдык суу – 0,5 литр
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымалдар – мурч, калемпир, туз, зире

Даярдоо ыкмасы:

Эт 4-5 сантиметр өлчөмүндө, төрт чарчы түрүндө тууралат. Эми аны чуңкур идишке салабыз да, ага газдалган минералдык сууну куюп, туз, мурч, ачуу калемпир, зире, бир аз өсүмдүк майын, атайын шишкебекке арналган татымалдарды жана кивини кошобуз. 6-8 сааттан кийин эт бышырууга даяр болот.

КОЙ кабыргасынан ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Койдун кабыргасы
– 1 килограмм
Пияз – 3-4 баш
Лимон – 1 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымалдар – мурч, калемпир, туз, зире

Даярдоо ыкмасы:

Кой кабыргасын маринаддоо жана бышыруу уй эти сыяктуу эле. Кабырга узундугуна карата 2-3 бөлүккө бөлүнүп маринаддалат да, эттүү жеринен шишке тизилет.
Тамагыңыз даамдуу болсун!

ТООК ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сан эти – 2 килограмм
Пияз – 4 баш
Апельсин – 1 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Газдалган минералдык суу – 0,5 литр
Татымалдар – туз, мурч, калемпир, кориандр

Даярдоо ыкмасы:

Тооктун таза жуулган сан этин чуңкур идишке салып, үстүнө өсүмдүк майын, газдалган минералдык сууну, калемпир, туз, мурч, апельсиндин ширесин, чоң-чоң тууралган пиязды салып аралаштырып алабыз. 2-5 саатка чейин маринаддап, шишке тизип бышыра беребиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-05-08 11:44:08
Мммм шишкебек...Канча жолу маринаддайм,такыр окшобой койду,малдын эти.Тооктун этин жайлайм а так.
+2
beleka
2017-05-08 22:57:21
_Эх окуп алып жегим келип кети_
+2
Kroxa
2017-05-10 16:32:38
Москвада шашлыкты майрам сайын жасап жейбиз маринаддап дайындап алып....
0
zarem.a
2017-05-10 18:02:42
Эх именно бүгүн шашлык жасайлы дедик эле москвада погода өлтүрдү да
0
Doni99
2017-05-11 09:23:03
Kursak achyp turganda
0
umarbek97
2017-05-13 00:35:20
5
-1
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан